Улан Жумакматов:

Камчы Көлбаевдин тоюнда мыкты өнөр көрсөтүп келгенбиз



Каскадерлук кесип - бул тобокелдикке салуу.
Тобокелдик-бул алардын кесиби.
Трюк-алардын жашоосу.
Мына ушундай кооптуу кесиптин ээси, Кыргызстандын келечеги болгон, биз сыймыктана турган жарандарыбыздын бири Жумакматов Улан Тентимишович бизде конокто. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ала-Тоо айылынын кулуну.


- Бул чөйрөгө канча жашыңызда келдиңиз?
- Мектепте окуп жүргөндө эле кызыкчумун. Ал убакта трюктар көрсөтүлгөн кинолорду көп көрчүмүн. Кичинекейимден ат үстүндө жүрүп, улак тартышып ойноп, чоңойгондуктан кызыгуум ошондо эле пайда болгон. Кичинекейимден өзүм жеңил жеңил трюктарды жасап жүрчүмүн. 23 жашымдан каскадерлук өнөргө чындап кириштим. Биринчи жолу чет өлкөгө 2007-жылы Рахат Бердикеев менен бирге Астананын 10 жылдыгына барганмын. Ошондо 3-башталгыч категорияны алганмын. Астанага сегизинчи киного барып келгенден кийин жогорку категорияга жеттим.
- Ким тарабынан таасирленгенсиз?
- Үй-бүлөм тараптан каскадерлукка таасир берген эч ким болгон жок. Өзүмдүн кызыгуум менен, аракетимдин артынан жеттим десем болот. Канат Абдракманов бул жолго тартып, колдоо көрсөткөн. Тарбия берип, окутуп үйрөткөн ошол киши болду. Б.а менин биринчи мугалимим.
- Бул кесиптин кыйынчылыктары жана өзгөчөлүгү эмнеде?
- Кыйынчылыктары- ар бир трюк жасаардын алдында кылдаттык менен карап чыгуу жана трюкка даярдануу. Өзгөчөлүгү-трюкту туура жана так аткаруу. Айта кетчү нерсе, Кыргызстандын каскадерлору дүйнө жүзү боюнча биринчи орунда турат. Орто Азияга белгилүү Казакстандагы "Ноомат" федерациясынын 80 зын кыргыздар түзөт.
- Каскадерлорду окутуп чыгаруу үчүн атайын окуу жай ачуу туурасында жогоруда олтургандарга кайрылып көрдүңөрбү?
- Ачылса жакшы болмок. Андай сунуштарыбызды айтканбыз. Бирок азырынча жообунан кабар жок. Алмазбек Атамбаев Асанбай кичи раонунан 40 чарчы метр жер алып, сарай салдырып берем деп айткан. Бул туурасында эстеп калаар деген ойдо, албетте үмүт кылабыз. Алайга барып, оюн көрсөтүп бүткөндөн кийин Бабанов, Отунбаева жана Келдибековдор келип, бизге чоң ыраазычылыгын билдиришти. Аны менен кошо үчөө 100 миңден 300 миң сом ыйгарышты. Биз үчүн күтүүсүз белек болду. Бирок "Бизде ушундай таланттуу балдар бар экенин билген эмес элек" деп айтышканы оор тийди.
- Чет өлкөлөргө чыккан чыгымыңарды ким каржылайт? Мамлекет тарабынан кандай жардамдар берилет?
- Негизинен кайсыл жактан чакыруу келсе, алар бардык чыгымды көтөрүшөт. Жолубузду, тамак-ашыбызды, жатаканабызды жана кошумча акча төлөп беришет. Казакстанга барганыбызда бардык чыгымдарыбызды, жада калса аттардын жеминен бери алып келип беришет. 2010-жылы Канат байке менен Кореяга барганыбызда күнүнө 100 доллар алып жаттык. 10 күндө 1000 доллар болду. Ал эми мамлекет тарабынан жардам деген түшүнүк боло элек.
- Кыргызстандын ар тарабында өнөрлүү балдар көп болсо керек. Аларды каскадерлук кесипке тартуу үчүн кандай иш чараларды аткардыңар?
- Биз эч кандай кастинг же конкурстарды өткөргөн жокбуз. Мен Афганистанга барып келгенден кийин отузга жакын бала өз каалоосу менен келип, трюктарды жасап көрүштү. Кээ бирөө "Колубуздан келбейт экен" деп ачык эле айтып кетишти. Азыл ал балдардын ичинен сегиз бала калды. Аларды чыныгы фанаттар деп айта алам. Мен ошол сегиз баладан турган чакан топ түздүм. Буюрса, менин балдарымдын келечеги алдыда. Биздин биринчи ийгилигибиз болуп, Камчы Көлбаевдин тоюна барып, мыкты өнөрүбүздү көрсөтүп келдик. Кызыктуусу, ат менен чаап баратып, жыгылып, он мүнөттөй сүйрөлүп барыш керек болгон трюкта Эрлан деген балабыз жыйырма мүнөттөй сүйрөлүп барат. Аны көргөн элдин баары ордунан тура калып, дүркүрөтө кол чабышты. Камчы байке абдан ыраазы болгон. Бул дагы биз үчүн чоң сыймык. Учурда атайын форма тиктирип жатабыз.
- Өзүңүз тартылган кино тууралуу айтып өтсөңүз?
- "Гаишники" киносунда аттын үстүндө ойноп жана тепкичтен кулап аткарганмын. Эч кандай коргоочу каражаттарым жок кулагандыктан, бутум аябай ооруп калды. Уялганымдан сыр бербей басып кеттим, ар жакка барганда көзүмдөн жаш чыккан. "Уурунун махабаты" киносунда да мыкты аткарып бердим деп ойлойм. Казакстандагы "Небо моего детство" киносунда тартылып жүргөн мезгилде бизге аябагандай жакшы шарт түзүп беришкен. Тамашалап түнкү саат үчтө чалып, бизде душ иштебей жатат деп айтсак ошол убак келип оңдоп беришкен. Бизде ошентип айта турган болсок, түнкү саат үчтө душка балээ барбы деп коюшат. Ха ха... Тамаша. Андан сыркары клиптерге да тартылганмын.
Нурелла
ЖАРКУЛОВА