Айнура Шаршембиева:
Спортко кеч келгем
Гимнастика тармагында алгачкылардан болуп чет жактарга өлкөбүздүн атын чыгарып келе жаткан гимнастчы кызыбыз, Айнура Шаршембиева менен болгон маек.

- Алгачкы жолу гимнастика мектебинин босогосун качан аттадыңыз эле?
- Мен гимнастикага 11 жашымда келгем. Мага гимнастика аябай жаккан. Менимче, гимнастика кооз спорт түрлөрүнүн бири. Апамды колунан жетелеп келип, өз каалоом менен ийримдерге катыша баштаганмын.
- Бул тармакта кандай ийгиликтерге жетиштиңиз?
- Ийгиликтер бар. Мен спортко 2004-жылы келгем. Көп өтпөй чемпионатка катышып, бешинчи орунга илиндим. 2005-жылы болсо Кыргызстандын гимнастика боюнча чемпиону болдум. Азыр да гимнастика боюнча Кыргызстандын чемпиону жана спорт чеберимин. Кыргызстандын атынан Гуанчжоудо өткөн Азия чемпионатына барганда, дүйнөлүк таймашта финалга чыккам. Өлкөбүздө гимнастика тармагынын тарыхында мындай мурда болгон эмес. Биринчилерден болуп, дүйнөлүк таймашка катышкам. Жакында кайрадан эле Азия чемпионаты өтмөкчү. Бул жакта мен сегизинчи эмес, алдынкы орундарга умтулуп жатам. Аракет кылып, азыртан эле машыгуудамын. Дагы жарым жылдай убакыт бар.
- Бир жерди сындырып алуу көркунучу барбы?
- Жок! Жеңил жаракаттарды алышыбыз мүмкүн. Бирок бир жерди сындырып алуу коркунучу жок. Спортто абдан акылдуулук керек. Өзүңдүн ден соолугуңа зыян келтирбеш үчүн ар бир кадамды, ар бир кыймылды ойлонуп жасоо абзел. Себеби гимнастика спорттун кооптуу түрлөрүнө кирет. Ойлонулбай жасалган кыймылдардын натыйжасында катуу жаракат алып калышыбыз ыктымал. Бирок менде мындай болгон эмес.
- Чет элге чыкканыңызда ким каржылайт?
- Бизди чындыгында таймаштарга барганда каржылашпайт. Мындай учурда акча маселеси бир топ кыйынчылыктарды туудурат. Көбүнчө мага ата-энем жардам берет. Жакында эле Москвага барып, Азия оюндарына даярданып келдик. Мени спорт комитети каржылады. Бирок биз акчаны аз аздан, ар жерден алабыз. Чындыгында демөөрчүнүн жоктугу абдан кыйын.
- Кыргызстандын атынан Азия оюндарына барганда шаарыбыздагы бир тармактуу компания каржылаганбы?
- Ал жакта Азия чемпионатындагы олимпиадалык оюндар болгондуктан барган топтун баарын мамлекет каржылаган. "Ипар" компаниясы болсо 2009-жылы Түркияда өткөн "Стамбул кубогуна" катышканымда финансы жактан толуктоолорду киргизген. Анда экинчи орунду алып келгенмин. Эл аралык таймаш болгондуктан 13 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан.
- Апаңыз доктурлук кесипти эмес, гимнастиканы тандооңузга каршы болгон жокпу ?
- Менин апам доктур. Менин тандаган жолума каршы эмес. Тескерисинче, дайыма жанымда болуп, мени моралдык, психологиялык жактан да колдоп келет. Апам менин ден соолугума пайдалуу дары дармектерди да өзү алып берет.
- Спортсмендерге колдоо көрсөтүлбөсө да жеңишке жетсе алкыш айтып, куру кайтса эч нерсени актаган жок дешет. Буга кандай карайсыз?
- Ооба, бизде ушундай система бар. Бирок жеңишке бардык жактан жакшы колдоо алган адам гана жетише турганы баарына эле белгилүү. А бизге бийликтегилер колдоо көрсөтпөй, каржылабай эле жакшы жыйынтык күтө беришет. Эми каржылабайт дегенге да болбойт. Анча, мынча жардамын берип коюшат. Мына ушундай учурда спортсмендерге өзүнүн чөнтөгүнөн өзүн каржылоого туура келет. Баарынан мурда өзүңө ишенип, машыга берсең ийгилик сөзсүз болот. Бийиктиктерди багындыра баштасаң көңүл да бөлүнүп, колдоо да көрсөтүлүп баштайт.
- Гимнасткалардын арасында атаандаштык барбы?
- Бала кезимде атаандаштык азыркыга караганда күчтүүрөк болчу. Мен кеч барсам да баары менен бир дөңгээлде жеткенге аракет кылчумун. Кыйынчылыктар бар болчу. Азыр болсо 19 жаштамын. Бул куракта жогорку окуу жайларына тапшырганда гимнастика менен окуунун ортосунда тандоого туура келип калат. Көптөрү окууну тандап кетишип, машыкпай коюшат. Мен гимнастикасыз жашоомду өткөрө албаганыма байланыштуу экөөнү бирдей алып кетип жатам. Менин гимнастика тармагындагы теңтуштарым аз болгондуктан атаандаштык жокко эсе.
- Тандаган жолуңуздун арты менен кайсы өлкөлөрдө болдуңуз?
- Көп эле жерге баргам. Туркия, Киевде, Россиянын көптөгөн шаарларында, Африкада, Якутияда, Голландияда, Израилде жана Италияда болгонмун.
- Кепти үй-бүлөңүзгө бурсак?
- Мени үй-бүлөм дайыма колдоп келет. Чет жакка барганда өздөрү жиберип, өздөрү тосуп алып дегендей. Бир тууган агам бар. Кыргыз Орус Славян университетин аяктаган. Учурда кесиби боюнча иштейт. Апам врач-окулист. Менин жакшы колдоочум. Каякта жүрбөйүн кам көрүп, ден соолугумду, утуштарымды көзөмөлдөп турат. Кээде моралдык жактан да психологиялык жактан да кыйналган учурлар болот. Мындай учурда апамдан жардам күтө алам. Окуудан да, гимнастикадан да жардам берет. Бирок менин мүнөзүм тырышчаак. Кыйынчылыктарга көнүп калгам. Негизи апам мени дайыма колдоп бергенге даяр. Жашоодогу таянаар тоом деп апам менен байкемди айта алам. Тилекке каршы, атам бир жаш үч айлыгымда каза болуп калган.