п»ї

эсиңиздеги
эң биринчи...
"Жоругуң жолдо калсын" деген сөз бекеринен айтылган сөз эмес өңдүү. Шоу бизнесте өздөрүнүн ордуларын таап калган жылдыздарыбыздан эсинде калган эң алгачкы, жашоосундагы болгон жоругун сурап, төмөндөгүдөй жооп алдык.

Данияр Эрматов:
"Беш жашымда мектепке барам деп ызы-чуу кылып алып..."
Биринчи мектепке барганым такыр эсимден кетпейт. Биринчи сентябрь күнүнө элдин баары мектепке барабыз деп даярданып жатканын көрүп алып, мен дагы баргым келип, үйгө келип эле ызы-чуу салып калдым. Анда мен 5 жашта болчумун, мектепке барам деп ыйлап, үйдө күндө ызы-чуу чыгарып жатып, анан барганмын. Бирок бир күн окуп, эч нерсени түшүнбөй кайра окубайм деп ыйлап, барбай койгом. Анан кийинки жылы эч кандай ызы-чуу кылбай баргам. Ошол такыр эсимден кетпейт.

Өктөм Сапарбек уулу:
"Жашоомдо рулга отурбай туруп, машина сатып алып..."
Эң алгач машина алганым эсимден кетпейт. Өзүм жашоомдо рулга отуруп көргөн эмесмин. Анан машинаны сатып алып кантип үйгө айдап келишти билбей, машинанын ээсине суранып үйгө айдатып келип, токтотуп койгом. Машина көзүмө жакшы көрүнсө эле сатып алган окшоймун. Кийин билип жатпаймынбы, бузук жерлери көп экенин. Ошо менен мен айдаганды үйрөнгүчө үйдө бир айдан ашык турган. Бир жакка бара турган болсом, элдин баарына жалдырачумун. Менин машинамды айдап келгилечи деп. Кийин бир байке үйрөтүп, анан жалдырабай калгам. Ошол кезим такыр эсимден кетпейт, тың болуп машина сатып алып, бир айдан ашык рулга отурбаганым.

Султан Садыралиев:
"Алгач биринчи класска
барганым эсимде"
Алгач биринчи класска барганым эсимде. Биринчи сентябрь күнү апам мага гүл жасап берип колума карматып, мугалимиңе бересиң деп эрчитип барган. Мектепке барып, биринчи класста окута турган мугалимиме гүл бергем. Ошол учурум такыр эсимден кетпейт.


Бекчоро:
"Төрөткананын алдында бир
жарым саат смс билдирүү
жөнөткөн болчумун"
Эң алгач ата болгонум эсимден кетпейт. Төрөтканадан кыздуу болдуң десе, ушунчалык кубанып, бир чети ишенбедим, чындап эле ата болдумбу деп. Ал учурумду сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Өзүмчө кубанычым койнума батпай эмне кыларымды билбей бир башкача сезим болгон. "Төрөдү, баары жакшы" дегенден кийин чыгып алып, төрөтканын алдында бир жарым саат отуруп алып досторума, жакын санаалаштарыма, туугандарыма, ата-энеме, иши кылып уюлдук телефонумдагы номерлердин баарына смс билдирүү жибергенимди такыр унуталбайм.

Назик:
"Ата- энемди концерт болчу күндү
айтып алдагам"
Алгач концерт бергеним эсимден кетпейт. Анда ата энем Ошто иштешчү. Мен анда бешинчи курста окучумун, анан ата энем билишчү эмес, менин концерт коюп жатканымды. Же аларга айталбайм, концерт берип жатам, келип көрүп кеткиле деп. Анткени алар бийлегениме каршы болушчу, окуу сабакка көбүрөөк көңүл бөл дешип. Эмне дээримди билбей алдап чакырганга туура келген. Диплом жактаганы жатам, келсеңер жакшы болот эле, ата-энеңер келеби деп мугалимдер сурап жатат деп. Концерт болчу күндү айтып алдагам. Ата-энем түндөп Оштон бери жанталашып келишкен болчу. Эртеси күнү концертиме келип, таң калышып, "Кандайча, ушунун баары сенин кыздарыңбы? Ушу формалардын баары сеникиби, бийдин баары сеникиби?" дешип. Ошондо биринчи жолу бийлегенимди, сахнада өзүмдү алып жүргөнүмдү көрүшкөн болчу.


Гүл Ташкент кызы:
"Таттуу суу экен деп ичсем..."
Эсимде, эң алгач келин болуп барганым. Менин жашоомдо чоң бурулуш болгон десем болот. Бир эле жашоом эмес, менин толук мүнөзүмө көп эле нерсеме чоң бурулуш болду десем жаңылышпайм. Эң негизгиси болуп нике кыйып жаткандагы учур аябай эсимде калыптыр. Кээ бирлери коркуп же ыйлап, ушундай абалда болушат деп укчумун, бирок менде андай болгон эмес. Нике кыйгандагы абалымдын эсимде калганынын себеби, Көлдө никени башкача кыят экен да. Мен Таласта көрүп көнүп калгандай эмес. Мисалы, бизде Таласта никени көшөгөнүн ичинде кыйса, көлдө болсо босогого келин менен баланы отургузуп алып, кыят экен. Таласта таттуу суу берсе, Көлдө болсо туздуу суу берет экен да. Анан мен үчүн күтүүсүздөн болгон. Бизде Таласта таттуу сууну элдин баарына ичирип туруп, анан келин менен балага кичине эле ууртатып коёт. Ал эми Көлдө туздуу сууну экөөнө эле ичирет экен. Анан туздуу сууну алгач жолдошум жарымына чейин ичип, калганын мен ичишим керек болчу. Жолдошум жарымына чейин ичип, мага берип жатпайбы. Мен болсо таттуу суу экен деп ууртасам эле аябай ачуу, эмне кыларымды билбей, күлө албай же жөтөлө албай же ары жута албай кызыктай абалда болгом. Ошол эсимде калыптыр, баары күтүүсүздөн болгон болчу.

Алиса
Сапарбекова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??