Асанкул Осмонов:

"Бакен эже аялым болуп ойногондо сөзүмдү таппай калчумун"


Кыргыз эли таланттарга бай эл эмеспи. Ошондой нукура таланттардын арасында КРнын эл артисти Асанкул Осмонов агай да бар. Асанкул агай өзү айткандай жогорку билими жок болсо да, Москвадан окуп келгендерден кем калышпай, өзүнүн актёрлук чеберчилиги менен кыргыз элине гана эмес, бүткүл Азияга белгилүү.

Бухгалтерден актёрго карай жол же билими жок актёр болдум
Нарын облусунун Миң-Булак айылында төрөлүп, өстүм. Ата-энем чабан болгондуктан, 4-класска чейин Куйбышев атындагы орто мектебинде окудум. Атамдар мал менен жайкысын жайлоого, кышкысын кыштоого кетип калышчу. Үйгө апамдын сиңдиси, КРнын эл артисти Сайрагүл Балыкбекова келип калып, мени Фрунзеге алып кетип, №5 орто мектепте окуп калдым. Сегизинчи классты бүткөндөн кийин азыркы Каракол (мурун Прежвальск шаары болчу) шаарына барып, Айыл чарба институтунун бухгалтердик факультетин бүтүп, айылга келип бухгалтер болуп иштеп калдым. Куйбышевде бухгалтер болуп иштеп атканда аскерге алып кетип калды. Мен аскерде жүргөн кезде бухгалтериянын кээ бир жерлери башкача болуп которулуп кетиптир. 1958-жылы Фрунзеге бухгалтерия боюнча он айлык курска келе калсам, Кыргыз Республикасы боюнча Москвага декада болуп атыптыр. Искусство жагына жакын болуп, комуз чертип, ырдап жүргөм. Ал фестивалга катыша коюп, биринчиликти алдым. Мени ал жердегилер Москвага декадага бар деп, Кыргыз драма театрынын артисттери менен кошо алып кетишти. Кайра келгенден кийин "Театрда артист болуп каласың", - деп калышты. Башында "Мен кала албайм, айылда ата-энем бар", - десем: "Жок, бул жерде каласыз", - деп коюшту. (А кезде айтылган сөз мыйзам болчу). Ошентип калып калдым. Анын үстүнө эне ордуна эне болуп калган таежемдин колунан да кетким келбей койду. 1958-жылы 1-августтан баштап, Кыргыз мамлекететик драма театрында иштеп келем. А жерде Боталиев, Көбөгөнов, Рыскулов, Жамалов аксакалдар бар экен. Ошолор менен аралашып жүрүп, сахнанын жашыруун сырларын өздөштүрө баштадым. Театралдык, актерлук билимим жок.

Дүйшөнгө окшогон сөлдүрөгөн узун бойлуу жигит болчумун
Эки-үч ай иштегенден кийин эле Ж.Абдыкадыров деген режиссёр Ч.Айтматовдун "Биринчи мугалимин" коюп, мага Дүйшөндүн ролун берди. Ал учурда бир спектаклди бир ай же 40 күн даярдашчу. Мени даярдап чыгып, чыгармачыл комиссияга көрсөттү. Ошол кезде Дүйшөнгө окшогон сөлдүрөгөн узун бойлуу жигит болчумун. Бул Дүйшөнгө аябай эле окшоп калыптыр, мыкты ойноду деп калышты. Менин театралдык билимим жок болгондуктан, жүрөгүм менен Дүйшөндүн өзүн ойноп коюптурмун. Дүйшөндүн ролун аткаргандан баштап, мага көп ролдорду бере башташты. Башында жогорку билими барлардан үйрөнүп, аларды туурап жүрдүм. Кийин ойлонуп, аларды туурабай өзүнчө иштеп, режиссёр, аксакалдар менен кеңешип ойноп калдым. Кичинекей роль болобу, чоң роль болобу анын кыял жоругун, баскан-турганын табыш азап экен.

"Ак боз ат" спектаклинде өзүмдү жоготуп коюп…
Негизи ролду чыгараарда элди ишендирип, жүрөк менен ойнош керек. Гастролдо жүргөндө, аябай чарчайбыз, колхоздорду кыдырып жүрөбүз. Садыбакасовдун "Ак боз ат" спектаклинде колго түшүп калган жеринде Эркайым темселеп калганда кейиген жери бар. Элдин баары буркурап жибергенде өзүмдү жоготуп жибериптирмин. Анан көшөгөнү жаап, суу чачып эс алдырышты. Көзүмдү ачсам артисттер мени тегеректеп турушат.

Бакен эже менин аялым болуп ойногондо сөзүмдү таппай калчумун
Сабира эже сахнага чыкканда кенедей эпизод болсо да бир кыялын таап алчу эле. Бакен Кыдыкеева менен да көп ойноп калдым. "Ак боз ат" спектаклинде Мен Шырдакбектин, Бакен эже Шырдакбектин аялы Эркайымдын ролун ойноду. Бакен эже сүйлөп атып, көзүмө тик караганда сүйлөйүн деп аткан сөзүм оозуман түшүп, туруп калчумун. Анткени Бакен эженин сүрү укмуш болчу. Аны Бакен эже сезип калып, көзүн менден ала каччу. Спектакль бүткөндөн кийин, "Ай Асанкул, мындай болбойт, сен коркуп кеттиң", - дейт. Макул эже, эмкиде деп коём. Эмки спектакль болгондо деле баягындай сүрдөйм. Анан эже төртүнчү спектаклде ойнобой койгон эле. Ал эже өтө сүрдүү, ажарлуу эле. А мен айылдан келсем, кан Шырдакбектин ролун мага берип койсо, аябай сүрдөдүм. Ошондон кийин Таттыбүбү менен ойной баштадым. Таттыбүбү экөөбүз бири-бирибизге абдан көнүп калганбыз. Бири-бирибизге жардам берип, тартынбай сүйлөшүп, кеңешип аткарчубуз. Таттыбүбү көбүнчө менин сүйгөнүм, келинчегим болуп ойноп жүрдү.

Чорону үч айлыгында багып алганбыз
Чоро Думанаев экөөбүз эки атанын балдарыбыз. Үч айлыгында Чорону апам бала кылып алайын деп багып алган. Чоро үч жашка чыкканда апамдын сокур ичегиси жарылып, каза болуп калганда атам өзүбүз эле багып алабыз деп Чорону өз ата-энесине бердирбей койду. Апамдын ашын бергенден кийин атама байбиче алып берип, Чоро атамдардын колунда калды. Кийин байбичем "Чорону бул жакка эле алып багып албайлыбы, тигил жактан куурады", - деп калды. Ал учурда үйлүү болуп калганбыз. Макул деп Чорону бул жакка алып келип, мектепке киргиздик. Мен Чорону ээрчитип жүргөндө режиссёрлор көрүп калган го, "Учкучтун көчөсү" ("Улица Космонавта") деген киного тартып калышты. Андан кийин "Көчө" деген кинодо ойноп, артист болуп кетти. А кезде кезекке туруп, өкмөттөн үй алчубуз. Батирлерде жашап жүрдүк. Өзүмдүн кезегим жеткенде 3-кичирайондон үй алгам. Чорого да кезек менен 3 бөлмөлүү батир берген. Анан ал аялы менен ажырашып кетип, үйүн аялына таштап кетип калды. Өзү жатаканадан бир бөлмө үй алып, азыр ошол жакта жашап атат. Өзү бир нерсеге абдан жөндөмдүү. Жакында "Эл артисти" болду. Бирок, буту ооруп, оорулуу болуп калды.

Сынчыларым айылдагы классташтарым болчу
Сынчыларым айылдагы классташтарым Асан Заркулов, Усупов Сырымбет, Жумаалы Мамыров, Коёнбай Абыловдор. Мен спектакль ойноордо (Качкын деген жээним телефондо иштечү) Качкынга телефон чалып, бүрсүгүнү спетакль болот сынчыларга айтып кой десем, бир коюн союп алып, кымызын алып Бишкекке атайын спекткалди көрүш үчүн келишчү. Спектакль бүткөндө үйгө келебиз. Козунун этин байбичем асып коёт, эт бышкыча бул жерин минтип койдуң, тиги жерин тигинтип койдуң деп катуу талкуу болчу.

Татынакай, эки бети кызарган кызды жактырып калдым
Байбичем Жумагүл театрдын тигүү цехинде иштейт. 1958-жылы окуусун бүтүп театрга барыптыр, мен да 1958-жылы барып иштеп калдым. Бир күнү костюмду ченеп кетсин деп чакырыптыр. Барсам, татынакай эки бети кызарган кыз турат. Айылдан келген киши сөзсүз түрдө эле жогорку билимдүү артистке үйлөнүш керекпи? Мага аябай жагып калды. Эки-үч жолу барып, "Кечинде үйүңүзгө барасызбы?" - десем, "Барам, анан ушул жерге жатмак белем?" - деп коёт. "Мен жеткирип койбоюнбу?" - десем, "Мейли", - деди. Кечинде жумуштан чыккандан кийин үйүнө жеткирдим. Үйү жакын эле жерде экен, "Каап, үйү алысыраак эле болбойбу?" - деп коём. Агасынын үйүндө турчу экен. Ошентип бир жылча сүйлөшүп жүрүп, 1960-жылы 1-майда үйлөнүп алдык. Азыр эки кыз, бир уулум, беш неберебиз бар. Уулум аскер кызматкери, кызым 4-төрөт үйүндө башкы дарыгердин орун басары, кичүү кызым неберем экөө биз менен жашайт. Кээ бир үй-бүлөлөрдө идиш -аяк кагышып, чыр-чатак болот эмеспи. А бизде идиш-аяк эмес, кашыктар кагышкан жок, кагышпайт дагы. Экөөбүз таанышып, үйлөнгөндөн бери театрга ээрчишип барып, ээрчишип келебиз.

Төлөбүбү Касымалиева





about | A Free CSS Template by RamblingSoul

14-февраль, 2012-жыл






??.??