Ден соолукту чыңдоочу чөптөр


Кыргыз жерибиз канчалык баалуу экендигин ушундан билсек болот. Баскан, турган жерлерибиздин бардык жеринде баалуу, дары чөптөр толтура. Карап көрсөк негизинен бардыгы пайдалуу. Болгону биз алардын кайсы ооруга жардам берип, кантип колдонуу керек экендигин жакшы биле бербейбиз.

Чалкан боор
оорусуна жакшы
Боор оорусуна чалкан чоң жардам берет. Жаңы кезиндеги 4,5 жалбырагын чайнекке салып, 1 л кайнаган сууну куюп, 2 саат демдеп коюу керек. Андан кийин 1 же 2 стакандан күнүнө 3, 4 маал жылуу түрүндө ичип туруу керек. Кошумчалай кетчү нерсе, чалканды демдеп ичүү экзема ооруусуна да чоң жардам берет.

Чалканды үй шартында кантип кышкыга сактоого болот?
Чалкандын таза жерлерде өсүп турган жеринен, жалбырактарын терип алып, аны таза жууп, караңгы бөлмөдө кургатыңыз. Терезеге же столдун бетине жайып койгон болбойт. Аны жипке байлап, асып коюу керек. Кургагандан кийин аны кургак чүпүрөктөн жасалган баштыкчага салуу зарыл.


Кара карагаттын
жалбырагы бөйрөк оорусуна жардам
берет
Бөйрөгү ооругандарга карагаттын жалбырагынан чай кылып ичүү сунушталат. 3-5 гр кургатылган же 10-15 гр жаңы мезгилиндегисин алып 1 л кайнаган суу куюп, 15-30 мүнөт демдеп коюп, андан соң кадимкидей эле чай катары ичсе болот.

Өпкөсү ооругандар
укроптун кайнатмасын
ичсе жакшы
Өпкө оорусуна укроп пайдалуу. 1 чай кашык укропту 300 гр кайнаган сууга салып, бир саат демдеп коюу керек. 1 же 2 стакандан күнүнө 3 маал ичип турсаңыз жардамы чоң.

Жалбыз ичеги-карын
ооруларына
пайдалуу
10 гр жалбызга 2 стакан кайнаган суу куюп, 20-30 мүнөт кармап туруп, күнүнө 3 маал 1 аш кашыктан кабыл алып турсаңыз, ичеги карын ооруларынан алыс болосуз.


Жүгөрүнүн чачысы
баш ооруну жоготот
Баш ооруну жазат. Жаңы кезиндегисин же кургатылганынан 30 гр алып, аны бир стакан кайнатылган сууга салып, 10-15 мүнөт кармап туруп жылуу мезгилинде ичүү зарыл.

Мумие аллергияны
жок кылат
Аллергия оорусуна жакшы жардам берген дары чөптөрдүн арасынан эң күчтүүсү мумие болуп эсептелинет. Аны төмөндөгүчө бөлүштүрүү керек. 1 г мумиени 1 л кайнатылган жылуу сууга салып, 45 мүнөт демдеп коюу керек. Андан соң күнүнө бир маал эрте менен, ач карын сүт кошуп ичүү сунушталат. Ал эми 4 жаштан 7 жашка чейинки жаш балдарга 70 мл, 8 жаштан жогору 100 мл берсе болот. Эгерде аллергия күчөп кеткен учуру болсо түштөнүү маалында эки эсе азайтылган өлчөмдө ичүүгө уруксат берилет. Даарылануу мөөнөтү жаз жана күз мезгилдеринде 20 күндү түзөт. Кышкысын 10 күн жетиштүү.


Ромашка гүлү
жыныс ооруларында миңдин бири
Аялдардын жыныс ооруларына жакшы жардам берет. 30 гр ромашка гүлүн алып аны кайнаган сууга 20-30 мүнөт буулап туруп, жылуу кезинде бир аш кашыктан күнүнө 2-4 жолу ичесиз.

Нурелла Жаркулова



about | A Free CSS Template by RamblingSoul

14-февраль, 2012-жыл






??.??