п»ї

Исаев "ыргып", Султанбекованын жылдызы жанабы?
"Республика" фракциясынын лидери Канат Исаевдин ити чөп жебей, шамалы тескери сого баштады. Акыркы болгон фракциянын чогулушуна дагы эч ким келбей калганы байкалууда. Өмүрбек Бабанов менен ич ара келишпестиги улам күчөп, республикачы депутаттар эки "дөөнүн" кагылышы кантип аяктар экен деп кулак түрүп аткан учур. Премьер мырза салмактуу депутаттарды жекече чакырып Исаевдин оодарып түшүү амалын иштеп атыптыр. Бабановдун буйругубу же депутаттар чынында эле Исаевден түсүн үйрүп жатабы эч ким эсептешпей калды. Сыягы жакында фракция башчысы борттон ары ыргып, орду алмашчудай болуп калды. Чолпон Султанбекова фракциянын тизгинин алат деп эшиттик. Ким билсин, кыраакы айым балким кыйшайып калган көчтү түздөп кетээр...

Памирдеги кыргыздарды Кыргызстанга көчүрүп келүү сунушталууда
Кыргызстандын массалык маалымат каражаттарында Памирдеги кыргыздардын оор жашоосу тууралуу мааылмат тарагандан кийин, бир нече депутаттар Памирде болуп келишкен.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда коомчулукта, жалпыга маалымдоо каражаттарында кызуу талкууланып жаткан Памир кыргыздарынын акыбалын бул ирет депутат Абдырахман Маматалиев көтөрдү. Ал Памирдеги боордошторду көчүрүп келүүнү парламенттик, президенттик же өкмөттүк деңгээлде чечүү зарыл деген пикирде. Депутат Камила Талиева дагы бул демилгени колдоп, депутаттар тобу Памир кыргыздарынын маселеси боюнча мыйзам долбоору иштелип башталганын маалымдады. Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков бул маселе боюнча КР вице-премьер министри Гүлнара Асымбекова башында турган комиссия түзүлгөнүн айтты. Ошону менен катар төрага кесиптештерин аталган комиссияга кирүүнү сунуштады.

"Кыргызстан улуттук электр тармактары" директорунун орун басары К. Мурзакматов камакка алынды
УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан отун-энергетика тармагындагы коррупциялык механизмдерди аныктоо иштеринин жүрүшүндө "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААКсынын жетектөөчү кызматкерлери тарабынан мамлекеттин үлүшү 80,49%ды түзгөн "Чыгыш электр" ААКсынан акча урдоо фактысы аныкталган.
Электр эсептегичтерин сатып алуу үчүн өткөрүлгөн тендерди уюштурууда "Чыгыш электр" ААКсынын 2 млн сом өлчөмүндөгү каражаттын өздүк кылып алуу коррупциялык схемасын уюштурууга шектелип кармалган "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААКсынын башкы директорунун орун басары К.Мурзакматов УКМКнын тергөө абагына камалды. Учурда ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат.

Колунда жокторго 500 кгдан бекер көмүр берилет
30-январда Бишкектеги аз камсыздалган үй-бүлөлөргө бекер көмүр таратыла баштайт.
Маалыматка караганда, Ленин райондук акимчилиги "Хюмен Эпл Интернейшнл" эл аралык кайрымдуулук фондунун Бишкектеги өкүлчүлүгү менен бирге калаанын "Ак-Өргөө" конушунун тургундарына "Шабыркөл" кенинин көмүрүн 30-январда таратып баштайт. Аталган иш-чаранын алкагында Бишкектеги социалдык абалы оор 80 үй-бүлөгө 500 килограммдан кара отун берилет. Бул максатта 40 тонна көмүр даярдалып койгон. Жакынкы күндөрү бекер көмүр "Ак-Ордо", "Ала-Тоо" жана "Арча-Бешик" конуштарынын жашоочуларына дагы жеткирилет.

"Альфа Телеком" компаниясынын айрым жетекчилерине кылмыш иши козголду
Мегаком компаниясы боюнча бир топ чыр чатактар азыркыга чейин уланып келет. КР МУКК Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан "Альфа Телеком" ишканасы тарабынан компаниянын кирешесин чыгарып кетүү, жеке эсебине которуп алуунун натыйжасында мамлекетке жалпысынан 142 млн. 095 миң 170 сом зыян келтирген коррупциялык схеманын бети ачылды.
"Альфа Телеком" ЖАК айрым жетекчилери тарабынан 2011-жылы айрым товарлар атайлап кымбат баада сатып алынган жана өндүрүштүк негизи жок туруп кызматтар жалган финансылык документтерди жасоо менен көрсөтүлгөн. Бул жагдайларга байланыштуу КР Башкы прокуратурасы жана МУКК аталган компаниянын айрым жетекчилерине карата Кылмыш жаза кодексинин 221 (1-бөлүгү), 171 (3-бөлүгү), 350 (2-3-бөлүктөрү) жана 166-беренелерине (2-бөлүгү) ылайык кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Шашалыш билдирүү: кар көчкүсүнүн түшүүсү күтүлөт
КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда 28-январынан 31-январына чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу авто жолдорунда кар көчкүсүнүн түшүүсү жана жолдордун тайгак болуусу күтүлүүдө. Министрлик ар кандай жол кырсыгын алдын алуу максатында тоолуу жолдорунда автомашиналардын жүрүү аралыгы 500 метрден кем болбошун эскертет.

Пакетке салынган ымыркайдын жансыз денеси табылды
Үстүбүздөгү жылдын 22-январында Ош шаарында саат 14:30 чамасында, Кукум-Бий көчөсүнөн агып өткөн каналдын жээгинен ак түстөгү пакетке салынган жаңы төрөлгөн эркек ымыркай баланын денесинде жараты жок сөөгү табылды. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди. Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Кыргызстандын хоккей боюнча
курама командасы Эстониянын
курама командасы менен беттешет
Кыргызстандын топ хоккейи боюнча курама командасы, дүйнөлүк чемпионаттын алкагында 31-январь күнү Эстониянын курама командасы менен беттешет. Бул тууралуу маалымат оюндардын расмий сайтында жайгаштырылган. Ал эми 1-январь күнү Япониянын курамасы менен ойнойт.
29-январда Алматыда дүйнөлүк чемпионат старт алды, ага дүйнөнүн 15 мамлекетинин командалары үч топто ойноодо. Буга чейин Швеция-Финляндия, Россия-АКШ, Казакстан-Норвегия командалары муз үстүндө беттешишти. Оюндар 5-февралда жыйынтыкталат.

40 жаштагы эркекке сексуалдык зомбулук көрсөткөн 24 жаштагы бала колго түшүрүлдү
Эркектер эркекке сексуалдык зомбулук кылганы акыркы учурда көп катталууда. Үстүбүздөгү жылдын 21-январында Ош шаардык Ички иштер башкармалыгына Кара-Суу районунун Асан-Чек аймагынын тургуну, 1972-жылы туулган Д.Р.аттуу жаран арыз менен кайрылган.
Анткени 20-январь күнү саат 22:30 чамасында Ош шаарындагы Курманжан датка көчөсүнүн №313-үйүндө Р.О.Р аттуу жарандар бачабаздык сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди жасашкан. Өткөрүлгөн иш-чаралардын негизинде Ош шаарынын Ленин көчөсүнүн №442 үйүнүн тургуну, 1988-жылы туулган К.О. аттуу жаран колго түшүрүлдү.

P.S. Маалымат интернет булактарынан алынды





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??