п»ї

Өнөрүң болсо өргө чап
Саякбай Каралаевдин небереси Нурлан чоподон мыкты буюмдарды жасайт
- Нурлан, чопо менен качантан бери алектенесиз?
- 18-жашымдан бери сувенирлерди, кумура сыяктуу идиштерди чоподон жасап келем. Бирок балалыгымда доктур болом дечүмүн. Чоңойгон сайын жашоого болгон көз карашым өзгөрүлүп, өз жолумду таптым.
- Бул тармакка болгон кызыгууңуз кантип пайда болду?
- Көркөм, кол менен жасалган кооздуктарга болгон кызыгуум жаш кезимден эле пайда болду десем болот. 6-классымдан баштап, искусствого аралашып калдым. Сүрөт тартып жүргөндө апамдарга да жагып, 9-классты бүтөөрүм менен Көркөм академиянын алдындагы колледжге тапшырдым. Башында мага сүрөт тартуу кызыктуу эле. Кийин болсо, керамика (чопо) жасагандарды көрүп, ушул тармакка ыктап кеттим. Окуумду аяктагандан кийин, "Кыял" деген фирмада иштеп калдым. Азыр деле ошол жерде өзүмдүн кесибим боюнча иштейм. Өзүмдүн талантым, искусством менен кыялдарымды орундатып келем.
- Чополор да сапатына карап бөлүнөбү?
- Ар кайсы жерден келген чополордун сапаты ар түрдүү, Оштуку ак болот. Азыркы учурда бизде Нарындыкы, Көлдүкү жана Чүйдүкү бар. Сапаты боюнча Чүйдүкү абдан жакшы. Ошондуктан, биз чопону Ивановкадан алабыз.
- Фигураларды интернеттен карайсыңарбы же өз оюңардан чыгарасыңарбы?
- Мен негизи баарын өз фантазияма жараша жасайм. Биз бир нерсе жасаардан мурда тема коёбуз. Андан ары теманы өнүктүрүп, анан иштеп чыгабыз.
- Бир кумураны канча күндө жасап бүтөсүз?
- Орточо кумураны жасаганга үч күн кетет. Алгач чопону өзүбүз каалаган фигурага алып келебиз. Аны мешке салып, 980° та бышырабыз. Боёп алынгандан кийин кайра эле ысык мешке салынып, 1000° ка какталат.
- Өз колуңуздан чыккан буюмдар үйүңөрдө басымдуулук кылабы?
- Ооба, үйгө керектүү өзүм жасаган буюмдар көп эле. Үйгө апама асма чырак, керамика идиштерди, тарелкаларды жасагам. Анын үстүнө чопо жаратылыштан алынгандыктан, химиялык кошулмасыз таза өндүрүм. Ошондой эле кыргыз колоритинде жасалган бир катар буюмдарым бар. Балбал таш, чопо чоорлор дегендей. Үйүбүздөгү мешти да кыргыз оймолору менен жасагам. Кыргыз элибиздин басып өткөн тарыхы, кылым карытып келе жаткан таштардагы саймаларды түшүрүүгө түрткү берди. Бул мешти жасоого үч ай убакыт талап кылынды.
- Карапачы болууга талант керекпи же аракет эле жетиштүүбү?
- Албетте, бул жерде талант жана фантазия керек. Бирок, менин ата-энемдин искусствого эч кандай тиешеси жок. Чоң таятабыз таланттуу адам болгон. Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин неберелери болуп кетем. Балким, мага бул талант таятамдан калгандыр.
Гүлбүбү
Галжигитова




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??