Иним экөөбүзгө бир катын...


Айгүл ШАРШЕН
(Башы өткөн санда)
- Апа, Надыр байкем таятамдыкына барып калган чыгаар ээ?
- Билбейм кызым, кайда жүрөт, каерге барды, деги аман-эсен болсо экен.
- Таятама барып калгандыр, - деп бала болсо дагы кабатырланганын билдире улутунуп койду. Тээ айылга жете бергенде Надырбек арыктын жээгинде отурганын көрүп кубанып кетти. Ыйлап-сыктаган Сейил баласынын жанына жетип:
- Надыр, кел учкаш, таятаңа чогуу барабыз, - деди.
- Сени менен барбайм, менин атам Айбек болот уктуңбу, Зарипжан менин атам эмес, сен калп айтасың, - деп туруп алып, качып жөнөдү. - Надыр токто дейм, таятаңа чогуу барабыз токто!
- Мен атамды сагындым, түрмөгө барып табам.
- Уулум, кел-келе гой, мен алып барам сени, мени укчу өзүм алпарайын, - Артынан атты тездете бастырды.
- Калп, мени алдап жатасың, сенин күйөөң бар! - деп болбой кете берди, кубалашып атасынын үйүнө жетти, Сагынбай сыртта жүргөн, ыйлагандан ботала болуп, ысыкта боргулданып короого кирген Надырбекти көрүп чочуп кетти. Азиз менен Азим мал кайтарып кеткен. - Сага эмне болду, бирөө кууп келдиби, балам?
- Мен атама барам, таята.
- Кайдан табасың?
- Издейм, атамды таап, мен атам менен калам, - дегенде артынан Сейил менен Нурила кирди, - Сен эмнеге келдиң, баары бир мен сени менен барбайм, атамды табам! - Мурдун шыр тарта жеңи менен сүртүп алды, - Эмнеге атамды каматтың?
- Ой бала, - Сагынбай ачуулуу карады, - Атаңды ушул каматты беле, өзү киши өлтүрүп камалган, ок, атаңдын оозун урайын десе, энесин күнөөлөп качып келген тура, бар таап ал атаңды!
- Ата, ата антпечи, бала неме айтып койду да, ата, - Сейил ыйлап Надырбекти кучактамак болду, - Надыр, уулум мен сага түшүндүрүп берем, жүр үйгө киреличи.
- Кирбейм, мен Алибек байкемдикине барам! - деп Надырбек артка бурула короодон чыгып баратканда Сейил анын артынан жөнөмөк болгондо Сагынбай аны токтотту.
- Тим кой, эми адашпайт, туугандарына барып да көрсүн, кандай тосуп алаар экен, билсин атасынын бир туугандарына кадыры барбы жокпу. Атачылын кара жашабай жатып, тынч жашай албай түрмөгө түшкөн атасынын ким экенин билсин!
- Ата, Айбек деле жакшы болчу, шайтанга азгырылды го…
- Үйгө кир, эми туугандарына барып кайра келет да.
- Апам жок беле?
- Апаңды байкең алып кеткен, дарылатам дейт го, ооруп жаткан.
- Качан алып кетти эле?
- Көп болду, бүгүн-эртең келип калаар, эй сары кыз, чоңоюп калдыңбы, кызым? - деп Нуриланы эңкейе өөп койду Сарыбай.
- Ата, Азизбектер жакшы эле жүрөбү? - Сейил атасынан бир аз батыналбай туруп, балдарын сурады.
- Жүрөт, алар азамат, Надырбектей терсаяк кайдан болсун, атаңдын оозун урайын десе, мурдунун богун арталбай жатып, атасын табат имиш.
- Койчу ата, бала да ал.
- Бала болсо да баладай болгону жакшы, эмитен энесине каяша айтып жүрсө кандай жакшылык күтөсүң ошо баладан, терсаяктыгын кара эмитен, - деп Сагынбай чындап эле ачууланып алган, аны көрүп, Сейил унчукпай калды. Кечке маал апасын агасы Рапилбек алып келип калды. Ал күнү Сейил кечке тынчы кетип отуруп, эптеп түнөп эртеси таң заарынан туруп, кайнисинин үйүнө жөнөдү, ал эми жеткенде Алибек көрүндү.
- Надыр келдиби? - деди ал-жай сурабай эле Сейил.
- Келген, уктап жатат.
- Ай кудай ай, мени жинди кыла жаздады го, мага аны кошуп бер эми, эптеп алып кетейин.
- Тим кой жеңе, жүрө турсун, кетем десе куданыкына өзүм жеткирип коем, Нурила чоңоюп калдыбы?
- Чоңоюп калды, өзүңөр жатасыңарбы, ал-жай деле сураганга жарабай калганымды кара, - Сейил ыңгайсыздана түштү, - Мейли анда мен кетейин, атамдардыкына жиберип койгула ээ?
- Ооба, өзүм жеткирем.
- Макул анда, - Сейил үйүн көздөй жөнөдү. Азизбек менен Азимбек бир топ чоңойгонго токтоло түшүптүр, апасына таарынычы күч болгону менен энесин кыйып кетмек эмес эле, сагынычтары жазылганча сүйлөшүштү, карындашын эркелетип кетээринде Азимбек:
- Апа, кабатыр болбой эле кой, Надырбекти биз көздөп турабыз, атам жөнүндө түшүндүрүп коебуз, - деди.
- Макул, садагаларым, таятаңарды капалантпай айтканын угуп жүргүлө эми, айла канча ушинтип ар кимибиз ар жакта калдык, - деп бышактап ыйлап жөнөп кетти.
Жолдо келе жатып, Нурдинге жолугуп калды Сейил. Экөө көпкө сүйлөшүп отуруп Сейилге Алтынбек менен Айбектин чырын айтып келип:
- Сен Алтынбек менен сүйлөшүп жүрчү турбайсыңбы, биз аны билбептирбиз, - деп күлүп калды.
- Нурдин, мен аны менен сүйлөшкөн эмесмин, бирок айттырып жүргөн, дегеле аны менен жолугуп көрбөгөм.
- Кызык, эми го ал дүйнөдө, күнөө кимде кудайым өзү калыстаар дечи, ал аябай айткан да, калп жеринен Айбектин кыжырын келтирсе анда жаман болуптур.
- Мен болбой койгомун, катына жооп бербей койгом, ошого ыза болуп Айбектен чыгаргысы келсе керек.
- Өзү ажал тапты эмне болду, ооз кесирин тартты байкуш, бөөдө Айбекти шорго салды, үй-бүлөсүнөн ажыратты, - деп Нурдин баш чайкап калды, - Ойносоң да ойлоп сүйлө деген чындык да, кесир сөздүн арты менен канча адам жабыр тартып калды, өзүнүн үч баласы жетип калды, аялы эрге тийип кетти, силер чачырадыңар.





about | A Free CSS Template by RamblingSoul

7-февраль, 2012-жыл






??.??