""Non Stop"


дуэтиндеги Чолпон жана Максаттын үйлөнгөнү чынбы?


Бүгүн бизде конокто ырларынан да өздөрүнүн кичипейилдиги менен жаштардын жүрөгүнөн орун алууга жетишкен "Non Stop" дуети болду. Баарынан кызыгы клиптеринде бирин-бири жулкулдатып, бетке шакылдата чапса да, чыныгы жашоодо бир да жолу таарынышып, урушуп көрө элек экен. Стилисти жок эле мындай саркеч кийимдерди тандаганына болсо, "баракелде" дейсиң.

- Сүйүү күнүнө карата дүңгүрөтө концерт өткөрүп, тушооңуздарды кесейин деп жатыптырсыздар?
- Ооба, махабат майрамына карата, "Non Stop" дуэти алгачкы жеке концертин тартуулайт. Бардык сүйүшкөндөргө жагымдуу белек болот деп ишенебиз.Концертте көрөрмандарды абдан кызыктуу сюрприздер күтөт.
- Азыр кыргыз жылдыздары клиптерин чет жактан тартууга өтүштү. Клибиңиздерди Дубайда тартууга эмне себеп болду?
- Былтыркы жыл биз үчүн абдан жемиштүү болду. Көп ыр жаздырып, тыным албай иштедик. Мындан улам продюсерибиз бизге эс алууга жолдомо белек кылган эле. Ошентип, Дубайга барып калдык. Жөн гана эс алып келбестен, чыгармачылыктын да камын көрүп, "Койчунун эс алганы, кой кайтарганы" - дегендей, биз ырчылар эс алып гана тим болбостон, клип тартууну туура көрдүк.
- "Жүрөгүм сага" аттуу ырыңарга клип тартып жатканда сиз Максатты бетке чаап, баарын таң калтырган экенсиз. "Жалгыз сенге" клип тартканда дагы кандай кызыктар болду?
- Андай кызыктар абдан көп. Мисалы "Жалгыз сен"деген ырыбызга клип тартып жатканда, Максаттын тиши чыдатпай ооруп, Дубайда дарыкана издегенибиз эсимде.
- Бир ырдын үстүнөн иштөөгө канча убакыт кетет?
- Бир жаңы ырды жаратуу үчүн кээде көп убакыт сарпталса, кай бир учурда аз эле убакытты талап кылат. Кээде бир жуманын ичинде эле жаңы ыр пайда болсо, кээде жакшы жыйынтык чыгаруу үчүн эки айга чейин үстүнөн иштөөгө туура келет.
- Сиздерди баары кичипейил топ катары тааныйт. Жашоодо да ушундай кичипейилсиздерби же бул жөн гана маскабы?
- Non -Stop дуэти, жасалмалуулукту жаман көрөт. Сахнада кандай болсок, жашоодо да өзүбүздү ошондой алып жүрөбүз. Адам болгон соң кичипейил, күйүмдүү болуш керек. Текеберленүү бизди жараткан Аллага гана жарашат деп айта алабыз.
- Экөөңүздөрдүн мүнөзүңүздөр туура келеби?
- Ооба , туура келет. Бири- бирибизди түшүнүп, колдоп, сыйлап турабыз.
- Бири- бириңиздердеги жаман көргөн сапаттарыңыздар?
- Максаттын уйкучулугу эле болбосо, башка мага жакпаган сапаттары жок.
- Кайсы жакка барбайлы, Чолпон дайыма кечигип келет. Кечиккени жакпайт.
- Жаш айырмачылыгы сырттан дегеле байкалбайт. Эл көзүнөн оолактаганда сен кичүү, сен улуу деп урушпайсыздарбы?
- Жок, андай болгон эмес, болбойт дагы.
- Башында ортоңуздарда сүйүү бар экени жөнүндө эл кабардар болду. Кийин болсо экөөңүздөрдүн ортоңуздарда достук мамиле гана бардай жүрө баштадыңар. Өзү ортоңуздарда эмне бар?
- Ортобузда сүйүү болгонун сизден угуп жатабыз . Биздин ортобузда бекем достук бар. Чыгармачылыкта бири-бирибизди колдоп, туура түшүнүшүп келебиз.
- "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" деп, бекеринен айтылбайт. "Экөө үйлөнүп алышкан",- деген кептер эмненин артынан чыкты эле?
- Бул айрым адамдардын фантазиясы. Эл алдында ырдап жүрүп, ар кандай сөзгө көнүп бүттүк. Бирок, андай сөздөрдүн жүрүп турганы да жакшы. Чыгармачыл адамдардын артынан андай сөздөрдүн ээрчиши азыр кадимкидей эле көнүмүш адатка айлангансып калды.
- Чолпон, бардык клиптериңизде эмнеге эле бетиңизди чачыңыз менен жаап аласыз?
- Мага ошондой чач жасалга абдан жарашат деп ойлойм. Андан башка сырым деле жок. (күлүп)
- Чолпон, көбүнчө кыска кийинип жүрөсүз. Бул "бутум түз" деген мактаныч эмеспи?
- Сахнадагы стилиме жараша кийим тандоого туура келет. Сиз ойлогондой эмес.





Алтынай Атаканова:

Бардыгы менен жакшы тил табышууга аракет кылам


Бүгүнкү коногубуз учурда "Стан" телевидениесинин жаңылыктар бөлүмүнүн диктору, кыргыздын сулуу кыздарынын катарын толуктаган ай чырайлуу, таланттуу кызыбыз Алтынай Атаканова.

- Чыгармачылык жол бала кезден башталат демекчи, бала кезиңе кайрылсак?
- Балдар бакчасына барып жүргөн мезгилден баштап ырчылык чөйрөсүнө аралаштым. Тагыраак айтсам, 1990-жылы 5 жашымдан баштап. Ошол мезгилдеги бала бакчада болуп турган конкурстарда ырдап жүргөнүмдү байкаган "Ак шоола" балдар хорунун жетекчиси Гүлмира Эсенгулова мени ээрчитип кеткен. Ал убакта Гүлмира эже филармонияда иштеп жаткан убагы болчу. Мен үчүн атайын "Бийлеймин" ырын жазып берген. Менин алгачкы тушоо кесүү ырым болуп эсептелет.
- "Ак шоола" балдар хорунан өзүңө эмнени ала алдың?
- Эң биринчиден, татыктуу тарбия ала алдым десем болот. Анткени ошондо алган тарбиям, азыр да болсо таасир этет. Жардамы көп тиет дегендей. Өзүмдүн жашоомдогу өткөн күндөрүмдү "Ак шооласыз" элестете албайм. Гүлмира эжеге ушундай жакшы тарбия бергендиги үчүн чексиз ыраазымын.
- Атаандаштык болбосо, чыгармачылык өспөйт деп коет эмеспи. Сен атаандашым деп кимди эсептейсиң?
-Атандашуу деген түшүнүк бүгүнкү күнү күч алып жатат. Мен кичинекей кезимден өзүмө анчалык атаандаш киши күткөн жокмун. Албетте, атаандашуу сезими болот. Бирок андай деле озуп чыгуу максатында атаандашкан эмесмин. Анткени "Ак шоола" балдар хорунда тартип абдан күчтүү болгон. Баарыбызды ынтымактуу болууга тарбиялаган. Ал тарбия азыр деле таасирин берет десем болот. Ошондуктан учурда баардыгы менен жакшы тил табышууга аракет кылам.
- Чыгармачылыктан эмне себептен алыстап кеттиң жана учурда эмне менен алексиң?
- Ачыгын айтсам, мүмкүнчүлүгүм аз болуп жатат. "Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" деген сыяктуу шартыма жараша бир аз аксап турам. Шартым дегеним ырдап чыккандан кийин жогорку деңгээлде ырдагым келет. Буюрган күнү мыкты ырларды жаздырам деген тилегим бар. Азыркы мезгилде өз кесибим менен "Стан" телевидениесинде диктор болуп иштеп жаткандыктан убактым бир аз тар болуп жатат. Андан сырткары, учурда англис тилин өздөштүрүү үчүн атайын мугалимим менен биргеликте үйрөнүп жатам.
- Өзүңдү кандай мүнөздөй аласың?
- Өзүмдү өзүм мындаймын, тигиндеймин деп айткандан алысмын. Менин мүнөзүм кандай экенин башкалар айтканы оң. Мүмкүнчүлүгүм болушунча жөнөкөй болуп баары менен жакшы тил табышканга аракет кылам.
- Ашканада кандайсың?
- Түрдүү тамактарды даамдуу жасаганды жакшы көрөм. Ашканада жакшы эле кожойкемин. Бардык тамактарды даамдуу жасай билем. Өзгөчө салаттын түрүн жакшы жасай алам.
- Кыргыз шоу бизнесинде кимди мыкты деп эсептейсиз?
- Мыкты ырчыларыбыз абдан көп. Кыргыз элибизге эмгеги сиңген, чет өлкөлөргө кыргыздын атын таанытып жаткандар арбын. Бул же тигил ырчы деп бөлүп айта албайм. Бирок тилекке каршы, мааниси төмөн ырларды ырдап чыгып жаткан ырчыларыбыз да кездешип жатат.
Нурелла ЖАРКУЛОВА







about | A Free CSS Template by RamblingSoul

7-февраль, 2012-жыл






??.??