"Аю" арак заводу "алдайм", - деп аңга түштү


10-февраль күнү КР МУКК Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын материалдары боюнча Башкы прокуратура тарабынан "Аю" арак чыгаруу компаниясына жасалма акциздик марканы жасагандыгы үчүн КР КЖКнын 199-беренесине (жасалма акциздик маркаларды даярдоо, сактоо жана сатуу) ылайык кылмыш иши козголду. Иш андан ары КР Өкмөтүнө караштуу финансы полиция кызматына өткөрүлүп берилди.
Аталган ишкананын Бишкек шаары менен Чүй облусундагы кеңселери менен кампаларын текшерүүдө 100 миң даана бөтөлкө арак продукциясына жасалма акциздик маркалар чапталгандыгы аныкталган. Тиешелүү кызматтардын маалыматы боюнча, жыл сайын республикабызда алкоголь продукцияларын көмүскө сатуудан мамлекетке 1 млрд. сомдон ашык зыян келтирилет.

Кыргызстан үчүнчү дүйнөлүк согушка кийлигишип калышы мүмкүн, - деди Т.Бакир уулу
ЖКнын 13-февралдагы жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу өкмөтүн Орусия жана АКШ деген чоң державалар менен ойнобоого чакырды. "Эгерде Кыргызстан өлкөдөн АКШнын аскердик базасын чыгарбаса, үчүнчү дүйнөлүк согушка кийлигишип калышы мүмкүн", - деди депутат.
"Акаев менен Бакиев аскердик базаны транзиттик борбор деп өзгөртүп, өлкөнү алдоого аракет кылган. Бирок, мындан анын маңызы өзгөргөн жок. Биз ар бир Президентке келишимди жокко чыгарып, базаны мөөнөтүнөн мурун чыгарууну сунуштаганбыз", - деди Т.Бакир уулу. Андан сырткары депутат паспорттогу "улуту" деген графаны, паспорттун мөөнөтүн, үй-бүлөсү тууралуу маалымат графаларын алып салууну сунуштады.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары О.Нарбаев пара алып кармалды
Кыргызстандын ИИМ кызматкерлери тарабынан10-февралда КРнын Саламаттык сактоо министринин орун басары Оморбек Нарбаев 4000 доллар өлчөмүндөгү пара алды деген шек менен кармалган.
Министрдин орун басары О. аттуу жарандан башкы дарыгерлик кызматка отургузам деп акча алган. КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 312-беренесине ылайык ( кызматка отургузуу үчүн пара алгандыгы үчүн) кылмыш иши козголду. 13-февралда кармалган министрдин орун басары Оморбай Нарбековдун адвокаты Марат Токтоматов ММКда өзүн кармады деген маалыматты окугандан кийин өзүн жаман сезип, учурда ооруканада жаткандыгын айтты. М.Токтоматов А.Урманбетова 9-февралда арыз жазса, 10-февралда гана кармашкан. Андан сырткары, Башкы прокуратура ал ишти ошол замат өзүнө алган. А паранын суммасы 4000 доллар өлчөмүндө гана болгондугун Оморбек Нарбаевдин адвокаты баса белгилеп, Башкы прокуратурага нааразы экенин билдирди.

Ата-Журтчулар компаниялардын дивиденттерин текшерүүнү суранышты
"Мегаком" компаниясы менен "Бешинчи каналды" Эсеп палатасы текшериши керектигин, бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда "Ата-Журт" фракциясынын депутаты, аталган комитеттин төрагасы Ахматбек Келдибеков билдирди.
Анын мындай сунушун комитет мүчөлөрү колдоого алып, аталган компанияларды текшерүүнү Эсеп палатасына тапшыруу чечимин кабыл алышты. Ата Мекен фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдырахманов "Мегаком" компаниясынын 100 пайызы улутташтырылбай калганын сынга алып: "Учурда компаниянын 51 пайыз үлүшүнөн кимдер пайда көрүп жатканы белгисиз. Канча деген акча кайда кетип, кимдин чөнтөгүнө түшүп жатканы дайынсыз болууда. Башынан эле компанияны толук мамлекеттин карамагына алыш керек болчу",- деди ал. Ал эми "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Нурлан Сулайманов "Манас" аэропорту, "Кыргызтелеком" жана "Кыргыз темир жолу" ишканаларындагы мамлекеттин үлүшү боюнча түшкөн киреше тууралуу маалымат угуунун зарылчылыгын билдирди. Натыйжада депутаттар кийинки аптада улутташтырылган мүлктөрдү башкаруу, аларды сатуу, мамлекеттик үлүштөн түшкөн дивиденддер тууралуу маалымат угушмак болду.

Мылтыкчан кыз
дүкөндү тоноого
аракет кылды
Бишкектеги дүкөндөрдүн бирине мылтыкчан кыз кирип, тоноого аракет кылган. Свердлов РИИБине 23 жаштагы Сокулук районунун тургуну кайрылган. Анын айтымында, 12-февраль күнү саат 16:30 чамасында белгисиз бир келин медициналык маскачан Ибраимов-Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндөрдүн бирине кирип, маркасы аныкталбаган мылтыктан ок атып, дүкөндү тоноп кетүүнү көздөгөн. Мындай кылмышка шектүү делип 24 жаштагы С.Ч. аттуу кыз кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат.


Уитни Хьюстон арак
менен антидепрессантты аралаштыргандан
каза тапты
Легендарлуу ырчы Уитни Хьюстон 11-февралда 49 жашында булл жалган дүйнө менен кош айтышып кете берди. Ырчынын муздак денесин "Беверлиз Хилтон" мейманканасынын бир бөлмөсүнүн жуунган жеринен табышты.
Ырчы өлгөндөн кийин полиция кызматкерлери анын мейманканадагы бөлмөсүнөн "Ксанакс" деген психикалык ооруларда, коркууда, жинденүүдө жардам бере турган дарыны таап алышкан. Анан дагы ошол түнү ырчы айым алкоголдук ичимдиктен көп ичип, катуу шапар тээп, бөлмөсүнө барып "Ксанакс" дарысын ичип алып, ваннага жуунганы кирип, уктап калган дагы, ваннадагы сууга думугуп каза тапкан деген тыянакка келишүүдө. Уитни Хьюстон мындан бир жыл мурун өзүнүн болгон топтогон байлыгынан кол жууп калгандыктан, акча жагынан абдан кыйналган. Ал эми анын баңги затына көз карандылыгынан дарылоодо "Ариста" аттуу үн жаздыруучу компания каржылап турган. Ал эми Хьюстон жаңы альбомдору менен калган карызынан кутулуп турган. Ырчы өлөөр алдында абдан эле байкуш болуп калган. Анын үйү жок эшикте калганы аз келгенсип, чөнтөгү куруп калган. Досторунан 100-200 доллардан карызга сурап, эптеп күн көрүп калган кезинде эң жакын курбусу Бейонсе жардамга келип турган.

P.S. Маалымат интернет булактарынан алынды