п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Тамеки чегүү
чачтын өсүшүнө терс таасирин тийгизет
Азыркы тапта чачыңызды узартам десеңиз, чач тарачка барып эле чач коштуруп, узартып алсаңыз болот. Бирок, ошол эле учурда кыздар андай кошмо чач менен бир топ кыйналышат.

Чачтын өсүшү үчүн азыктар жана
витаминдер
Жазында кайталанчу авитаминоз оорусу чачка терс таасирин тийгизгендиктен, чачка пайдалуу гана азыктарды жеңиз. Мисалы, мөмө-жемиштер, алма, банан, бадыраң, помидор, капуста, пияз ж.б. Жогоруда аталган өсүмдүктөр чачтын тез өсүшүнө жардам берет. Андан сырткары, чачтын өсүшүнө грек жаңгагы, күрүч, быштак, йогурт, жашыл жүгөрү, жумуртка да жакшы. Күнүгө ушундай азыктарды жесеңиз, сиз ойлогон чачыңыздын узундугуна тез эле жетесиз.
Чачка атайын
антиоксиданттар
Экология бузулган шартта, чачка антиоксиданттар абдан керек. Чачтын түшүүсүн жөнгө салып, өсүүсүнө жардам берген бета-каротин антиоксиданты сабизде, кызыл калемпирде, помидордо көп болот. Андан сырткары, организмдеги токсиндерди чыгарыш үчүн көп өлчөмдө суу ичсеңиз болот.
Ысык, муздак сууга чачыңызды
жуусаңыз жакшы
Башыңыздагы кан айланууну жөнгө салам десеңиз, жылуу жана муздак душка түшүңүз. Мисалы, башыңызды жылуу суу менен жууп баштап, акырындан муздакка өтүңүз. Ошондо кан айлануу жакшы жүрөт.
Чачтын өсүшүнө чөптөрдүн кайнатмасы да жакшы
Чачыңызды жууп бүткөндөн кийин, чөптөрдүн кайнатмасы менен чайкасаңыз жакшы. Чачка кандай гана чөптүн болбосун кайнатмасы жакшы. Эгер чөпкө аллергияңыз болсо, мындайды кайталабаганыңыз жакшы.
Чачтын өсүшүнө
маскалар
Чачтын өсүшүнө жумурткадан жасалган маска да жакшы жардамын тийгизет. Маскага, май, коньяк жана пиязды кошуп, аралаштырып туруп чачыңызга сүйкөйсүз. Андан сырткары, пияздан жасалган масканы колдонсоңуз, чачыңыз тез өсөт. Пиязды майдалап алып, ага бал кошуп, чачыңызга сүйкөйсүз. 40 мүнөттөн кийин жуусаңыз, чач тез өсөт. Ал эми пияздын сасык жытын кетирем десеңиз, бир лимондун ширеси менен чачыңызды чайкап коюңүуз.
Тамеки чегүү чачтын өсүшүнө терс таасирин тийгизет.
Тамеки чегүү чачтын өсүшүнө терс таасирин тийгизет. Ошондуктан, тамеки тартпай, жада калса тамеки тарткан адамдын жанына көп отургандан качыңыз. Тамекинин түтүнү чачтын өсүү клеткаларын өлтүрөт.
8 сааттык уйку
менен түздөн түз
байланышы бар
Чачтын өсүшүнө уйку да абдан пайдасын тийгизет. Эгер жакшы уктап, кыйналбай чыксаңыз башыңыздагы кээ бир клеткалардын кайра калыбына келишине шарт түзөт. Ошондуктан, окумуштуулар күнүнө 8 саат укташ керектигин айтышкан. Ошондуктан, 8 сааттык уйку менен түз жана жалтырак чачтын түздөн-түз байланышы бар.
Чач байлагычтар терс таасирин тийгизет
Аябай катуу кыскан чач байлагычтар да чачтын өсүшүнө терс таасирин тийгизет. Чачыңыз бат өссүн десеңиз, чачыңызды көп байлабаңыз.
Чачыңызды бузуп
албаңыз
Эгер чачыңыз узун жана жибектей болсун десеңиз, чач кургаткычты пайдаланбай койгонуңуз эле жакшы. Чачты түздөөчү үтүктөрдү да колдонбоңуз. Эгер аларды колдонбогонго такыр эле болбосо, анда жок дегенде аларды колдонууну азайтыңыз.
Чачка гимнастика
Гимнастика менен достошуңуз. Дене тарбия көнүгүүлөрү чачтын өсүшүнө жакшы. Физикалык көнүгүүлөр кан айланууну жөнгө салып, чачтын өсүшүнө жакшы. Башыңызды күнүнө он-он беш мүнөттөн укалап, массаж жасасаңыз жакшы.
Жылмайыңыз!
Күнү кечке ойлонуу да чачтын өсүшүнө жаман. Стресс чачты өстүрбөй гана койбостон, чачты түшүрүп да салат. Өзүңүздү токтоо алып жүрүүдө чайлар жакшы жардам берет. Кандай гана маселе болбосун, күлүп жүрүңүз. Жылмаюу да чачтын өсүшүнө жакшы.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??