Катты ката жазып, атасынын сабагынан дайыма 3 алган
рустам
Сагыналиев
- Качантан бери чыгармачылыктын камырына жуурулуп, чыгармачылык менен жашап келе жатасыз?
- 3-4 жашымда эле ырга, аспаптарга абдан шыктуу экенмин. Аны байкап калган атам мага кичинекей "малыш" деген кыяк сатып бериптир. Биринчи класска барганда, Алиппе майрамда кыяк тартып ырдап бергем. 1997-жылдан баштап чоң сахнага аракет кылып келе жатам. Ысык-Көлдө фестивалга катышып, 3-орунду алгам. Ошондон кийин эле ырдасам болот экен деген ой пайда болду.
- Чыңгыз Мырзаев менен да чыгармачылык достоштурса керек?
- Чыңгыз экөөбүздүн таанышканыбызга беш-алты жылдын жүзү болду. Талас жергесинде гастролдо жүрүп таанышканбыз. Азыр мен ырчымын деген адамдардын көбү "жылдыз" оорусу менен ооруп алат. А Чыңгыз экөөбүздүн мамилебиз келишти, андай "жылдыз" оорусуна чалдыкпаптыр. Ошондон бери жакын сырдашпыз. Кыздар жолукканда 1-2 саат сөзү бүтпөсө, Чыңгыз экөөбүздүн сөзүбүз 3-4 саатка созулуп кетет. Кээде отуруп, урушуп кетебиз. Таарынычыбыз бир күндө жазылат. Эртеси эле "Каяктасың?", "Курсак ачты…" деген билдирүүлөрдү бири-бирибизге жиберип, кайра эле табышып алабыз. Жолугуп тамак ичип, мончого барабыз.
- Жүрөгүңүздү багынткан кымча бел кыргыздын сулуу кызы барбы?
- Кыздар менен жакшылап сүйлөшүш үчүн жакшылап караныш керек экен. Мен өзүмдү жакшы эле карайм. Үйдөн чыкканда таранып, күзгүгө дайыма каранып жүрөм. Анан таанышайын десем деле эч ким мени менен таанышпайт. Чыңгыз экөөбүз аракет кылып атабыз. Жакын аранын ичинде үйлөнөбүз деген оюбуз бар. Анын бою меникине караганда кичине узунураак болуп атат. Болбосо мен мурун эле менин жүрөгүмдү багынткан кыз тапмакмын. Же мүмкүн сөздү туура эмес тандап аламбы билбейм, азырынча өзүмдү түшүнгөн, мени жактырган жакшы кызга жолуга элекмин.
- Мектепте окуп жүргөндө таттуу сүйүүгө кабылып, кат жазып, катыңыздын жообун чыдамсыздык менен күткөн учуруңуз болду беле?
- Сүйүүгө кабылган учурлар көп эле боллгон. 3-классымда бир кызды абдан сүййүп калып, шапкасын алып качкам. 7-класста менден жогорку класста окуган кызды сүйүп калып, кат жазсам катыма жооп келбей калган. Кийин ойлонсом, катты да ката жазыптырмын. Ошондон таарынып, жакшы окуй албайт деп жооп жазбай койгон окшойт. Эптеп тердеп-кургап кат жазып алып, аны бере албай 15 күн кыйналып жүрүп, араң бирөөнөн берип жиберип, 2 күн уялып сабакка барбай койгом.
- Азыр ырчылардын көбүнүн бизнестери бар. Сиз да өтө ири болбосо дагы, кичинекей бизнес менен алектенсеңиз керек?
- Чыгармачылык өзүн-өзү каржылайт экен. Той-топур болот, аккордеонду асып алып ырдап келем. Атайын бизнесим деле жок, бирок тиричилик да керек. Кичинекей павильон ачып койсомбу деп кээде ойлонуп калам. Анан "Дордойдо мынча контейнерим бар", - деп айта албайм. Анын баарын айтсак боло берет, калптын чыгып калышын да ойлош керек. Менин бизнесим жалгыз аккордеон. Аккордеонум менен ары жак, бери жактан тырмалап бир нерсе табабыз.
- Музыкалык билимиңиз барбы?
- Улуттук Филармониянын алдындагы 2 жылдык студияда окугам. Ошол жактан Анарбек Ибраев агайдан сабак алгам. Азыр да агай окууңду улант деп калат. Негизи окууну улантыш керек экен.
- Ата Мекенди коргоо күнүн утурлай, күйөрмандарыңызга жакшы концерт тартуулайын деп атыпсыз. Концертиңизде кандай өзгөчөлүктөр болот?
- Буюрса, 22-февралда Кожомкул атындагы Спорт ордосунда "Өтүнүч" деген аталышта чоң программадагы тушоо кесүү концертимди берейин деп, катуу жүгүрүп жүргөн кезим. Концертте комуз, аккордеон, эстрада, оркестрдын коштоосунда ырдайм. Концерт башынан аягына чейин жандуу үндүн негизинде болот. Орто, улуу жана кичүү муундагылар концертке келип, суктанып кеткендей деңгээлде болот буюрса. Эч кимисинин көңүлүн калтырбайм. Андан сырткары "Таңкы супа" берүүсүнүн алып баруучулары концертти алып барышат. Чыгармачылыктагы жакын санаалаштарым, досторум Ч.Мырзаев, А.Салахидинова, К.Сатаев, Р.Шакирова, А.Нарбаева, Н.Жетигеновага окшогон мыкты таланттар конок болушат.
- Сизди ырчы катары эле эмес, жакын арадан бери теле жаатында журналист катары көрө баштадык. Журналистикага кандайча аралашып калдыңыз?
- Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат дегендей, өзүмдү ар тараптан сынап атам. Өзүм дагы бирөө менен маек курганды абдан жакшы көрчүмүн. "Таңкы супага" биринчи конок болуп баргам. Ал жактын иши мага абдан жагып калгандыктан, Анара Касымбекова деген продюсер эже менен сүйлөшүп, иштейм деген ниетимди айттым. "Эртең жумушка чыгасың", - дегенинен, кичине коё туруңуз, мен үйгө барып даярданайын дедим. Үйгө барып китепти шатыратып окудум. (Өзүм да китепти жакшы окуй албайм, чынын айтыш керек атам мектептин директору болуп, жакшы деле окуган эмесмин. Атам география сабагынан берчү, а мен атамдын сабагынан бир да жолу 4 же 5 алып көргөн эмесмин. Мага дайыма 3 коюп койчу. Атамдын күчү менен мектепти бүткөм). Бир жумадан кийин эфирге чыктым. Мени менен чогуу иштешкен кыздар, аракет кылсаңыз иштеп кетесиз дегенинен, Чыңгызга барып, "Макал китептерди көп окучу элең, мага бир китеп бер", - деп анын китептерин алып катуу даярдана баштадым. Ал китебин мага берип жатып, "Анча болду сенин ордуңа мен эле барып иштебейинби?" - деп тамашалайт. Анан азыр кээде экөөбүз таарынышып кетсек, "Китебимди алып алам", - деп коркутат.
Сайра Сопушева