п»ї
 Таанышуу жарыясы


Иним экөөбүзгө бир катын...
Айгүл ШАРШЕН
Жанызак@басма
(Башы өткөн санда)
Бирок, Сейил ага анча жага бербей, түн катып эки күндүн биринде Сайыпжамалга бара берчү. Өзүнөн улуу адамга тийген Сейил өзүнөн-өзү чүнчүп жүрүп, аргасыз жашоого бел байлаган. Уулу Надырбек өтө шок, кызы али беш-алты жашта. Ал Зарипжандын Сайыпжамалга барып жүргөнүн короосунда кызмат кылган аялдан укту.
- Кызым, бу сен күйөөңдү жакшылап карабайт окшойсуң? - деди ал бир күнү.
- Эмне болду эже?
- Ботом, күйөөң аялы жокто деле Сайыпжамалга барып жүрчү эле, эми дагы барып жатат, эркекти бекем кармабаса болбойт, өзүң жоош-момун келин экенсиң, айтып коеюн дедим, менин айтканымды билбесин, - деп басып кетти. Сейил ойлонуп калды. Ал Сайыпжамалды таанып калган, ал ар дайым уйду саагандан кийин жаңы сүттү өзү алып келип берип турчу. Кечинде тамак ичип бүткөн соң балдары өз бөлмөлөрүнө кирип кеткенден кийин Сейил:
- Сиз мага эмне максат менен үйлөндүңүз эле? - деди.
- Эмне болду? - Зарипжан ормое карады.
- Жактырып, жатып жүргөн аял турганда ашыкча аялдын эмне кереги бар эле?
- Ким айтты? - Зарипжан кайра карсылдай күлүп калды, - Ооба, болгон, бирок азыр менин аялым сенсиң да?
- Андай болсо түн катып, неге барып жүрөсүз?
- Кой-кой эми Сейилжан, мага сен анча берилбейсиң, же улуу деп теңиңе албай жүрөсүңбү, анан эркекти жакшы караган аялга барууга туура келет, келгениңден бой салбайсың.
- Ал өзүңүздөн да, эгерде ага бара турган болсоңуз мени кое бериңиз, каалаганыңыздай жашаңыз, - деп Сейил идиш-аягын көтөрүп чыкмак болду эле:
- Сейилжан, ушунуң болбойт, аны жасачулар бар эмеспи? - деди Зарипжан, - Чоңдор же депутаттар эле кул-күң жумшайт бекен, мен сенин жумуш жасаганыңа жол бербейм, колуңдан келсе өзүңдү карап, күзгүгө каранып гана отурганың жакшы, эшиктегилерди мен эмнеге багып жатам, мен алган аял хандын аялындай гана кулпунуп турса дейм, - деди Зарипжан ушул ирээт чечиле, - Бир өмүр ансыз дагы өтөт, бирөө оопасыз дүйнөдө өкүнүп-өксүп өтөт, кимдир бирөө алчактатып жорго минип, жалаң каухар менен алмазга бөлөнүп өтөт, бактыңа келгенин көрөсүң, - деди корулдай. Анын корулдаган үнү, жагымсыз курсактуу денеси, эки бетинин буруюп турушунан Сейил жийиркенип кетти, сырттан кирген аял анын колундагыларды алып жыйнап кирди.
- Кечиресиң кызым, кечигип калдым.
- Эчтеке эмес, өзүм деле жасай коем, - Сейил энесиндей аялдан уялып кетти.
- Жөн кой, алардын кызматы ошол, сен менин жанымда гана отур, - деп Зарипжан ага өзүнүн жанынан орун көрсөттү, - Бүгүн жуунуп, жыттуу атырдан себинип жаныма жатчы, Сейилжан.
- Макул, атыр себинүү ошончолук эле зарыл керекпи?
- Ананчы, жытыңды буруксутуп койнумда жатсаң өзүмдү дүйнө жүзүн жалгыз өзү башкарган хансарайдагы падышанын өзү деп сезип бир ырахаттанайын, - Карсылдай күлүп, Сейилдин тизесине колун койгондо анын денеси жыйрылып кетти: "Эмнеге айттым экен, эмне болсо ошол болсун деп тим койбой", - деп ичинен андан жийиркенип кетти.
- Мен анда балдарды жаткырайын, - деп эптеп шылтоо кылып, өйдө туруп уулу менен кызы жаткан бөлмөгө кирди. Надырбек менен Нурила Зарипжандан коркобу, айтоор тамактанып эле акырын чыгып кетишет, аталарын эстегенде кээде үйдүн артына барып алып ыйлашат.
- Атам качан келет Нурила, мен атамды сагындым, - деп Надырбек карындашын кучактап алып ыйлап жатты, - Апам эмнеге жаман кишиге келди?
- Билбейм, - деди Нурила ийинин куушура, ал атасын анча деле билбей калган эле, - Таятамдыкына кетип калбайлыбы?
- Апам жибербейт да.
- Качып кетсекчи?
- Адашабыз да.
- Сурап таап алабыз, - деп Нурила агасына жөлөнүп ыйлап отурганда издеп жүрүп көрүп калган Сейил балдарын кучактап, ыйлап жатты:
- Апа, байкемдерди сагындым, кетеличи апа.
- Апа, мен атамды сагындым, сен бизди бул жерге эмне алып келдиң эле, жанагы жаман киши экен, атам качан келет? - деп Надырбек кучактап алып ыйлап жатты.
- Ыйлаба каралдым, ал жакшы киши, эми силердин атаңар ошол киши гана болот, Айбек келбейт.
- Калп! - Надырбек апасынын колун силкип жиберди, - Атам келет, сен калп айтасың, атам келет, - деп жүгүрүп кетип калды.
- Апа, атам каякта? - Нурила апасын карады.
- Атаң алыста кызым, ал эми келбейт, силердин атаңар Зарипжан, - Сейил кызын колдон ала өйдө болду да Надырбектин артынан жөнөдү, ал түз эле чымын-куюн болуп чуркап кетип жатты, улам жеңи менен жашын аарчып коюп кете берди. Сейил анын артынан бир топко жүгүрүп барып күйүгө туруп калды, көзүнүн жашы мончоктоп куюлуп турду, он эки-он үч жашар бала коңшу айылды көздөй улам тынып, кайра жүгүрүп кете берди. Сейил короого киргенде Зарипжан ага:
- Кайда бардың? - деп суроо узатты.
- Надыр качып кетти, таятасыныкын таппай адашып кетет го, мен артынан барайын.
- Эмне, бирөө капа кылды беле?
- Жо-ок, таятамдыкына барып келели дегенинен болбой койгом.
- Аа-а, каршы болбой койсоң болмок.
- Барып келейинби?
- Бар, барсаң кайнатага салам айт, - деп Зарипжан ары карай басып кетти.
- Макул, - Сейил ичкери кирип кийинип алып, шашыла кызын жетелеп чыкканда токулуу атты кармап турган экен:
- Бүгүн эрте барып Надырдын артынан жет, кайра эртең келип кал, - деди Зарипжан.
- Ооба, тез эле келем, - Сейил Нуриланы өңөрүп алып, ылдамдай бастырып жөнөдү, айылдан чыгып эки жакты элеңдей карап кетип жатты, эки айылдын ортосундагы ээн жерде кыйкырып баратты.





Жашынмак
Аздек НАМАЗБЕКОВА
(Башы өткөн санда)
Жолдошум айткандай нервимди тынчтандырып, өзүмө келиш үчүн эртеси мончого бардым, массаж алып, чачымды жасаттым. Демейде сиңдим Таңсулууну ээрчитип, же курбум менен барчу элем, эмнегедир бул жолу жалгыз болууну кааладым. Эч ким менен сүйлөшкүм келген жок. Чын эле жардам бердиби, же өзүмдү өзүм алдап аттымбы, үйгө кайтканда чаржайыт ойлорум бир калыпка салынгансып, жүрөгүмдү дүпөйүл кылган тынчсыздануудан азга болсо да арылгандай сезим болду. Насыйкаттын чуусу башталгандан бери үстүмдөн оор жүк ныгыра басып тургандай болуп, дене-боюм ооруксунуп жүрсөм, азыр өзүмдү жеңил сезип, кадамым да оңой шилтенип аткандай туюлду. "Болор иш болуп өттү, мен эч нерсе өзгөртө албайм. Алдыда кандай күн болоорун жашоо-турмуш көргөзөөр" деген ой менен үйүмдүн босогосун аттасам, үйдөгү телефон жан-алы калбай чырылдап атыптыр. Тынч алып турган жүрөгүм кабынан чыга каччудай "селт" этип алды. "Канга боелгон халатын табышыптыр!"деген сөз кайра кулагыма жаңырып, баягы жаман элес кайра көз алдыма пайда болду. Учуп жетип эле трубканы көтөрсөм:
- Аздек эже-е, мени алып кетиңизчи? Мен сиздердин үйгө баргым келип атат. Мен атамды көргүм келип атат! Апамды сагындым!-деп ый аралаш бакырган Нуркыздын үнүн угуп, эмне дээримди билбей, туттуга түштүм.
- Нуркыз, ыйлаба? Чыдап тур, садагасы, мен кечинде барам, макулбу? Анан экөөбүз сүйлөшөбүз. Сен акылдуу кызсың да! Ыйлап, таежеңдердин тынчын алганың жарабайт,-дедим. Колдорумду калтырак басып, алаканым сууланышып чыкты. Соолуктаган Нуркыз тынчтанып:
- Алдабайсызбы, чын эле келесизби?-деди бөтөнчө бир жалооруган үн менен.
- Жок, барам. Ага чейин жакшы кыз болуп олтуруп тур. Ыйлаба, э?
- Ма-акул, сизди өөп атам,-деди кыз чоң кишидей.
Мына, жан дүйнөмдөгү утурумдук тынчтануумдун ордун, эми такыр башка сезимдер ээлеп алды. Коркуп, чочулап, ыза болуп… "Убадамды го берип койдум, эми кантем, кандай айла кылам?! Күйөөм укса чалкасынан кетет го! Макул, аны эптеп көндүрүп бардым дейин, сиңдисинин өлүү - тирүүсүн биле албай жаны ачып турган эжеси "сен кимсиң?!"деп киргизбей койсочу? Мен аларга эч ким эмесмин да!"деген ойлорго жооп таппай, айлам кетти.
Кабактын камалганынын чын-төгүнүн билүү үчүн анын номерине телефон чалып көргүм келди. өчүк экен. Олтура бергенде акылымдан айнып калчудаймын. Же, бир жакшы акыл келбейт . Алаксыйын деген ой менен тамак жасап, үй жумуштары менен алек болуп калдым. өзүм үйдөмүн, оюм болсо… Колуңдан эч нерсе келбей, алсыз болуп айлаң кетип тургандан өткөн кордук жок болсо керек!
Сүйлөшкөн боюнча бүгүнкү күндү мен өзүмө арнап, балдарды күйөөм алып келмек. Келише элек. үй ичи жымжырт. Кол телефонумду массажга кирээрде өчүрүп койгонумду эстедим. Сумкамдан алып чыгып карасам, күйөөм эки жолу, кызымдын эжейи, анан бир чоочун номер беш жолу чалыптыр. Ким болду экен деген ой кетти. Бирок дароо эле чала калгандан чочулап турдум. Алгач күйөөмө чалдым.
- Ой, жүрөктүн баарын түшүрүп, телефонуңду эмне өчүрүп салгансың?! Кандай, жакшысыңбы? Биз бир сааттын ичинде барып калабыз, -деди ал көңүлү тынчтанып калганын билдирип.
Кызымдын эжейи болсо албай койду. Сабакта окшойт.
Чоочун номерди тердим. Аябай керек болбосом, беш жолу чалмак эмес да. Демек, зарылып турган бирөө.
- Ал-ло, Аздек, саламатсызбы? Мен Ажармын. Сиз мени өткөндө көргөнсүз, Кабактын келинчеги болом, ой, -деген үн мукактана түшүп,-Кабактын жанынан көргөнсүз? -деп унчукпай калды. Эстеп атабы дегени окшойт.
- Ажар, мен угуп атам, сүйлөй бериңиз?-дедим. өткөндө РИИБдин жанынан Кабак менен кезиккенде, анын жанында турган келин көз алдыма тартылды.
- Кабакты кечээ камап салышты, -ыйламсырай сүйлөдү,- Ишенсеңиз, анын күнөөсү жок?! Мен сиз менен телефондон эмес, көзмө көз жолугуп сүйлөшсөм болобу? Суранам?-деди Ажар бышактай. Ыйлап атты. Мен болсо ойго чөмүлдүм.
Менин курбум Насыйкат жоголуп кетти. Анын күйөөсү болсо башка көңүлдөш аялы үчүн өз аялынын көзүн тазалады деген шек менен камалып олтурат. Мына ошол көңүлдөш аялы мага чалып, мени менен сүйлөшкүсү келгенин билдирип атат. Курбума душман болгон аял менен мен жолугушум керекпи? Мага ал эмне айтышы мүмкүн? Чоочун эле келин жөн салды чалбайт эле? Кабак сурандыбы? Же, кандай? Мындай учурда мен эмне кылышым, эмне дешим керек?
- Аздек, жок дебеңизчи?-деди телефондун ары жагындагы үн жалооруй.
- Мен ойлонуп көрөйүн, эртең менен чалам,-дедим.
Күйөөм киргенде эле курткасын ала калып, өзүм кийим илгичке илип, бутуна тапичкесин бере калып, бетинен кайра-кайра өөп жагынып баштадым. Бул менин "Нуркызга барып келели?" деген сөзд айта албай кыйпычыктаганым болчу. Ал менин бул аракетимди башкача түшүндү окшойт, кучактай калып, жыттай, өөп:
- Чачың жакшы жарашат экен, ушинтип жасатып жүрбөйсүңбү? Жакшынам, жаным… Аябай, сагындым,-деп алды. Мен аны колунан жетелей басып, диванга олтургуздум.
- Ой, жаным, анан… балдар жатканда? -деп күйөөм көздөрүн алаңдатып калды.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??