Алмазбек Сүйүнбеков:
Атам менен жашабайм, бирок кинодо атам да катышат
КРнын премьер-министри Өмүрбек Бабанов бир жума мурун бардык министрлерди "Манас" кинотеатрында болгон "Алмаз" аттуу документалдуу фильмге чакырган эле. Андагы Алмаздын образын чагылдырган каарманга кызыкдар болгон адамдардын саны арбын. Ошол кинодогу башкы кейипкер Алмаздын жеке турмушу, жашоодогу образына журулушуп, аны менен кыштын ызгаар суугуна карбай, ачык асман алдында Эркиндик гүлбагындагы олтургучтардын биринде маектештик.

- "Алмаз" деген документалдуу киного тартылган экенсиң. Ал жактагы каармандын образы чыныгы жашоону сүрөттөйт. Бул сенин турмушуңдан алынганбы?
- Бул кинону тартабыз деп пландаган эмеспиз. Мамлекеттик эмес "Балдарды коргоо" уюмунда волонтёр болуп иштеп жүрчүмүн. Жашоо, турмуш, укук ар кандай темада көчө балдарына сабак берчүмүн. Анан 2009-жылы "Балдар борбору" уюмунун Голландиядагы уюштуруучулары "Өзүңөрдүн волонтеруңарды жөнөткүлө, биргеликте долбоорго катыштырабыз" деп айтышкан. Биз алар менен маданий тармакта тажрыйба алмашып, таанышуу максат болчу. Ал эми "ИКО" деген эл аралык донор уюштуруучусунун координатору Элнура Осмоналива деген эже бизди Голландияга алып кетээрдин алдында, англисче кандай сүйлөөрүбүздү текшерип, англис тилинде баарлашып, интерьвю алган. Менин өмүр баяным тууралуу да маалымат сураган. Ошентип, Голландияга кетээрдин алдында биринчи ал жактан он студент келип, биздин он кыргыз балдардын үйүндө жашап, кандай жашашат, ошолорду бүт көрүшмөк. Алар биздин маданиятыбыз менен таанышып чыкмак. Күзүндө биз алардын үйүнө барып, ал жактагылардын жашоо деңгээлин, жашоо шартын көрмөк болчубуз. Бул эки өлкөнүн ортосундагы келишим. Элнура эже мурун кино тартайын деп жүргөн экен. Балким, ошондо менин өмүр баяным жагып калган окшойт. Балким, тагдырбы, билбейм. Элнура эженин режиссёр экенин билген эмесмин. Голландияга кетээрдин алдында: "Алмаз, мен кино тартканы жатам. Сенин жашооңдун тарыхы кинонун сюжетине абдан ылайыктуу экен. Сен кандай ойлойсуң, биргеликте иштешпейлиби?" деп айткан. Мен ойлонбой эле макул болдум. Биринчи таң калгам. Эч нерсеге жетишпесем, мен кантип башкаларга үлгү боло алам деп ойлодум. Ошентип, жазында эле менин өмүр баяным камтылган документалдуу кино тартыла баштады. Калган бөлүгүндө Голландияга барганым сүрөттөлсө, дагы бир бөлүгүн ал жактан келгенден кийин тарттык. "Алмаз" киносу 2009-2011-жылдар аралыгында тартылды.
2011-жылы ден соолугума байланыштуу социалдык тармакта өзүм пассивдүү боло баштадым. Мурун балдарды коргоо уюумунда иштеп жүрдүм. Райондорго барып, СПИДге каршы сабактарды өттүм. Тилекке каршы, азыр ал жактарга бара албай калдым.
- Кинону кимдер каржылады?
- Менин билишимче кино тартылсын деп эч ким акча бөлүп берген жок. Режиссёр Элнура Осмоналива өзүнүн каражаты, өзүнүн күчү менен эле тартты.
- Бабанов Өмүрбек Токтогулович менен кантип таанышып калдың?
- 2011-жылы декабрда "Алмаз"киносунун ачылышында өкмөттөн адамдар конок катары катышып кетсин деп чакырылган. Ошондо Бабанов Өмүрбек Токтогулович жана башка өкмөт мүчөлөрү да келип катышып кетишкен. Ошол мезгилде ооруп жүргөм. Ден соолугум начарлап, бейтапканага жатканга туура келди. Канымдагы гемоглобин заты элүүгө түшүп, көтөрүлбөй койду. Өмүрбек Токтогуловичтин жубайы Рита эже бизге келип, кандай дары-дармек керек болсо ошону алып берип, каржылап жатты. Мага керектүү дарылар Бишкекте жок болгонуна байланыштуу Европанын кайсы бир мамлекетине буйрутма беришке туура келди. Булардын бардыгына Рита эже, режиссёр Элнура жана Дамира эжелердин жардамы чоң болду. Ал дарылардын бир-эки тамчысы эле канча бир доллар турат. Ошону көп өлчөмдө алып жатып, акыры айыктым.
- Дарыгерлер кандай диагноз чыгарышты?
- Медициналык сөздөрүн унутуп калдым. Бирок, жалпылап айтканда, "анемия" деген диагноз коюшту.
- Сенин киноңду көргөндөн кийин Өмүрбек Бабанов жардам бере баштаган турбайбы?
- Ооба. Ал киши менин өмүрүмдү сактап калууга колунан келген жардамын аяган жок. Кинону көргөндө ал менин өмүр баяным менен да таанышкан.
- Кинодогу каармандар кимдер?
- Ал жерде мен жана менин үй бүлөм, жеке жашоом сүрөттөлгөн. Менин жашоомдо мени курчап турган адамдар. Атам менен чогуу жашабайм. Бирок, кинодо атам да бар болуп катышат. Атамдын Нарында өзүнүн башка үй бүлөсү бар. Кээде жолугуп, катышып турабыз. Кинодо менин байкем, эжем, бөбөгүм дагы бар. Аты айтып тургандай эле, бул кино документалдуу. Кинодо кандай жашасам, жеке жашоодо да ошондой жашайм. Тартылып жатканда, камера өзүңдү ээрчип жүрөт. "Бул эпизод болбой калды" деп, эч кандай ролду кайрадан кайталап аткарбайсың. Көрүнбөгөн эле камера артыңдан ээрчип жүрө берет.
- Ата-энеңдин ажырашып кеткенине канча жыл болуп калды?
- 98-жылдары ажырашып кетишти. Ошондон бери апам менен жашайм. - Англис тилин жакшы билет экенсиң. Алдыда дагы кандай пландарың бар?
- Азыр АУЦАга (Борбордук Азиянын Америкалык университетине) тапшырсам деген пландарым бар. Ал жакка өтпөй калсам, мамлекеттик окуу жайлардын бирине тапшырам. Менин оюмча кайсы жерде окуган маанилүү эмес, кандай окуш маанилүү. Ошол үчүн айтар элем, жогорку окуу жайды тандабаш керек. Кандай билим алуу керектигине көңүл буруш керек.
Жылдыз Абдыкерим кызы