Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Сурагыла,


жооп беребиз


Ар саныбызда окурмандарыбыздан ар кандай суроолор келип турат. Бул саныбызда да окурмандарыбыздан келген суроолорго жооп алып бердик.

Айыз сыяктуу суюктук келип жатат?
Менин жыныстык кыным бир- эки айдан бери сууланышып, жагымсыз жыты менен айыз сыяктуу суюктук келип жатат. Билип бериңиздерчи, эмне себептен улам ушундай болушу мүмкүн?
Айтурган, 22 жаш.
Бишкек шаары

Шүкүрова Дилде Аскаровна,
врач - урогинеколог:
"Жыныс кынынын сезгенишинен болушу мүмкүн"
- Бул жерде кыз жыныстык катнашта жашайбы же жашабайбы, төрөгөнбү же боюнда барбы, ал тууралуу айтпаптыр. Ошон үчүн эң негизгиси текшерилип, туура жооп алганы жакшы. Эми бул жыныс кынынын сезгенишинен болушу мүмкүн. Көбүнчө айыз сыяктуу болуп келип жатса жыныстык жактан жуккан оорулар бар, ошолордун бири болушу ыктымал. Эгер бул кыз төрөгөн болсо, анда эрозия да болушу мүмкүн. Азыр төрт -беш жаштагы кыздардан бери текшеребиз. "Кокки" деп коёт, жыныстык катнаш менен жукпай турган оорулардын бири. Мисал үчүн тамагы ооруса, ар кайсы органдарда сезгенүү болсо ошол ооруну чакырат.


Заара кылсам ачышып жатат, эмнеден болушу мүмкүн?
Мен былтыр май айында ПЦРге анализ тапшыргам. Өзүм жыныстык катнаш менен жашап жүргөнүмө беш жылдын жүзү болду. Баш- аягы болуп ондон ашык ооруга анализ тапшырдым эле. Жыйынтыгында эки -үч оору бар деп табылган. Ошол боюнча шарттын жоктугуна байланыштуу дарылана алган эмесмин. Азыр жыныс кынымда кандайдыр бир суу келип, заара кылсам ачышып жатат. Буга чейин мындай болчу эмес. Эмнеден улам ошондой болушу мүмкүн?
Салтанат, 24 жаш.
Ош областы

Шүкүрова Дилде врач - урогинеколог: "Кайра анализ тапшыр"
- Бир жыл мурун анализ тапшырган болсоң, кандайдыр бир вирустар бар экенин билгенден кийин сөзсүз келип дарыланышың керек болчу. Эки- үч оору бар деп чыкса, ал кайсы оорулар экенин билишибиз керек. Убакытты өткөрбөй кайра анализ тапшыр, анализиңдин кандай чыкканына жараша дарыланышың керек.


Хламидиоздун симптомдору жөнүндө билип бериңиздерчи?
Мен кечээ жакында өзүм үчүн текшерилип көрөйүн деп анализ тапшырдым эле. Менде "хламидиоз" деген оору бар деп аныктап беришти. Бирок менин эч жерим оорубайт, өзүмдү жакшы сезем. Хламидиоздун симптомдору жөнүндө билип бересиздерби?
Сейит, 20 жаш,
Аксы району

Айбек Өскөн уулу врач - уролог:
"Өпкөсү, башы, муундары ооруйт"
- Хламидиоз - бул жабык бирок, өнөкөтү өтө оор оорулардын бири болуп саналат. Бул оору белгисиз симптомдор менен өтөт. Эгер бир эле хламидиоз болсо билинбей жүрө берет да, адамдын ден соолугуна зыяндуу ооруларды алып келиши мүмкүн. Өпкөсү, башы, муундары ооруйт. Башкача айтканда ушул сыяктуу ооруларга алып келет. Мунун биринчи белгилери заара кылганда, заара кылган каналдын ичи ачышып ооруй баштайт. Анда тез арада врачка көрүнүшү керек.
Мага оору жугуп калбайбы?
Менин сүйлөшкөн кызым "хламидиоз" деген оору менен ооруйт экен. Дарыланбаганына байланыштуу азыр жыныстык катнашка барганда "презерватив" менен сактанып жатабыз. Мага оору жугуп калбайбы?
Жаныбек, 24 жаш.
Нарын шаары

Айбек Өскөн уулу врач - уролог:
"Эгер башында айтпаса, демек сага оору жугуп калган"
- Биринчиден билиш керек, ал кыз канча убакыттан бери "хламидиоз" менен ооруган. Эгерде ал кыз менен таанышканда эле кыз ооруп жүргөн болсо, бирок ооруганы тууралуу билип анан "презерватив"менен жыныстык катнашта болуп жүрсө ,демек бул оору сага жуккан эмес. Же кыз ооруганы тууралуу жашырып, жыныстык катнашта болуп жүрүп эми айткан болсо, демек оору жугуп калган. Анда келип текшерилишиң керек.


Паспорт алам деп акча бердим эле,
паспортум да акчам да жок.
Кимге кайрылсам болот?
Мен эки жыл мурун паспорт жасатканы паспорт жасаган жерде иштеген бир эжеге төрт миң сом берген болчумун. Азыр арадан эки жыл өтсө дагы паспортум да, акчам да жок. Эмне кылып, кимге кайрылсам болот?
Нуржамал, 20 жаш. Кара-Балта

Сатарбаева Наргиза, жеке нотариус:
"РОВДга арыз менен кайрылыңыз"
Паспорт алыш үчүн кайсы паспорт бюросуна кайрылдыңыз эле? Ошол жерге арыз жазыңыз. Өзүңүздүн жашаган районуңуздун РОВДсына барып арыз ташташыңыз керек. Сиздин арыз түшкөндөн кийин алар карап беришет.

P.S Урматтуу окурман! Эгер сизди кызыктырган суроо болуп жооп таба албай
жатсаңыз, 0312 44-98-21 телефонуна же obonkg@mail.ru электрондук дарегине кат жазыңыз. Сиздин ар бир сурооңузга жооп алып берүүгө дайым даярбыз!

Алиса Сапарбекова







Warning: include(0228.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_11.htm on line 101

Warning: include(0228.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_11.htm on line 101

Warning: include(): Failed opening '0228.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_11.htm on line 101





??.??