Иним экөөбүзгө бир катын...


(Башы өткөн санда)
- Эми өз жазасын ар кимиси тартып жатат го, тирүү бизде кайсы күнөө десең, - Сейил көз жашы мөлт-мөлт эте буулуга ыйлап ийди, - Балдарымдан алыстап, мен алардын курмандыгы болдум, экөөнүн залалы мага, балдарыма тийди…
- Көп эле капалана бербе Сейил, тагдырыңар ушундай экен да, биз аларды ынтымакташууга абдан аракет кылдык, бирок аягы баары бир өкүнүчтүү бүттү.
- Кой мейли анда, биз кетели, - Сейил туруп атка минмек болгондо Нурдин аны аткарып, кызын өңөртүп койду, - Жакшы калгыла.
- Жакшы бар Сейил, - Нурдин көпкө чейин анын артынан карап турду: "Алтынбек катуу сүйүп калса керек, аял деген адаштырат акылдан деген ушу тура, бир чыканактай кыз үчүн бири өлүп, бири түрмөдө", - деп ойлуу артына бурулду. Сейил кечке маал келди, ал келсе Зарипжан жок экен, анын бар, жогуна деле көңүл бурбай жолдо карды ачканга Нурила экөө чай ичмек болду эле:
- Кызым отура бер, тамак даяр, алып келе калайын, - деди Бурма ага.
- Өзүм эле…
- Жо-ок, кожоюн көрсө урушат, - Бурма ага акырын ыктай калып шыбырап койду, - Мени айтты дебе, бу көпөсүң Сайыпжамалга дагы бир жалчы жалдап берди, кыязы боюнда болсо керек, уйларды ал сааганын токтотуп, эки күндүн биринде күйөөң менен базарга түшүп кийинип келип калат, - деди да бөйпөңдөй басып кетти. "Көпөс, демек Зарипжанды көпөс дешет тура, ырас эле тоодо үйүр жылкылары, уйлары, короо-короо койлору бар, дүкөндү да ачып коюптур, мунун баласы көп табат окшойт, Сайыпжамалды эми алам дээр бекен", - деп ойлуу отуруп калды. Кеч киргенде ыңгырана кирген Зарипжан.
- Кайната-кайненелер жакшы жатышыптырбы? - деди Сейилди карай.
- Жатышат, салам айтышты.
- Жакшы, уул эмне келген жокпу?
- Жок.
- Мейли, сагынганда келет, - Зарипжан Сейилди бир саамга ормое карап бир нерсе айтмак болуп келип, анан кайра ары бурулуп, жамбаштай жатып калды. Ошондон көп өтпөй улуу баласы үй-бүлөсү менен келди, Зарипжан кызматчыларына кой сойдуруп коноктоп, неберелери менен уул-келини үч-төрт күн жүрүп кетмек болгондо Зарипжан уулу Марсты карап сөз баштады.
- Уулум, мен силерге кеңешейин дедим эле.
- Эмне кеп, ата?
- Мен токол алайын деп жатам.
- Ата койсоңчу, эки аялды эмне кыласыз, - Марс атасына нааразы болгон түрдө кайрылды, - Балалуу болбогон киши көп аял алчу эле, сиз…
- Анда эмне бар? Менин аялдарды бакканга кудуретим жетет, байлыкты силер таап берген жоксуңар, керек болсо силерди окутуп-чокутуп койдум, өз-өзүңөрчө үй-жайыңар бар.
- Эгерде апам болгондо минтмек эмессиз, каалаганыңызды кыла бериңиз, - деди да Марс балдарын, аялын унаасына отургузуп жөнөп кетти.
Зарипжан аларды узатып коюп туугандарын чакырды, кеңешип бир тай сойду да Сайыпжамалды нике кыйдырып той берди, Сейил айтпай төркүнүнө кетип калды. Зарипжан анын кеткенин билгенден кийин бир жылкы, бир музоолуу уй жетелетип, кайнатасынан кечирим сурап, Сейилди кайра алып келди. Сайыпжамалдын ичи билинип калган экен. Заңгыраган беш-алты бөлмө үйдүн төркү бөлмөсүндө Сейил, кире бериштеги чакан бөлмөдө балдары менен Сайыпжамал жашай турган болду. Сейил каалашынча уктайт, ага тамак даяр болгондо гана Бурма келип чакырат, Нуриланы ал өзү тойгузуп карап турат. Надырбек ошол бойдон келбей койду. Убакыт өтүп Сайыпжамал уул төрөдү, ал эми Сейилдин келгенине үч жыл болуп баратса дагы боюна болгон жок. Ал эми гана эсине келгендей тагдырына тан берип, өчөшкөнүнөн өч алгандай Зарипжандан каалашынча акча алып, кымбат баалуу кийим-кече алып кийип, алтын чынжыр менен, алмаз көздүү шакек сөйкөлөрдү алып, абдан өзгөрдү: "Багыңа келсе бакчай, чегиңе келсе чекчей", - деген эмеспи, үстүнө аял алганына бир чети ызаланса, бир чети жини келет. Чогуу дасторкондо отуруп тамактанышканы менен Сайыпжамал экөө сүйлөшүшпөйт, бир күнү эшиктен кирип келе жатса анын үнү угулду:
- Акыры алат экенсиң аял албай туруп албайт белең, же мен токол болууга ылайыкмынбы? - деди күйөөсүнө.
- Болду, акыры койнумда жатасың го, уулум турат, Сейил жакшы аял, аны сыйла.
- Сыйлабаганда бирдеме деп жатамбы, менден ашыктыгы деле жок экен го, эмнеге аны жакшы көрөсүң? - деп ич күптүсүн чыгара албай жатканын байкаган Сейил өз бөлмөсүнө өтүп кетти: "Бул челектей неменин эмнесин кызганат, же жакшы көрөбү, өзүнбү же байлыгынбы, чынында бул аялга байлык керек окшойт", - деп ойлонуп диванга отуруп калды.
Сайыпжамалга байлык керек болчу, эми эркек төрөгөндөн бери анын чоң максаты ишке ашмак, себеби Зарипжанга жыландын башын чыгарып турду.
- Жамал, - деди Зарипжан анын атын кыскартып, - Сени андан жаш, көңүлүмдү ачат деп алдым, сен менден башка нерсе үмүт этпе.
- Кантип эле, бул уулуңду салбар токолдон туулду деп балдарыңа теңебей коймоксуңбу? - Кергиштей суроо узатты.
- Мени бул айыл башынан көпөс дешет, союздун учурунда эле малдуу турчумун, жылкычы болуп жүрүп чоңдорду колго алгамын, совхоз тараганда бир үйүр жылкы болду, катып жүргөндөрүм, уйдан ондон ашык, кой бөлдүрүп алдым элүүдөй, экөөңдү тең бакканга кудурет жетет, Кутубий деген ат бердим балама, демек бул үй, мал-кел бүт балама тиешелүү, балдарга өзүнчө энчи бөлүп берем, жалгыз кызыма дагы берем, анан…







about | A Free CSS Template by RamblingSoul

14-февраль, 2012-жыл






??.??