Азиз Батыров:

Тактайга кыл тартып,


комуз деп элестетчүмүн


Азиз Батыров - 1992 жылы 12 -ноябрда Ош облусуна караштуу Кара-Суу шаарында төрөлгөн. Орто мектепти шаардагы Ленин атындагы орус тилдүү мектептен аяктап, азыркы күндө Бишкек шаарындагы Манас Кыргыз - Түрк университетинин консерватория бөлүмүндө салттуу музыка жаатында билим алып жатат. Азиздин устаты, ырчы жана дастанчы, КРнын эл артисти Роза Аманова.

- Азиз, редакциябызга кош келипсиң? Чыгармачылыкка качандан баштап кызыгып калдың эле?
- Чыгармачылыкка балалыгымдан кызыкчумун. Телевизордон Роза Аманованын ырдаганын угуп, комуз чертүүгө кызыга баштадым. Кичинекейимде тактайларга кыл тартып чертип жүргөнүмдү байкаган апам комуз сатып берди. Бул мен 3-класста окуп жүргөн кез эле. Комуздан 8-класстан тартып, райондук балдар чыгармачылык борборунда иштеген Уулкан Стамкулова эжейден сабак ала баштадым.
- Комузду сол кол менен чертүү кыйын эмеспи?
- Табигаттан сологой болгонум үчүн анча деле кыйын эмес.
- Эл алдына качан ырдап чыккансың?
- Эң алгач 8-классымда, райондук маданият үйүндө Барпынын "Мөлмөлүм" ырын ырдап чыктым.
- Эл кандай кабыл алды?
- Элдин баары сол колум менен комуз чертип жатканыма аябай таң калышып, жаныма келип карашып, абдан ыраазы болушкан.
- Комуз чертүүдөн тышкары обон да жаратат экенсиң?
- Ооба, биринчи жолу залкар жазуучубуз Ч.Айтматов каза болгондо элесине арнап, Назгүл Осмонованын сөзүнө жазылган "Залкарды жоктоо" деген ырга обон чыгаргам.
- Биринчи курс болуп, шаарга көнүү кыйынчылык жараткан жокпу?
- Адегенде туулган жерди сагынып, кусага батып жүрсөм, азыр үйрөнүп калдым.
- Бишкектеги чыгармачыл чөйрө кандай экен?
- Албетте, Бишкекке келип, дүйнө таанымым кеңейип, жарты нанды тең бөлүшүп жешкен өзүмө окшогон чыгармачыл досторду таптым. Роза Аманованын чоң жардамы менен окуп жатам азыр. Ал өзү мага ишемби, жекшемби күндөрү комуз чертүү жана дастан айтуу боюнча сабак берет.
- Роза Аманованы биз жылдыз катары билебиз, а жөнөкөй турмушта кандай адам экен?
Биринчиден, шакирттеринин арасынан эң кичүүсү болгонум үчүн группанын эркесимин. Эженин мүнөзү өзүнүн ырларындай болуп токтоо, жөнөкөй, ырларын башка ырчыларга окшоп кызганбастан, шакирттерине ырдоого уруксат берет. Роза эженин дастанчылардан түзгөн "Маржан" тобу азыр унутулуп бараткан элдик дастандарды, мисалы "Курманбек", "Кайран эл" сыяктуу дастандарга кайрадан экинчи өмүр тартуулап, эл алдына алып чыгып жатышат.
- Шаар сага эмнеси менен жакпады?
- Шаарда өзү кыргыз болуп туруп, оруча сүйлөгөн чоң - чоң эле эжелердин коомдук жайларда орусча сүйлөп, чоектогону жакпады.
- Башка улуттан болсоң дагы кыргыз ырларын ырдап жүргөнүң бизди абдан кубантат. Сенин бул тармакты тандап алганыңа апаң кандай карайт?
- Мени төрөп өстүргөн алтын апам музыка укканды, мени ырдатып отурганды абдан жакшы көрөт. Материалдык жактан жардам берген, концерттик кийимдеримди тиктирип берген демөөрчүм дагы апам. Башында жөнөкөй комуз сатып берген апам балам кызыгы тараганда өзү эле таштап коет деген да ойдо болду окшойт. Бирок, ошол жөнөкөй комуз менен көп жерлерде ырдап, чыгармачылыктын кызуусуна киргенимди көргөн апам кийин өрүк комуз сатып берди.
- Кайсы сынактарга катыштың?
- 2012-жылы Ысык-Көлдө өткөн "Ырдайлы кыргыз ырларын" фестивалында Роза Аманованын "Ынтымак" дастанын ырдап, лауреат болгом. Ош облусунда өткөн көп кароо-сынактардын лауреаты болуп, жогорку окуу жайына сынагы жок өтүүгө жолдомолорду алгам. Бул сыйлыктар менин чыгармачылыгыма дем берип, дагы да комуздун сырларын терең үйрөнүүмө түрткү болду. Окуп, билим алуу менен бирге КРнын эл артисти Юрий Бобковдун "Ырдайлы кыргыз ырларын" долбоорунда ырдайм. Жакында эле ошол топ менен Юрий Бобков өзү тарткан "Ынтымак" документалдык фильмин Кыргызстандын бардык аймактарын кыдырып тартып келдик.
- Сахнадагы күлкүлүү окуялардан айтып берсең?
- Өткөндө ЭЛТРдин студиясына "Таңкы конок" телеберүүсүнө таңга маал шашып баратып, кийимдеримдин баарын алыпмын дагы, туфлимди унутуп калыптырмын. Бутума маасы кийип алганымды айт. Берүү бүткүчө бутумду үстөлдүн астына жашырып олтургам. Ушул эсимден кетпейт.
- Апаңа кайсы улутттун кызын "ушул келиниңиз" деп алып барасың?
- Кудай буюрса, чачы согончогуна тийген, оор басырыктуу, жөнөкөй кыргыз кызын алып барам деген ойдомун.
Назгүл Осмонова