Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Чынара Шейшекеева:

"Мухтар гүл тандаган жагынан чебер эле"


Кыргыз элинин патриот уулу, таза саясатчысы, "Замандаш" партиясынын лидери маркум Мухтарбек Өмүракуновдун кыргыз элине кыла турган эмгеги өтө көп эле. Жараткан жакшы адамды эрте алат эмеспи, Мухтарбек Өмүракуновду да 46 жашында алып кетти. Мухтарбек мырзанын жеңилин жерден, оорун колдон алып келген келинчеги Чынар эже Мухтарбек мырза экөө өткөргөн жакшы күндөрүн эскерип, биз менен маектешти.

- Чынар эже, маегибизди Мухтарбек мырза экөөңүздөрдүн таанышканыңыздардан баштасак?
- 1987-жылы Политехникалык институтка тапшыргам. Ал кезде Мухтар ошол эле институтта 4-курста инженер-куруучу факультетинде окучу. Биринчи курсту бүтүп аткан мезгилде таанышып калдык. Экөөбүз бир жатаканада турчубуз. Малдыбаевада 9 кабат үй бар болчу. Ошол жерден биз тогузунчу кабатта турсак, Мухтарлар сегизинчи кабатында жашачу. Студенттик жатаканада өзү активист болуп, студсоветте иштеди. Мен факультетте комсомол комитетинде иштедим. Ошентип, коомдук иш менен байланыш болуп, ар кайсы иш чараларды уюштуруп, чогуу жүрүп калдык. Эки жылдай жакшы достордон болуп жүрдүк. Ал бешинчи курсту бүтүп, институтка мугалим болуп калды. Мен 3-курсту бүткөндө чогуу түтүн булатып калдык. Жарым жылдай эле батирде жашадык. Ал мезгилде жер бере баштабады беле. Чуркап жүрүп, Ак-Өргөдөн жер алып, өз колубуз менен там салганбыз. А кезде каражат деле жок, эптеп чаптап атып, кышында 31-декабрда үйгө кирдик. Дубалын тургузганда кайнилерим жардам берди, үйдүн чатырын өзү жапты, ичиндеги шыбагын мен шыбадым. (Менин шыбакчылык кесибим да бар).
- Жаштыгым Дордой жана Ош базарларында өттү деген маеги бар. Ал жаштыгында сиз да бар болсоңуз керек?
- Ооба, а кезде Советтер союзу кулап, элде жумуш жок, окууну бүткөндөр да иш таба албай, ар ким өз оокатын кылып кетишпедиби. Ошондо биз тигүү цехин ачтык. Апам (кайненем) өмүр бою тикмечилер үйүндө иштеп, кийимди кантип тигээрин көрсөтүп берип, баштап берди. Мухтар болсо уюштургуч, биз келиндер, кайнилерим баарыбыз бир үйдө туруп, иш баштаганбыз. Бала кезимен эле кийим тиккенге шыктуу элем. Апам көрсөтүп берип шым тиктим. Келиндердин да баары колдору иш билген, тикмечи болуп калды. Кайнагаларым да тикчү. Мухтар таң атпай туруп алып, Дордойго, Ош базарына биз тиккен шымдарды алып кетет. Ошентип, эң биринчи таман акы, маңдай терибиз менен тапкан кирешебизге килем жана ашкана гарнитурун сатып алдык. Биринчи алган буюмдарыбыз ошол боюнча сакталуу турат. Өзү бизнестин көзүн билген адам эле. Канча киреше кирсе да, обу жок коротпой, бизнести улаганга аракет кылчу.
- Кызганчаак беле?
- Эркектердин баары эле кызганат болуш керек. Бирок дайыны жок кызганчу эмес. Мухтарга мен дайыма сулуу болуп турушум керек эле. Боёнуп, кийинген жагынан эң биринчи Мухтарга жагышым керек болчу. Конокко барганда да алгач Мухтарга жаккандай жасанчумун. Өзү да кийимге өтө маани берчү, кийим жагынан жакшы табити бар эле. Мен мисалы, такыр гүл сатып алып көргөн эмесмин. Бир жакка конокко бараарда гүлдү өзү тандачу. Гүл тандаган жагынан чебер эле. Мен букет тандагандан да коркчумун. Ошол бойдон азыр деле букет тандаганды билбейм.
- Тамашалап атып, сизди ыйлаткан учуру болду беле?
- Жаңы үйлөнгөндө тамашасын чын эле көтөрө алчу эмесмин. Биз Чүйлүктөр назик болобуз да. Какшык сөздөрдү көп түшүнбөй, кыйналып жүрдүм. Кээде, "Сен тамашаны көтөрө албайсың", - деп калчу. Бара-бара баарына көнөт экенсиң.
- Туулган күндөрдү кантип өткөрчү элеңиздер?
- Мухтар туулган күн өткөргөндү аябай жакшы көрчү. Кээде туулган күнү бир жумага созулуп кетчү. Бизде төрөлгөндө сөзсүз туулган күн белгилемей. Үйгө чакырып, туугандар чогулуп, дасторкон үстүндө куттуктайбыз. Негизи эле башынан мен өзүмдүн туулган күнүмдү өткөргөндү жаман көрчүмүн. Бирок, баары бир өткөрттүрчү. Кээде өткөрбөйм десем да, кафеге балдарым менен сюрприз кылышчу.
- Казан-аяк кагышып, урушкан күнүңөр болду беле?
- Андай нерсе ар бир үй-бүлөдө болот болуш керек. Анан дагы, экөөбүз тең лидер болсок, мен да активист болуп жүрдүм. Эми албетте аял болгондон кийин, эркекке теңелбеш керек. Таптакыр кол көтөргөн жок деп деле айта албайм. Анда-санда кол көтөрдү бирок, кызыл камчы болчу эмес. Жаш кезде андай боло берет экен.
- Уулдарыңыздын кимиси атасына аябай окшош?
- Балдарымдын баарысы эле атасына окшош. Мухтар экөөбүздү көптөр окшоштурушат. Жаңы үйлөнгөндө көптөр карындашы деп ойлочу экен. Балдарыбыз мага да, Мухтарга да окшошуп кетет. Эң кичүүсүнүн кыял-жоругу, жасаган иштеринин баары окшош. Мухтар бир ишти отуруп алып, шашпай майын чыгара жасачу. Ортончу балам Адильхан аябай куса болуп атат. Адильхан уулум атасы жумуштан келмейинче уктачу эмес. Айрыкча кичинекей кезинде бутуна жармашып, жумушка кошо ээрчигенде үйдөн араң чыгып кетчү.
- Балдарыңыздын атасынын жолун жолдоп, саясатчы болуусун каалайсызбы?
- Уулум Аскар атасынын жолун жолдоп, саясатчы болом деп атат. Өзү саясатчы ким экенин түшүнүп айтып атабы, түшүнгөн жокпу билбейм бирок, атамдай болом деген тилеги бар. Өзү да кыргыздын тарыхына абдан кызыгат.
- Партияны кайнагаңыз Эмил мырза башкарып жатат да? Бизнестерин ким көзөмөлдөп атат?
Партияны да чоң бизнестерди да агам карап атат. Баарын контролдоп атат. Мен майда-чүйдө бизнестерди карайм.
- Раматылык депутат Баяман Эркинбаевдин жубайы Чолпон Султанбекова Баяман мырзанын ордун жоктотпой депутат болуп, кыргыз эли үчүн эмгек кылып атат. Сиздин саясатка аралашуу тууралуу оюңузда барбы?
- Өткөн шайлоолорго катышып, жакшы билип калдым. Партияда иштеген, Россияда диаспорада жүргөн эжелерди да жакшы тааныйм. Өзү ар бир нерсеге мени аралаштырчу. Мухтар өлгөндөн кийин тааныштарынын көбү, саясатка аралашсаң жакшы болот эле, колдойбуз деп айткандар болду. Азыр жүз пайыз барам деп айта албайм, азыр баш-аягыбызды жыйнай элекпиз. Эгер барыш керек болуп калса, анда жок дей албайм. Мухтардын көп иштери ишке ашпай калды, жакшы долбоорлору бар болчу. Балдар чоңойгуча, беш-алты жыл партияны кармап туруш керек болсо, барам го деген ойдомун.
- Мухтар байке эмнеге кызыкчу эле?
- Лыжага аябай кызыгып калып, баарыбызды лыжага тургузду. Мен Балыкчыда чоңоюп, өмүрү лыжа көргөн эмесмин. Үйрөнөсүң деп, күчкө салып атып эле үйрөттү. Лыжага бара албай калсак, шаардык муз аянтчасына коньки тепкени барчубуз. Жайында балдар мектептен тараганда сөзсүз бир өлкөгө барып келчүбүз. Экөөбүз жаш кезде, "Кийин акчабыз көп болуп калса, саякаттайбыз", - деген кыялыбыз бар эле. Ошол кыялыбызды ишке ашырып, көп өлкөнү чогуу көрдүк. Саякатка кызыкчу. Ашканабызда дүйнөнүн картасы бар болчу. Үй-бүлөбүз менен чогуу чай ичип отурганда, картаны карап, "Быйыл бул өлкөгө барабыз", - деп карта менен пландап, ошол өлкөгө барып, эс алып келчүбүз.
- "Эл турмушу" гезитинде берген интервьюсунда журналисттин "Сиздин эки жубайыңыз бар экен, кимисин көбүрөөк жакшы көрөсүз?" - деген суроосунда, сизди баса белгилеп, түшүнүктүү, иштерман деп айтып кетиптир. Кыргыз эли актриса Айжан Акылбекова экинчи аялы экенин билишет. Жакында эле бизге "Айжан Акылбекова, Мухтарбек Өмүракуновдун туулган күнүндө төрөйм деп, айы жете электе барып, жасалма төрөт менен төрөп, наристеси чарчап калыптыр", - деген кат келди эле. Бул боюнча кабарыңыз бар да. Айжан Акылбекова менен сүйлөшүп турасызбы?
- Жок, Айжан менен сүйлөшпөйм. Ал экөөбүз кайсы темада сүйлөшмөк элек?
- Кийин балдар чоңойсо, туугандары менен катыштырасызбы?
- Балдарым азыр деле катышып турушат. Менин эң кичүү кайним аябай баласаак, өзүнүн бир эркек, беш кызы бар. Бөтөнчө эркек балага көзү түшөт. Тигил жакта үч эркек калды да. Эң тууганчыл, анан боорукер Нурлан кайним. Жаңы жылдык кечени кайнагам уюштуруп, балдар барып келишти. Эми бул жерде балдарда эмне күнөө, алар периштелер да. Балдар бири-бири менен аралашканына эч кандай каршылыгым жок.
- Азыр түшүңүзгө кирип турабы?
- Такай кирет. Кээде жашоом алмашып калган окшойт деп ойлойм. Аркы жашоо менен жашап аткандай болом. Кээде жатып бир чоң маселени ойлонуп, кантип чечсем деп уктап калсам, түшүмдө аян берет. Ошол жашоону түшүмөн жашайм. Кээ бир молдолор түшкө көп киргенде жаман болот деп айтып калат. Бирок, мен Мухтар түшүмө кирсе аябай сүйүнөм. Жада калса чарчап калган кызы да түшүмө кирген. Ошо түшүмө кирип атса, эртеси мага "кыз чарчап калды", - деп айтышты. Аны мен биринчи чоочуп, бир баламды алып кетеби деп корктум. Анан эле тигинтип кабар келди. Мен Мухтар менен жалган жашоодо бир болбосок да, чын жашоодо бирге болобуз деп ойлойм.
Сайра Сопушева






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

14-февраль, 2012-жыл






??.??