п»ї
 Таанышуу жарыясы


Жанета Бобкова менен Анжелика
кайсы тоодон чана талашып жүрүшөт?
Саламатсыздарбы, Обон гезити! "Кат куржун" деген рубрикаңыздар аркылуу бир нерсени тактап берип коёсуздарбы? Өткөн жумада мен тоодо лыжа тээп жүргөн болчумун. Анан Ырчылар Айбек Карымов, Гүлнур Сатылганова, Жанета, Анжелика, Юлия Руцкая дагы көптөр ал жакта жүрүшүптүр. Камерага түшүп атышыптыр. Клип тартып атышат го десем, жарышып аткандай көрүнөт. Сыягы бир долбоор окшойт. Бир маалда эле Жанета менен Анжелика чанага отуруп атып, урушуп кетишти. Экөө тең бири-биринен өткөн тажаалдар экен, сөз беришпей урушуп атышты. Анын үстүнө Анжеликанын апасы кошулуп, ит эле болушту. Мен алысыраак болгондуктан уруштун башы эмнеден башталганын билбей калдым. Экөө эмне себептен урушуп кеткенин билип бериңиздерчи? Азыр табыштыбы? Анан дагы сиздердин гезитке Роза Отунбаева менен лыжа тептим деп мактанып жазыптыр. Антпей эле мен өз көзүм менен көрүп турдум го, Отунбаевага окшогон аял жан сакчылары менен өзүнчө жүрдү. Ушундай да пиар болобу?
Махабат, Бишкек шаары.

Окурмандарыбыз менен өтө тыгыз мамиледе иш алып баргандыктан, ар күн сайын бизге ар кандай маалыматтарды, өздөрүнүн суроолорун редакциябызга алып келишет. А биз өз милдетибизди аткарып, алардын суроолоруна жооп алып берип жүрөбүз. Бул жолу да Анжелика менен Жанета Бобкованын дарегине кат келип, жооп алып берүүгө үлгүрдүк.


Жанета Бобкова:
"Анжеликадан кетип калды"
- Чана боюнча айтсам, мен Анжеликага теңелген жокмун. Ал жерде сынак болгондон кийин боло берет экен. Бирок, Анжеликадан кетип калды. Жаш болгондон кийин кичине ийменип койсо болмок. Сынак бүттү, андан кийин кезиге да элекпиз. Буюрса, кийинки жумада экинчи туру болот. Биз лыжа тепкен тоодо Отунбаева да жүргөн экен. Айбек Карымов, Назира Бердигуловалар болуп чогуу жүргөнбүз. Жан сакчылары бизди таанып, биз менен сүрөткө түшөлү деп калышты. Анан аларды Роза Исаковнанын жан сакчылары экенин биз билип калып, эжени күтүп, анан сүрөткө түштүк. "Эс алып жүрсөм да таанып койдуңарбы?", - деп күлүп калды. Анжелика менен каяктан түшө калганын билген жокмун.


Анжелика:
"Жанета эжеге жакшы чананы
карматып, өзүбүз сваркаланган жаман чана менен эле түштүк"
- Аябай тез иштейсиңер го. (күлүп) Сынак бүтө элек. Жарыш деле эмес ал жакта. Долбоор "Чилденин чилтендери" деп аталат. Биз пиар кылып атканыбыздын себеби, лыжа тепкен оңой эле экен, биз деле беш күндүн ичинде лыжа тээп кеттик, тоого келгиле, таза аба жутуп, спорт менен машыккыла деген үгүттөө. Долбоордун жүрүшүндө 4 команда болду, биринчи команданын капитаны КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова, экинчи команданыкы Юлия Руцкая, үчүнчү команданын капитаны Жанета эже, төртүнчү команданын капитаны мен болдум. Ал жакта эң башкысы жарыш эмес, тоодон лыжа менен түштүк. Камерага жакшынакай түшүш керек болду. Чана боюнча айта кетсем, жакшы түшкөндөрү болду, тоголондук, кулап түштүк. Чана катуу жүрөт экен. Биринчи команда чана менен түшүп келгенден кийин, бизге акыл айтып, бир чана спорттук, экинчиси сваркаланган деп айтып атышкан. Мен мотоцикл менен тоого чыкмакмын. Ошондо командам "Спорттук чананы ал, утабыз", - деп калды. Жаман деле ой жок, мотоциклге чаналарды байлап алып чыктым. Спорттук чананы алыш керек экен деп ойлонуп, чананы чечип бүткүчө эле Жанета эже колуман чананы ойноп жулуп кетип атпайбы. Мен алып келбедимби муну деп калып калдым. Ошондо Жанета эже, "Болду эми, кичүүлүк кылып, чананы мага берип кой" дегенинен калып калгам. Ал чананы Жанета эженин колуна карматып берип, өзүбүз сваркаланган жаман чана менен эле түштүк. Ал эми Роза Исаковна боюнча айтсам, мен тоого инструктор менен чыгып баратсам эле ал "Отунбаева да жүрөт", - деп калды. Анан алардын жан сакчыларына айтып, сүйлөшүп, баарыбыз эле чогуу Роза Исаковна менен сүрөткө түштүк. Роза эже дайыма ал жакта коньки, лыжа тээп жүрөт экен. - деп айтышты. Биз да үй бүлөбүз менен ал жакка барганды жактырып калып, адат кылып алдык.


P.S. "Чилденин чилтендери" аттуу долбоордун уюштуруучусу КТРдин спорттук баяндамачысы Кубан Атабеков менен байланышканыбызда, Кубан мырза эки ырчы айымдын эмнеден улам чатакташып кеткенинен кабардар эместигин, эгер кичине урушуп кетсе да баары оюндун жана команданын кызыкчылыгы үчүн болуш керек деген оюн биз менен бөлүштү. Ал эми аталган долбоорго аты чыгып калган ырчылардан сырткары, өздөрү жаш болсо да кыргыз элине эмгеги сиңген инсандар катышат, - деп белгиледи Кубан Атабеков.




Амир Аскаров менен Кубик кызы Айпери сүйлөшөбү?
Саламатсыздарбы, "Обон" гезити! Мен азыркы кезде өзүнүн ырлары менен элге тааныла баштаган ырчы жигит Амир Аскаровду жактыра баштадым. Курбуларым болсо анын кыз жандуу экенин жана убагында Айпери Кубик кызы менен мамиле түзүүгө жетишкенин айтып, оозумду ачырышты. Ишенээр-ишенбесимди билбей, силерге жазууну туура көрдүм. Бул кептин чын-жалганын билип бергилечи, сураныч!

Айдай, Кара-Балта
Амир Аскаров:
"Тоок сүйүү болгондур..."
Бул маалымат туура эмес. Мурда мындай ушактарды укчумун. Бирок, биринчи жолу сурап жатышат. Буга кандай жооп береримди да билбейм. Айпери экөөбүз жолугуп калганда, кесиптеш катары саламыбыз түз болгону менен, жеке жашообузда эч кандай байланышыбыз жок. Кыз жандуу дегени да, мен жөнүндөгү кеп эмес. Эми мектепте тоок сүйүү болгондур. Бир күн бир кызды, экинчи күнү башкасын жактыруу. Азыр болсо андай нерсе болушу мүмкүн эмес. Негизи мен чымынды да капа кылбаган, жумшак адаммын. Ошондуктан, кыз жандуу деген сөздүн мага тиешеси жок. Анын үстүнө азыр жүрөгүм бош. Изденүүдөмүн десем да болот.


Фарида Өмүрзакова бир чиновник менен жакшы мамилелеш беле?
Урматтуу "Обон" гезити, мен арген үндүү Фарида Өмүрзакова боюнча билгим келет. Ал мурда бир чиновник менен жакшы мамилелеш болуп, ошонун айынан жолдошу менен ажырашып кеткен имиш. Ушул ушак-айыңдын канчалык чынын билип бересиздерби?
Айзат, Баткен шаары

Фарида Өмүрзакова,
"Доор" тобунун солисти:
"Көзү өтүп кеткен кишини жамандагым келбейт"
Менин жашоом дагы бирөөлөргө кызык болот экен ээ? Жолдошум менен жашаганымда мен сүттөй ак жашадым. Уулумду жалгыз тарбияладым. Азыр уулум 19 жашка чыкты. Мен күйөөмдү сүйүп-күйүп эле тийсем, башканын мага эмне кереги бар эле. Көзү өтүп кеткен кишини жамандагым келбейт. Биздин жашообузга кайын энем кийлигише берчү. Анын "Катынды уруп тарбиялоо керек" деген принциби бар болчу. Ошондуктан, өмүр бою көзүм көк ала болуп жашагым келген жок. Учурунда аябай жоош, созулган интеллигент жигиттер сөз айтса бой салбай жүрүп, "тандаган тазга тайгылып, музга жыгыл" дегендей музга тайгаланган экем. Мен кудай алдында тазамын. Башкалар кандай ойлосо, ошондой ойлой берсин. Ар адам бактылуу болсом дейт. Уулум чоңоюп, жакында эле диплом алды. Эми мен дагы турмушка чыксам болот.

"Обон" пресс




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??