Обон почта
ОП-204-01. Карап турсам карегиңде жалын бардай,/ Тиктеп турсам колунда калы бардай./ Ушул турган сезим үчүн от чачкан,/ Кыш эмес жүрөгүндө жазы бардай./ Ойлоп турсам кыялымда гүл өскөндөй,/ Сезип турсам сезимим күн өпкөндөй,/ Окуп турсам телмирип ырларын,/ Жаздын жыты аралап бир өткөндөй./ Кыял
ОП-204-02. Укчу мени өчкөн шамым жанбай турат,/ Өзүңсүз калбай дарман, калбай кубат./ Бир кездеги экөөбүз курган сепил,/ Калгансып мүдүрүлө эчак урап./ Укчу мени, көзүм жашын тыйбай турат,/ Келет деген үмүттөн кыйбай турат./ Түн койнуна батып кеткен кайран жаным,/ Бул дүйнөдө сенсиз жан сыйбай турат./ 0779171ххх
ОП-204-03. Нукура, жаным сени аябай сагындым. Бактылуу бол, менин биринчи махабатым, менин арманым. 0777917ххх
ОП-204-04. Таланттуу Талант байке, ар дайым аман болуңуз. Ден соолугуңуз чын болсун, өмүрүңүз узун болсун. Ушул жыл сиз үчүн көптөгөн ийгиликтин жылы болсун. Кыргыз калкыбызды ар дайым жылмайтып жүрө бериңиз. Күйөрманыңыз Роза
ОП-204-05. Салам, Кыргыз калкым! Жаңы балык жылыңыздар менен! Бул жыл молчулуктун жылы болсун. 0772766ххх
ОП-204-06. Мага тамашакөй Жим Керри аттуу актер жөнүндө кыскача маалымат берип койгулачы, сураныч. Сими
"Обондон" жооп: Көбүнчө комедия жанрындагы тасмаларда роль жараткан Жим Керри 1962-жылы 17-январда Канаданын Онтарио провинциясында туулган. Биринчи жолу "Бир жолу тиштелген" атуу тасмада роль жараткан. Эки ирет "Алтын глобус" сыйлыгына татыган.
ОП-204-07. Аксы районунун Сыны айылына супер салам. Сайкал 95
ОП-204-08. Аксы районунун Кара-Жыгач айылынын тургуну Түмөн 93, сени сүйүп калдым. 0772840ххх
ОП-204-09. Эх, жигиттер, силерде жүрөк барбы? Бардык кыздарга салам деп, Айка, Мадина
ОП-204-10. Тай энем Асылкүлгө салам жолдойм. Кудайым жараттың айды, жерди,/ Адамга боорукериң барбы деги./ Тай, тай басып талпынган бөбөктөрчө,/ Суранам бастырчы таенемди./ Фатима
ОП-204-11. Атасы Марат, баласы Ибрагим, силерди келе жаткан 3-февраль туулган күнүңөр менен куттуктайм. 0771029ххх
ОП-204-12. Ушунчалык сүйүп калам деп сени ойлобогон элем, Түмөн. 0772840ххх
ОП-204-13. Кеминдик (Дос-Алыштык) досум, мейманканадан таанышкан досум Медет, Нарындык досум Тукаш мага чалгыла. Райкул 0557025ххх
ОП-204-14. Салам, "Обончик!" Салам балдарики, кыздарики. Баарыңарга салам! F@@@ 345
ОП-204-15. Кочкор районунун Комсомол айылындагы Сүйүнбаевдерге салам. Даку
ОП-204-16. Салам, "Обон" гезитинин жалпы жамааты жана супер СМС-чилер. 077 2292ххх
ОП-204-17. Укмуш эле аны менен жүргөн убак,/ Тоголонуп көз жаш эстеп агат кулап./ Акылга сыйбаган арман менен/, Өтөр болду 17-ге толгон курак./ Ыйлабайм десем жүрөк жашын куят,/ Жаным алсыз, сенсиз араң аккан булак./ 0779171ххх
ОП-204-18. Классташ ойлоп келсе кымбат нерсе,/ Эгерде ар ким аны баалай билсе./ Бирге окуп, бирге жүргөн классташтар,/ Аттиң ай, түбөлүккө бирге болсо./ Ак-Суунун 11-а классына ийгилик каалайм. Алтын кыз
ОП-204-19. Сүйсөң сүйгүн бирөөнү,/ Сүйүп калба экөөнү./ Сүйүп калып үчөөнү,/ "Занят" кылба төртөөнү./ Ээрчитпегин бешөөнү,/ Алдап коюп алтоону./ Жетелебе жетини, Секиртпегин сегизди./ Тоголотуп тогузду,/ ону менен ойнобо,/ бирөөнү сүйсөң жетиштүү./ Чика 96
ОП-204-20. Таэнем аялзаттын асылы эле,/ Оорунун бир этегин басты неге?/ Жарым карыш жаман жолду баспаган,/ Жалган сүйлөп жаман деле айтпаган./ Фатима
ОП-204-21. Э. Карасартов орто мектебинде окуган 9-а классына ысык салам. Чика
ОП-204-22. Салам, "Обон!" Супер СМС-чилерге Казармандын Арал айылынан чоң салам. 0778419ххх
ОП-204-23. Түмөн 93, сен неге Жастин Биберге окшошсуң? Сени деп жүрөк оору болуп калдым. 0772840ххх
ОП-204-24. Саат жебеси токтоп калгандай көрүнөт,/ Тогуз болбой оюм онго бөлүнөт./ "Алоо, жаным" деген сөзүң укканча,/ Сагынычтан көздөн жашым төгүлөт./ 0778419ххх
ОП-204-25. Лейлек районуна караштуу "Кыргызстандын 60 жылдыгы" орто мектебинде окуган 95-жылкы кыздар-балдарга салам. 0779587ххх
ОП-204-26. Салам, "Обон!" Келгилечи, көп окуйлу кыргызымдын жаштары. Келечек биздин колдо. Жылдызхан
ОП-204-27. Салам, Кыргыз элим! "Обон" гезитине чыгармачылык ийгилик! Жолуңар ачык, башыңар аман, жүзүңөр жарык, өмүрүңөр узун, ден соолугуңар чын болсун. Жашоодогу бардык жакшылыктарды каалайм. Аман болгула! 0770622ххх
ОП-204-28. Салам, Кыргызстан! Кыргызстандын келечеги кең өлкө. Кудай буюрса өнүккөн мамлекеттердин бири болот. 0770622ххх
ОП-204-29. Баракелде Гүлжигит, Атай! Дайыма ийгилик силер менен жанаша жүрсүн. Нуризка
ОП-204-30. Мээнет кылып эмгегинен үзүп алып,/ Чай ичээрде жатып калды буттан тайып./ Жаратканым жалбарайын бир өзүңө,/ Жалооруй көр, жайдары таенеме./ Фатима
ОП-204-31. Сизди көргөндө абдан сүйүнүп кетем. Сизди сүйөм,/ Аны кантип жашырам?/ Бул оюмду кантип ишке ашырам?/ Ойлоп, ойлоп ой учуна жете албай,/ Кээ күндөрү уйкусуз таңды атырам./ Атай байке, сиз менин эң алгачкы тунук сүйүүмсүз. Бирок сиз мени карабайт болушуңуз керек. 0770467ххх
ОП-204-32. Салам, "Обон!" Мен көптөн бери айта албай жүргөн сырымды сиздер менен бөлүшөйүн. Мен мыкты бийчи Атайды сүйөм. Мага келбети, мүнөзү, жөнөкөйлүгү жана жакшы бийлегендиги жагат. Атайдын ар бир сүрөтү мен үчүн кымбат. Мен өмүрүмдүн акырына чейин сизди сүйүп жашайм. 0770476ххх
ОП-204-33. Аксы районундагы сүйүктүүмө салам. Мен сени сүйөм, Акынбек! 0779610ххх
ОП-204-34. Досторум Акылай, Алена, Айпери, Алтынай, Назира, Эля, ар дайым ден соолукта, ата- энеңердин маңдайында жадырап, жайнап жүрө бергиле! Чика
ОП-204-35. Оо, жаным, сени аябай сагындым. Мени кечирчи, суранам. Сени көргүм келди. Уктасам түшүмдөн, ойгонсом көзүмдөн сенин элесиң кетпейт. Ширинимсиң, таттуумсуң менин ар дайым эңсеген,- деп коён сабизди жеп коюптур. Чика
ОП-204-36. Урматтуу "Обон" гезити! Ырчы Омар жөнүндө маалымат берип койгулачы, сураныч. 0770374ххх
"Обондон" жооп: Азыркы чакта сахнаны багынтып турган жигитибиз Омарды кимдер гана тааныбайт. Примадонна Алла айымдын белегин да алууга жетишкен ырчы жигитибиз учурда жаштарга эле эмес, орто жаштагы муундарга да жагымдуу болгон кыргыз ырларын жаңыртып ырдоодо.
ОП-204-37. Ойлонуп, жүрөк ооруп, өңдөн азып,/ Ойлонбой кантип коём ойдон качып./ Олтурсам калем сап барактарым,/ Ойлосом бирге болуп жармашканын./ Марат 71
ОП-204-38. Тазагүл, 24-январь туулган күнүң менен! Сага ден-соолук, узун өмүр каалайм. Жүзүң жарык, асманың ачык болсун! Бала -чакаң менен аман бол! Агаң Марат
ОП-204-39. Салам, "Обон!" Менин саламым апам Бухабага, атам Жапарга жолдонот. 0779090ххх
ОП-204-40. Ойлоймун неге сени кайрадан,/ Ойлосом көңүл чөгөт кайгыдан./ Отуз жаш өтүп кеттиң билинбей,/ Өзүңдү көргүм келет айылдан./ Марат
ОП-204-41. Рахматова Айнагүл эже, ар дайым бар болуңуз! Окуучуңуз Чынара
ОП-204-42. Салам, "Обон!" Менин саламым Тогуз-Торо районунун Арал айылында жашаган атам Жеңишбек апам Венера жана таежелериме жолдонот. Силерди терең урматтоо менен кызыңыз, уулуңуз Канат ОП-204-43. Лейлектин "Самат" орто мектебинин 8-б классында окуп жаткан иним Жамилов Нуртилек, келе жаткан туулган күнүң менен,- деп бир туугандарың
ОП-204-44. Менин сүйүктүү досторум Нури, Фати, Турсун, ар дайым бар болгула. Жүзүңөрдөн күлкү кетпесин. Сүйгөнүңөргө жетип, ар дайым бактылуу болгула. Айым 95
ОП-204-45. Салам, " Обон!" Менин алгачкы саламым бүткүл мусулман элине жолдонот. Жаннат Исабековна
ОП-204-46. Менин саламым алыскы Тогуз-Торо районунун Чет-Булак айылында жашаган жан досторум Элмира, Айжаркынга жолдонот. Алтындарым, эч кайгырбагыла! Ули
ОП-204-47. 1996-жылкыларга супер салам. Ар дайым силерди бакыт, ден-соолук, махабат коштоп жүрсүн. Ули 96
ОП-204-48. Мен Айперинин сулуулугуна жана адамгерчилигине баа берем. Дайыма жүзүңдөн күлкү, жүрөгүңдөн ыйман, тилиңден куран кетпесин. Ата, энеңдин дайыма жанында бар бол! Сени чын дилинен урматтаган күйөрманың, Нурзада
ОП-204-49. Бусурман, дүйнөдө бактылуу адамдар бар. Анткени аларда байлык бар. Дүйнөдө бактылуу адамдар бар. Анткени аларда сулуулук бар. А мен алардан бактылуумун . Себеби сендей жигитим бар. Жаным, эч качан оорубаңыз. Ули 96
ОП-204-50. Жандай көрүп жактырганым билбейсиң,/ Азап тартып кыйналганым сезбейсиң./ Бирок жаным мага дагы табышмак,/ Кимди сүйүп, ким жөнүндө эстейсиң./ 0773043ххх
ОП-204-51. Сүйүү- поэзия, жүрүү- комедия, ал эми ажырашуу жөн эле трагедия! Махабат 95
ОП-204-52. Салам, "Обонтай!" Мен сиздердин гезитиңиздерди калтырбай окуйм. Догуровдун 9-а классына салам. 0778910ххх
ОП-204-53. Досторум Бема, Нурка, Бахтилерге салам жолдойм. Бар болгула, бай болгула! Гуля
ОП-204-54. Салам, "Обонушка". Мен Жалал-Абад областына караштуу Базар-Коргон районундагы Советский айылында жашаган ата-энеме , акем Нурадил, эжелерим Гүлназ, Гүлнара, Гүлзада, жезделерим Замир, Айбек, Алмамбет, жеңем Назира, сиңдим Гүлшанга салам жолдойм. Бар болгула, бай болгула! Силерди жакшы көрөм. 0770472ххх
ОП-204-55. Казармандагы апама, атама, жолдошум Улукка, Элидага, Мээримбекке чоң салам. 0777231ххх
ОП-204-56. Менин эң жакын дос кыздарыма салам жолдойм. Самара, Нуриза, Айзада, Айгерим, алга кыздар. Махабат
ОП-204-57. Махабат назданганда сырын ачат,/ Махабат кулпунганда гүлүн ачат./ Махабат сагынганда алып барчу,/ Сүйүүңдү ар дайым арнап турат./ Махабат
ОП-204-58. Сүйгөнгө сүйгөн кат берет,/ Сүйлөшкөнгө саат керек./ Эки жүрөк бири бирин сүйсө,/ Аларга унутулгус ант керек./ 0778910ххх
ОП-204-59. Салам, "Обон!" Тогуз-Торолуктарга чоң салам. Айым 95
ОП-204-60. Салам, "Обон!" Менин саламымды Тоң районунун Эшперов айылында жашап жаткан апама жолдойм. Каниметова Рыскүл апа, ар дайым бар болуңуз! 0778ххх296
ОП-204-61. Калыбай орто мектебинин 9-классынын окуучуларына жана Бейше мектебинин 11-классына супер салам. Ар дайым алдыда болгула! 0773229ххх
ОП-204-62. Менин саламым Лейлек районуна караштуу Кулунду айылында жашап жаткан чоң атам Султанов Галжигитке жолдонот. Дайыма балдарыңыздын курчоосунда бактылуу карылыктын күндөрүнө күбө боло бериңиз. Небереңиз
ОП-204-63. Сүйүктүү ырчым Аселя Кадырбековага салам жолдойм. Чыгармачылыгыңызга албан-албан ийгиликтерди каалайм. Адина
ОП-204-64. Салам, "Обонушка". Мен алыскы Жалал- Абад облатына караштуу Ала-Бука районунун Көк-Серек айылынын тургуну апам Калдарова Марапатка жана бир туугандарым Бурдуакун, жеңем Чолпон, Эжем Мая, иним Талгарбекке жана сиңдим Аянага салам жолдойм. Салимова Алина
ОП-204-65. Алишер, балам, туулган күнүң менен куттуктайм. Ден соолукта бол! Апаң Айнура
ОП-204-66. Эргеш Мейманов атындагы орто мектептин мугалимдерине ыраазычылыгымды билгим келет. Окуучуңар Нурдин кызы Айчүрөк
ОП-204-67. Жыргал, Зуби, бешик бооңор бек болсун! 0770437
ОП-204-68. Сагынычтуу салам кат,/ Сагынамын сени бат./ Сагынбайын десем да,/ Сагындырат махабат./ Асылзатка арналат. Нурик
ОП-204-69. Кандайсынар менин досторум? Эмне жок болуп кеттиңер? Унутпай СМС жазып турсаңар! Элдияр 92
ОП-204-70. Эми кетти, айта албаймын сүйүүмдү,/ Жүрөк сыздап, жабыркап мен жүрдүмбү?/ Ал адам мени сүйбөй таштап кетсе,/ Бекер эле ал адамды сүйдүмбү?/ Элдияр 92
ОП-204-71. Айжамал, сени сүйөм! Кыйнабачы мени. Маданиятка сөсүз барам. Ишенчи мага. Кеңеш 89
ОП-204-72. Салам, "Обон!" Мен Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылына салам жолдойм. Айчүрөк
ОП-204-73. Салам! Мен Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында жашап жаткан атам Макешов Абдыкапар, апам Оторбаева Бурулга жана байкелерим Урмат, Улан, Кубан, Мырзабекке, жеңелерим Таалайкүл, Чынар, Шамда, Нуркызга салам жолдойм. Абдыкапар кызы Мээрим.






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

7-февраль, 2012-жыл






??.??