Айпери Кубик кызы:

Үлпөт көйнөгүн биринчи жолу кийдим


Гезитибиздин №175 санында Айпери Кубик кызынын "Күйөөм бар, эки-үч айлык боюмда бар" деген макаласын чыгарганбыз. Көп өтпөй кайсы бир гезит бетинде "Мени ала качканы жүрүшөт" деп чыкты эле. Ушундан улам биздин редакциянын эшигин каккылап, чынында Айпери турмушка чыкты беле деп тынчсызданган күйөрмандарына Айпери сулуу сырларынан бөлүштү.

Мээрим:
- Сизди биз ырчы катарында тааныйбыз, мындан сырткары дагы кандай өнөрүңүз бар?
- Ашканада тамакты жакшы жасайм. Азыр кесибиме байланыштуу министерстводо иштейм, бирок үйрөнүп жатам. Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинде. Жакында эле коргоо тармагына музыкант катары жумушка кирдим. Биринчи айлыгымды алганда абдан сүйүндүм. Аны менен катар эле шоу- бизнести да бирге алып кетип жатам.
Бактыгүл 1:
- Кантип чыгармачылыкка аралашып калдыңыз?
- Башынан эле айтып келем. Атам белгилүү адам болбосо, мен шоу-бизнесте өз ордумду таппайт болчумун. Атам болгондугу үчүн бул чөйрөгө аралашуу жеңил болду.
- "ОБОН" гезитинин мурунку санында Айпери Кубик кызы менен Амир Аскаров кыз-жигит болуп сүйлөшөт экен деген макала чыкты эле?
- Амир Аскаров деген кайсы бала эле?... А, бул баланы мен башкача ат менен тааныйт экенмин. Мурда Алексей Филатовдо иштечү. Ошол жерден учурашып калчубуз. Эч кандай сүйүү мамилесинде болгон эмесмин.
Фатима:
- Сиздей сулуу бийкечти жандаган жигиттер көп болсо керек?
- Жигитим азыркы учурда жок. Бирок, менин дагы сүйгөн адамым болушун каалайт элем
- Жигитиңиз ырчылыкты же мени танда десе...
- Эгер мен аны менен сүйлөшүп жүргөн убакта болсо, макул болбойт болчумун. Дайынсыз эле бир бала ташта десе таштабайм. Эгер экөөбүз үйлөнгөн соң ташта десе, анда башка кеп. Макул болом. Анткени, ага дейре ушул кесиптен нан таап жеп жатпайымбы.
- Кайсы фирманын косметикаларын колдоносуз?
- Өзүңөр деле байкап жатсаңар керек. Боёксуз эле жүрөм. Эми гана косметика колдонуп, боёнгонду үйрөнө баштадым. Биринчи ырымды ырдап чыкканда деле эч кандай косметика колдонгон эмесмин.
Ардак:
- Сынды кандай кабыл аласыз?
- Туура кабыл алыш керек. Ушак сөздөргө болгон көз карашым: "Ит үрө берет, кербен жүрө берет". Атактуу кишинин кызы болгондуктан, артыңдан сөздөр ээрчибей койбойт.
- Султан Садыралиев сизди жакшы көрөт деп уктум го?
- Султанды мен деле сүйөм, билбейсиңерби? (Күлүп...) Султан экөөбүз Россияда гастролдорго көп чыгып калабыз. Башынан мамилебиз сый. Мурда байке дечүмүн, кийин дос болуп калдык, аны тамашалап "Суке" деп чакырам. Келечекте үй-бүлөлөрүбүз менен да катташып турабыз деген ниеттемин .
Нурбек:
- Акбар Сүйүнбаевге да жармаштырып, экөө үйлөнөт экен деген сөздөр болду эле?
- Жармаштырса бир болуп үйлөнмөкпүз да. Ал жөн эле сөз. Өзүңөр билгендей эле Акбар үйлөнүп, балалуу болду, аны куттуктайм! Азыр мамилебиз сый.
Айдана:
- Расул кызы Айгерим менен атаандашат экенсиз го?
- (Күлүп). Мен эч кимге атаандашпайм. Өзүмдүн жолум бар, ошол жолум менен түз кетем. Бул сөз - ушак. Саламыбыз түз, көрүшкөн жерден учурашып турабыз.
- Сиз катышкан порно видео тасма көрдүм эле. Ошол чынбы?
- Ал видеону мага көрсөтүшкөн. Анан аны мен апама көрсөттүм.Мен бул нерседен корккон жокмун. Сарсанаа да болгон жокмун. Себеби, билем ал мен эмес экенимди. Мени көрө албагандар жасап чыгарышкан. Ал кыздын мага эч кандай окшоштук жери, тиешеси жок! Бардык нерсеге кудайым күбө! Чынында ошол адамдарга түшүнбөйм, таза адамды кир кылып, кылбаган нерсеңди кылды деп жамандашат. Кайсы максатта? Эмнеси болсо да, мага жамандык каалаган жана жамандык кылган адамдардын баарын кудайга тапшырам!
Айкөкүл:
- Мени ала качканы жатышат деп кайсы бер гезиттен интервьюңузду окуп калгам?
- Ал нерсе да туура чыкты. Мени Жалал-Абадга тойго чакырышкан. Мага кылган мамилелери башкача эле болуп жатты. Той бүтүп кеткени жатсам, коё турсаң дешип, машиналарын даярдап жатышты. Мага көрсөткөн мамилелеринен сестенип, дароо үйгө кеттим.
- "Жубайлар" киносундагы кызыктуу кадрлардан айтып берсеңиз?
- Үлпөт көйнөгүн биринчи жолу кийдим. Өзүмө жагып чечким келбей кайра-кайра айланып, сүрөткө түшүп жаттым. Сьемкада ыйлап жаткан образга келгенде күлүп жиберген учурлар болду.
Алмагүл:
- Азыр байкадым, башында оозуңуздун үстүнкү бөлүгүндө калыңыз жок болчу. Жасалма кылып алгансызбы?
- Мурда анча байкалчу эмес. Клипке тартылганда үстүнөн кичине кара калем менен боеп койгом. Кээ бирөөлөр атайлап коюп алган турбайбы дешет. Чындыгында өзүмдүн эле меңим.
Агдана:
- Жыйырма жылдан кийин өзүңүздү кандай элестетесиз?
- Сүйүктүү жар, мээримдүү эне, бактылуу аял.
Бактыгүл 2:
- Көчөдө кетип бара жатканыңызда колу менен көрсөтүп тийишкендер болобу?
- Акыркы учурларда байкап калдым. Колу менен көрсөтпөсө да, бири-бирин чыканагы менен түртүшүп, акырын эриндери менен Айпери деп шыбырашып коюшат. Ал нерсеге көнөсүң.
Жылдыз
Абдыкерим кызы