п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Журналист жана ырчы Рая Нургазиева:
"Эмгеги бааланбай калган таланттар бизде көп"
Балалыктан көз ирмем
Чыгармачылык жолду тандоомо атам Осмонбеттин салымы чоң. Эгерде ырчы болбой калсам юрист же врач болуп отурмак болсом керек. Эсимде калганы, ар бир үйдө точкага сайылган радио болоор эле. Бир жолу радиодон Канымгүл Досмамбетова ырдап жатса, атам: "Мына, менин кызым ырдап жатат," - десе балалык кызгануу сезим менен тура калып, "Мен кызыңызмын" деп ырдап жибергем. Ошол күндөн тартып, ыр дүйнөсүнө болгон кызыгуум күчөп, күнүгө таң атпай туруп, радиодон берген ырларды күтүп жазып алчумун.
Алгачкы чыгармачылыктын чыйыр кадамы
Айылыбызда Айылчы Разакулов, Адылбек Кыязов деген агайлар айылдагы маданият үйүндө кыздардын курамынан эстрадалык ансамблдик топ түзүшкөн, ошол жерден Эсенбек Мааданбековго таандык "Таң чолпонум" ырын ырдап чыккам.Ырчы болуу максатында алгач Муратаалы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырып өтүп кеттим. Жер алмаштыргангабы, айтор, ооруп, окуумду уланта албай калдым. Багыма ыр дүйнөсү жазылганбы, гезитти барактап отуруп, андан эки жылдык эстрадалык окуу жайга кабыл алып жатканын окуп, ал жерге тапшырып өтүп кеттим. Турмуш тагдыр буйруп, Фрунзеден Ош жергесине сапар алдым.
Ырчыдан журналисттик
кесипке багыт алган жол
Эгемендүүлүктү алгандан кийин турмуш шарт кыйындап баштады. Бул учурда балдарым жаш болгонуна карабай Ниязаалы атындагы музыкалык окуу жайды аяктадым. Андан кийин ОшМУнун журналистика бөлүмүн сырттан окуп, сабактан тышкары Р.Абдыкадыров атындагы филармонияда иштеп жүрүп, диплом алгамын. Кийин тааныштарым "Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда орун бар, кел" дегенинен Бишкекке көчүп келдим. Көрсө, кечигип калыптырмын, филармонияда орун жоктугуна байланыштуу, мектепте мугалим болуп иштеп жүрдүм. Бул жердин да айлыгы аз болгондуктан, журналистика кесибим менен Кыргыз радиосуна ишке орношуп, иштеп келгениме билинбей бир топ жыл өтүптүр.
Баркталбай калган талант
Балдарымдын атасы Алтымыш Кадыров бүт жашоосун чыгармачылыкка арнап кете берди. Өзү сезген ыр дүйнөсүнүн даамын элге жеткирем деп жүрүп, өмүрү жолдо өттү. Канчалаган жерге гастролдоп барды, кыргыздын бардык жергесине концерт берди. Болгону эмгеги бааланбай калды. "Эмгек сиңирген артист" деген наамды албай жүрүп, көзү өтүп кетти. Азыр бир ыр менен деле эмгек сиңирген артист деген наамдарды алгандарды карап туруп, баркталбай калган көптөгөн таланттарга боорум ооруйт.
"60 К" тобу
Балдарымды ырдабай калды деген сөздөргө кээде жан дүйнөм ооруй түшөт. Уулдарыма атаңдын жолун жолдо же сахнадан такыр кет деп айтпайм. Болгону, ыр дүйнөсүн тандай турган болсо эптеп ырдады деген аттан алыс болуп, чыгармачылыктын оор жолдорун басып өтө алышса гана улаганы жакшы. Талант менен Самат элдин көңүл чордонунан алыс болгону менен эки башка ырдап калып жүрүшөт. "60 К тобу тарады",- деген ушак-айыңдар да жок эмес, балдарым азыр чыгармачылык тыныгууда, "60 К" тобу тараган жок.
Дамира СААЛИЕВА








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??