Үйдө өстүрүлүүчү гүлдөр: алардын бизге таасири


Жаратылыштын кичинекей бөлүгүндөй болгон үй өсүмдүктөрү өздөрүнүн адамга болгон оң таасирлери менен тирүү жан экендигин билдиришет. Биринчиден, булар үйдү көркүнө чыгарып турушат. Экинчиден, көз, акыл жана нервди эс алдырат. Үчүнчүдөн, алардан үйдүн атмосферасын жакшыртуучу фитонциддер бөлүнүп чыгат. Алар бөлмөнү чаңдан гана коргобостон энергетикалык кирден да тазалайт. Жаңжал, жек көрүү, көңүл чөгүү, жашоодон жолу болбоо, материалдык жактан кыйналуу - үй гүлдөрү дал ушулар менен күрөшөт. Белгилүү болгондой, оор мүнөздүү, чыр-чатактуу адамдардын жанында гүлдөр соолуп, кургап калышат, себеби алар кыйкырык, өкүрүк, жаңжал жана жалганды көтөрө алышпайт. Абаны терс энергиядан сактап жатып, гүлдөр өздөрүн курмандыкка чалышат. Мындай жерде жашаган адам да психологиялык жана физиологиялык жактан катуу жабыркайт.


Гүлгө жараша мүнөз
o Кактус гүлүн жактыргандар бир аз чырга жакын, талаш-тартышты сүйгөн, бирок акылды баалаган адамдар.
o Пион жана роза гүлүн жактыргандар жашоону сүйгөн, кумарлуу жана кызганчаак адамдар болушат. Жашоодон корккондор бул гүлдөрдү жактырышпайт
o Гвоздика гүлүн сүйгөндөр сезимге берилген, өзүн дүйнөнүн түркүгүндөй сезген фантазиясы күчтүү адамдар.
o Тюльпан жана гиацинт гүлүн жактыргандар сүйүүдөн жолу болбогон же турмушка канааттанбаган бактысыз адамдар болушат.
o Гладиолус, ирис жана башка узун сөңгөктүү гүлдөрдү каалагандар булар- жан дүйнөсү бай, жаратылышты сүйгөн жандар келишет.
o Сирень гүлүн болсо жашоого кумары күч, шаан-шөкөттү сүйгөн адамдар жактырышат.
o Хризантема гүлү жашоону сүйгөн, темпераменттүү адамдардын гүлү.
o Жасалма гүлдөр болсо, жашоону чангандыктын белгиси.
o Жыты жок гүлдөрдү алсыз жана туруксуз адамдар жактырышат.
o Күчтүү буруксуган жыты бар гүлдөр орой жана кумарды сүйгөн жандардын гүлү.
o Кандай болгон күндө да гүлдөргө тирүү жандай мамиле кыла алсаңыз алар да сизге эң жакын досундай жооп кайтарышат.
o Төмөндө кеңири тараган үйдө өстүрүлүүчү гүлдөр тууралуу маалымат беребиз.



Герань
Герань гүлү сизге жакшы таасирин бөлүшүүчү донор гана болбостон, ошондой эле үйүңүздү кырсыктардан коргоочу тумардын да кызматын аткарат.
Жөн гана геранды жыттап коюу уйкуну жакшыртып, нерв системасын калыбына келтирет. Нерв ооруларынан жапа чеккендер, уйкусуздукка кабылгандар, жүрөк кан тамыр оорулары барлар үчүн герань гүлү табылгыс дары.
Геранды канчалык кичине көлөмдөгү идишке отургузсаңыз, ал ошончолук жакшы өсүп, барпайып сонун гүлдөйт. Сууну анча жактыра бербегендиктен көп сугарбаш керек. Күндү жакшы көрөт, андыктан геранды күн нуру түз тийген жерге коюңуз.
Баш ооруганда жанчылган герань жалбырагын алып, кулак тушуна басуу керек. Жумуштан чарчап келген соң герандын жанында бир аз отуруу энергия берет. Андан абдан күчтүү жыт чыккандыктан кичирээк бөлмөгө коюуга болбойт.
Фиалка
Фиалка абдан назик, сезимтал жана жумшак гүл. Ээсинин жаман маанайы фиалканын да соолушуна алып келет. Ал үйдөгү жаңжалды, терс энергиясы бар адмдарды жактырбайт . Ал гүлдөп жакшы өссүн десеңиз, күн нуру эмес, анын жарыгы көбүрөөк тийген жакка коюш керек. Тез-тез сугарып, дары азыктарынан берип туруу зарыл.
Декабрист
Орой, текебер адамдар жашаган жайда пайдасын берет. Абаны жакшы маанайга толтуруп, адамдагы жакындарына кам көрүү деген сезимдерди ойготот.
Традесканция
Бул чаар ала жалбырактуу гүл ысык, суукту бирдей көтөрөт. Көлөкө жерде да өсө берет, бирок аны жарык жакшы тийген жерде өстүрсөңүз, жалбырактары барпайып, кооз болот. Бул гүл өзүнчө адам маанайын билип туруучу индикатор десе болот. Каерде жаман энергетика болсо, ал саргайып, жалбырактары түшө баштайт. Андайда аны башка бөлмөгө которуп коюу керек. Жашаган үйүңүздүн абасын тазалап, көрө албастардан, душмандардын жаман ойлорунан сактайт.
Алоэ
Кариб аралдары жана Латин Америкасынан келген бул гүлдүн кооздугунан да дарылык касиеттери айтып бүткүс. Индээцтер бул гүлдү ыйык деп санашат, анткени алоэ түбөлүк жапжашыл болуп, кургакчылыкты жакшы көтөрөт жана тамыры жок деле өсө берет. Анын бул турмуштук энергиясы адамга да өтүп, анын ден соолугун чыңдайт. Медицинада тери ооруларын, жараларды дарылоодо жана косметикада колдонулат.
Кактус
Кактустун бардык түрү адам баласына жагымдуу, бирок эгерде анын тилин таппасаңыз ал көктөбөй да коет. Ал ээсин көз тийүүдөн, көрө албастыктан, сырттан келген терс маанайлардан коргойт. Бирок ошол эле учурда агрессивдүү маанай да жаратышы мүмкүн.
Жүрөк жана дем алуу жолдорунун оорусу барларга сунуш кылынбайт.
Жарашуунун гүлдөрү
Эгерде үй-бүлөдө ынтымак ыдырап, ата-эне менен балдардын ортосунда түшүнбөөчүлүктөр пайда болсо, аны оңдоо үчүн төмөнкү ыкманы пайдаланып көрсөңүз болот: мазарга барып, үстүнө боорукер гүлдөрдүн түрүнө кирген ромашка, коңгуроо гүлү, көк чай, кырк муун, беде чөп дүркүрөп өскөн каралбай калган мүрзөнү таап, ал жердеги чымчыктарды тоюндуруп, ошол жерде көмүлгөн адамдын арбагына атап куран окуп, андан жардам суроо керек. Андан соң ошол гүлдөрдөн үйгө ала келип, дарбазага кыстарып коюу зарыл.
Назгүл Осмонова






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

14-февраль, 2012-жыл






??.??