Кычык суроолор

Камчыбек Ташиев "биригели десем


Адахан болбой койду", - деп ыйлады беле?


Ушу тапта "Бүтүн Кыргызстан" жана "Ата-Журт" саясий партияларынын биригишине кыргыз калкы кулак түрүп турган чагы. Жаңы түзүлгөн партиянын аталышы кандай болот жана анын максаты жөнүндө "Ата-Журт" партясынын лидери Камчыбек Ташиевден сураганыбызда, төмөнкүчө жооп кайтарды.

- "Ата-Журт" партиясы менен "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын парламенттик же президенттик шайлоодо бирикпей эми биригип атканынын сыры эмнеде? Же бул бийлик биз менен эсептешсин деген чайкоочулук оюнуңарбы?
- Эч кандай бирөөгө бир доо артып, бирөө биз менен эсептешсин, же бизди карасын деген оюбуз жок. Биз мамлекетибиздин, элибиздин келечеги, эртеңки боло турган ар түрдүү саясий жүрүштөрдө чогуу бололу деген максатта бириктик. Анан эми мурда бирикпегенибиздин себеби, ар ким өзүнүн чак-чамасын билиш керек эле. Азыркы учурда ар кимибиз өзүбүздүн чамабызды билдик. Мындай карап көрсөк, өлкөбүздө болуп өткөн эки шайлоодон бери "Бүтүн Кыргызстан" жана "Ата-Журт" партияларынын чамасы бирдей экенине баарыбыздын көзүбүз жетти. Ошондуктан, азыркы бириккенибиз кайра жакшы болду го деп ойлойм.
- Шайлоо учурунда шайлоочуларыңыздар, Мадумаров экөөңөр бирикпейсиңерби? - деп көп айтышканынан улам, "Мен биригейин десем Адахан бирикпей койду" деп ыйлаганыңыз чынбы?
- Ыйлаган эмесмин, мен эч качан ыйлабайм. (күлүп) Ал калп сөз. Бирок, кайсы бир деңгээлде биз шайлоолордун алдында бириге албай калганыбыз чындык. Бир, эки жолу жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр болгон. Бирок, ал жолугушуулар натыйжасын берген эмес.
- Бир жолу эл менен болгон жолугушууда Адахан Мадумаровду авария болгон машинага салыштырбадыңыз беле, эми сизге ал бузулган машинаны оңдоо оор болуп калбайбы?
- Адахан Мадумаровду бузулган машинага теңеген эмесмин. Кайсы бир деңгээлде шайлоо маалында бири-бирибизге айтылган сөздөр болгон. Бирок, алардын баарын токтотуп, бири-бирибизди кечирип, азыр бир муштумга түйүлүп, бир саясий уюмга биригип туруп, кудай буюрса келечекти алдыга коюп, алдыга жылабыз.
- Бабанов менен Атамбаевдин ортосун кара мышык аралаган деген имиш сөздөр да чыгып атат. Сиз айткандай жазга чейин таратам деген парламентти таратып, кайра жаңыдан шайлоо кыласыздарбы?
- Парламентти жазга чейин таратам деп өзүмө максат койгон эмесмин. Бирок, кайсы бир саясий активдүүлүк жазга барып күчөп кетиши мүмкүн деген божомолдор бар. Парламент качан тарайт жана парламенттик шайлоо качан болоорун мен айта албайм.
- Атамбаев сизге бир нерсе убада кылып, өз сөзүнө турбай койду деп жүрүшөт. Бул маалымат чынбы, же сиз президент менен соодалашканга барган эмессизби?
- Мен Президент менен соодалашканга барган эмесмин. Эгер соодалашканга бара турган болсом, азыркы күндө кайсы бир бийлик бутактарында отурууга мүмкүнчүлүктөр болгон. Бирок, элибиздин, шайлоочуларыбыздын биздин алдыбызга койгон талаптарынын негизинде соодалашууга барууга мүмкүн эмес болчу.
- Жаңы түзө турган партияңыздардын аталышы кандай болот?
- Биздин өзүбүздүн эксперттик топтор жаңы түзө турган партиянын механизмдерин иштеп атышат. Кандай барабыз, жаңы партия ачабызбы же "Бүтүн Кыргызстанга" биригебизби, же "Ата-Журт" партиясына биригеби, мунун баарын биз карап чыгып атабыз. 2-3 күндөн кийин баары дайын болуп калат. 8-9-февралда биз эмне кылышыбызды толук билебиз. Анан февралдын жыйырмаларына жетип-жетпей биздин эки партия биргеликте сьезд өткөрөбүз. Бул сьезд Ош шаарында болот жана он миңдеген адамдар катышат. Ошондо гана биз кандай чечимге келгенибизди элге жарыя кылабыз.
- "Ата-Журт" партиясы жаңыдан түзүлгөндө тең төрагалар көп эле. Жаңы ачыла турган партияңыздарда да тең төрагалар болобу? Партиянын төрагасы ким болот?
- Ушул маселенин баары азыр каралып атат, жакын арада чечебиз.
- Партия мүчөлөрүнүн көбү түштүктөнбү? Түндүктөн канча мүчө болот?
- Аны саясий уюм түзгөндөн кийин далилдейбиз.
- Түштүктүк эки лидердин партиясы Кыргызстанда аймактык ажырымды жаратпайбы?
- Эч кандай андай болбойт. Биз түштүктөн эле эмес, түндүктөн дагы, мамлекетибиздин бардык булуң-бурчтарынан эл-журттун келечеги үчүн кам көргөн саясатчыларды чогултабыз деген максатыбыз бар. Кудай буюрса, ошол максатыбызга жетебиз деген ойдобуз.
- Чындап патриот болсоңуздар же чындап эле түндүк-түштүк ажырымын жок кылууну көздөсөңүздөр эмнеге "Замандаш", "Акыйкат" же "Ак шумкар", "Мурас" партиялары менен бириккен жоксуздар?
- Алар да келсин, биз кошуп алабыз. Бул жерде эч кандай маселе жок. Биз эки гана партиянын тегерегиндеги биригүүнү сөз кылып атабыз. Андан кийин бизге биригүүчү партиялар, кошулуучу саясий уюмдар, жеке адамдар болсо биз алар менен сүйлөшүп, алар менен кошо басууга, бирге алдыга жылууга каршы эмеспиз.
- Премьер-министрдин пресс-катчысы Султан Каназаров интернеттеги Фейсбук баракчасына "Камчыбек Ташиев менин кызматтан кетишимди талап кылып атат, эми мончонун бир парында кантип бирге отураар экенбиз?" - деп жарыялады. Султан Каназаровду эмнеге ишинен кетиргиңиз келип атат?
- Жок андай эмес, мен Султанды жумуштан кетсин дебеймин. Мен болгон чындыкты коомчулукка жеткиздим. Ууланган көмүрдүн баарын, ууланган көмүрдүн Чүй облусундагы мектептерге социалдык обьектилерге тарап кеткендигин, ушул убакка чейин өкмөт тарабынан эч кандай чара көрүлбөгөндүгүн жана ошол ууланган көмүрдүн негизинде миңдеген, керек болсо он миңдеген адамдарыбыздын өмүрүнө, ден соолугуна зыян келип аткандыгын мен тастыктап бердим. Ушул эле нерсенин бардыгын, өкмөттүн пресс-катчысы, "Жок, андай эмес, бул нерсенин баары калп", - деп айтып атпайбы. Ал эми ушул эле мезгилде мамлекеттик бардык органдар, Башкы прокуратура, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, ТЕЦ, Чүй облусунун жетекчилиги бардыгы менин айтканым чын экендигин тастыктап атат. Мамлекеттик деңгээлдеги адамдар өздөрүнүн тыянагын чыгарып атса, комиссиянын тыянагы чыгып атса, ошол эле мезгилде Премьер-министрдин пресс-катчысы Султан Каназаров булардын баары туура эмес деп бет тырмачылык кылып атканына абдан таң калып атам.
Төлөбүбү
Касымалиева




Нуржанов, акчаны бербейсиңби?


Жаныш Бакиевдин жакын досу Жумасарлык (Жуман) Нуржанов Бакиевдин мезгилинде бирөөлөрдүн эсебинен болуп көрбөгөндөй байлык топтоп, анын проблемалары менен мурунку достору түйшүк тартып жүрсө, ал кенен-кесири эс алып жүрөт.

Нуржанов казак болгондуктан, анын үй бүлөсү Казакстанда жашайт. Бирок, негизинен бизнеси Кыргызстанда болгондуктан, ушул жакта көбүрөөк жашап калган. Бишкекте эң чоң бильярд залын курмак экен. бир нече ресторандардын, "Нур" өндүрүш комплексинин ээси болуу менен бирге, курулуш иштери менен да алектенген. Өзүнүн үй бүлөсү үчүн Астанадан келишкен үй сатып алып, Кытайдан бизнесин жүргүзүп, Кыргызстандан бир топ менчиктерди сатып алган.
Банктардан бир нече миллиондогон доллар кредит алып, жакын досу Жаныш Бакиевдин (баса, банктар ушул кезге чейин кредитти кайтара албай, керек болсо күрөөгө койгон имараттарын сата албай жатат, себеби, соттор менен болгон тыгыз байланышы буга жолтоо болуп келүүдө) колдоосу менен кайтарган эмес. Мурунку Президенттин бир туугандары менен дос болгонун катуу мактанчу экен. Ал Өкмөттө ар кандай жогорку кызматтарда отурганы менен, өзүнүн терс жактарын көргөзгөн. Негизи ал бизнести бирөөлөрдүн эсебинен жасоону: бирөөлөрдөн акча алып бербей коюп, күйгүзгөндү жакшы өздөштүрүп алган.
Ал кулачын кеңири жайып жашап, машиналарды кол жоолуктай алмаштырып, "крутой" Мерседес", "крутой" джип "Лексус" менен жүрүп калган. Мергенчиликти, оюн-зоокту, кыз-келиндерди, шапар тебүүнү өлө жакшы көрөт. Ал бирөөлөрдүн эсебинен, түйшүгүнөн бизнес жасаганча, ага эч нерсе деп айта алышкан эмес. Анткени, анын өнөктөштөрү тирүү жүргөнүнө курсант болуп жүрө беришкен.
7- апрелден кийин "куйругун түйүп" качып кеткен. Ал азыр ушу күнгө чейин качып жүрөт, анын мурунку достору жана өнөктөштөрү ага бардыгын "эскертип" коюш үчүн күтүп жүрүшөт. Эгерде ал чек арадан эле өтө турган болсо, аны ошол жерде "төрт бүктөйбүз" дегендер жок эмес. Кыргызстанды талап-тоногон Жуман менен Адыл Бакиев азыр Казакстанда бизнес жүргүзүп жатат.
Шамшарбек