Таанышуу жарыясы


Үмүт Өмүрзакова, апасы:

"Мерген көгүчкөн кармап ойногонду жакшы көрчү"


Кезүүдөн келе жаткан
койлорун өңүнөн таанычу
Мерген үйдүн бешинчиси. Мергенге чейин бир байкеси, үч эжеси бар. Балам кичинесинен эле абдан боорукер бала болуп чоңойду. Малга абдан жакын болчу, башка балдардай болуп көчөгө чыгып ойноп кетчү эмес. Үйдө мал карап, тоок, каз бакканды жакшы көрчү. Азыр деле айтып калат, айылга барып мал багып жашасам деп. Кой кезүү деген бар эле ошол маалда, кечинде койлор кезүүдөн келе жатканда алыста туруп алып, койлорун өңүнөн таанычу. Бир жолу эсимде, дагараны көмкөрөсүнөн коюп алып ары жакта жашынып дагараны карап отурат. Көрүп алып, түшүнбөй калдым. "Ай балам, эмне кылып жатасың?"- десем, апа, акырын көгүчкөн кармаганы жатам дейт. Көрсө, дагаранын астына жемден чачып коюп, аңдып отурган экен. Кармап алган көгүчкөнү менен ойноп кайра коё берип, кайра башкасын кармап ойногонду жакшы көрчү. Башка балдарыма караганда абдан боорукер болду, азыр да эки күндүн биринде эле апа жакшысызбы, түшүмө кирип жатасыз деп телефон чалып турат. Ошентип эле үйдө жүрүп чоңойду. бир күнү: "Апа, эртең атам экөөңүздөр театрга келбейсиздерби?"- деп калды. Неге десем, ошого, келсеңиздер деп болбойт. Мейли деп атасы экөөбүз эртеси жөнөп калдык. Барып отурсак бир маалда балам чыгып эле ырдап чыкса болобу. Көрсө бизге айтпай Нарындын театрында иштеп жүрүптүр да. Көрүп алып, ушунчалык сүйүнүп, кубанып эле калдык балам максатына жеткен экен деп. Себеби кичинесинде эле балам үйдө кыңылдап ырдап, кийин чоңойгондо ырчы болом деп айтып калчу. Үйдө кыздын да баланын да жумушун кылчу, такыр жалкоо эмес эле.

Козу жебей балакет
жегиле деп чыр чыгарган
Бир жолу эсимде, Көлдөн эжем менен сиңдим күйөөлөрү менен келип калышты. Анан үйгө конок келгенден кийин мал союш керек да. Ошондо Мергендин кара козусу бар болчу, куйруктуу. Мерген ал козуну аябай жакшы көрүп, башкача карачу. Үйдө башка деле козулар бар болч, бирок эмнегедир ошол козу туура келип ошону союш керек болуп калды. Мерген аны сезди окшойт, кайра. кайра жаныма келип, апа, менин кара козумду союп салбагыла, башкасын сойгула деп айтып жатты. Ой балам, сойбойбуз сеникин, эч кам санаба, бар суу алып келчи деп сууга жибердим. Кетип жатып да апа, менин козумду сойбогула деп айтып кетти. Ал кетери менен жанагы кара козусун союп салдык. Сууну алып келери менен союлуп калган козусун көрүп алып бакырып ыйлап жиберди, козу жебей балакет жегиле деп бакырып жерге оонап жатып калса боло балам. Менин уялганымды айтпа, болду десем кайра күчөп ыйлап, чаңытып эле жатып калды. Ошо менен ошол этти такыр жебей койгон. Азыр деле баламдын жаныбарларга жакындыгын бар. Казакстанда жашап жатып каз, өрдөк багып алган, даталуу күндөрү союп берип калат бизге.

Исраилова Жылдызкан
карындашы:

"Чийден куурчак жасап аларга кийим тигип берчү"


Байкем менден бир топ эле улуу да ошон үчүн элес булас эле эсимде калыптыр. Удаа кыздардан кийин төрөлгөндүктөнбү мүнөзү жумшак, боорукер, ак көңүл болуп калган окшойт. Өзү дагы бизге жакын болду. Байкемдин ачуусу бат келип, кайра бат эле жазылмай адаты бар. Бир жолу эсимде, анда мен 4 - класста окусам керек. Улуу байкемдин кызын колума көтөрүп алып, жыйылып турган жүктүн үстүнө коюп ал кулап келе жатса тосуп алып ойноп жаткам. Бир маалда колуман тайгаланып кетип жыгытып алып жатпайынбы. Эси ооп калганын көрүп, коркуп кетип апама көтөрүп жөнөдүм. Апам эмне кылдың деп эле ызы чуу болуп калдык. Анан эле сыртка чыгып баратсам Мерген байкем кирип келе жаткан экен, эмне кылдың деп эле жаактан ары чаап жиберди. Ошондо байкем мага биринчи кол көтөргөн болч, ошонусун такыр унутпайм. Бирок кайра келип мен сыртта ыйлап отурсам болду, анан эмне өзүң абайлабайсыңбы, өзүмдү кармана албай калдым деп соороткон болчу. Мен биринчи класска барганда байкем 8-9 класста окуса керек. Анан мени кийинтип алып мектепке алып жөнөдү. Барып алып, сени башка класска киргизем ошол жактын эжеси жакшы деп экөөбүз мугалимдерден жашынганыбыз эсимден кетпейт. Качып отуруп, өзү айтып жаткан мугалимдин классына киргизген. Байкем биздин жаныбыздан чыкчу эмес, бизге чий куурчак жасап, аларга кийим тигип берип эле жаныбызда жүрчү. Эртең менен сабакка эрчитип барып биз менен эле алек болор эле. Байкем тууралуу айта берсем көп эми. Абдан боорукер, мен жаңы турмушка чыгып жашап калдым. Өзүм дагы Ошко кетсем үйүм алыс болуп, ата энемди сагынып жүргөм. Анан эле бир күнү уй саап жатсам атчан эле бирөөлөр келе жатат. Кошуналар болсо керек деп көп деле маани берген жокмун. Жаныма келип Жылдыз дегенинен карасам эле Мерген байкем экен. Көрүп алып ошол жерден байкемди кучактап ыйлап жибердим. Ошондо мени биринчи болуп байкем издеп келген болчу.

"Байкеме сасып жатасыз, ары туруңузчу десек,
кайра бизге жармашчу"
Байкем сахнага чыкканга чейин эт комбинатында иштечү. Жумуштан келгенде ушунчалык эт сасып келчү да, биз болсо фуу, сасып жатасыз ары туруңузчу деп качсак, кайра байкем бизге эрегишип, бизди кучактап силер дагы сасыгыла деп бизге жармашып калчу. Азыр үй бүлө күтүп, өз алдынча болуп калып, анда санда келип турат.Байкем лагманды абдан сонун жасайт, келсе эле лагман жасап бериңиз деп ашкананы көздөй жетелеп жөнөйбүз. Чыгармачыл адам болгондон кийин убактысы аз да, кээде жасап берсе, кээде кийинки келгенимде жасап берем деп кетет.

Алиса Сапарбекова



about | A Free CSS Template by RamblingSoul

14-февраль, 2012-жыл






??.??