Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Илгиз "Жалгызым" деген чыгармасын жаратты
Кыргызга аттын кашкасындай таанымал ырчы, көптөгөн ырлардын автору, КРнын эмгек сиңирген артисти, Сыймык Бейшекеевдин шакирти Илгиз Абдалиев "Жалгызым" аттуу чыгармасын жаратты. Учурда бул ыры бардык радиолордон кетип, Илгиз жаңы ыры менен күйөрмандарын сүйүндүргөн чагы.


Лутфилла менен Эмил Балтагулов жарашты
"Устатым Эмил Балтагулов менен жарашып кайрадан иштеше баштадым. "Талаш тагдыр" тасмасында терс каармандын ролун аткаргандыктан, кинону көргөн эл "терс каармандын ролун мыкты ойнопсуң" десе, айрымдары жаман көрүп жатат. Фонограммага бөгөт койгонуна сүйүнүп, "Эми кезек бизге келди го" дейт, жаш ырчы Лутфилла.


Аслана апалардын майрамына ыр ырдайт
Циркте да, сахнада да жылдызы жанган Аслана жаздын бурксуган жыпар жыты менен бир келген апалардын майрамына карата аялзатына арнап "Апалар" деген ырын жаздырып бүттү. "Ырларымдын сөзүн, обонун өзүм жазам. Кезектеги ырым дүйнө жүзүндөгү асыл апаларга арналат" дейт- эстраданын казанында кайнап жаткан ырчы кыз.


Айпери Кубик кызы
"Сен кетпечи"

Сөзү, обону: К.Калыковдуку

Эч кимге теңей албайм жалгыз сени,
Эч бир күч кетире албайт алыс мени.
Эркелеп эч ким жокто жаш баладай.
Эрмектеп жазылгыча көңүл чери.

Кайырма:
Сен кетпечи жанымдан,
Сен кетпечи.
Сезимим жалындаса,
Мейли дечи.
Жан дүйнөм
Жалгыздыктан коркуп келет,
Сен кетпечи!

Жаныма жакын келип, тиктеп калсаң,
Көздөрүм ойноп кетет сүйүү жанган.
Жүрөктүн алы кетип турган кезде,
Сураймын жалгыз гана сенден жардам.

Кайырма:





аалы туткучев Төкмөбү же өпкөбү?

Аалы Туткучев бир жолу редакцияга телефон чалат:
- Алло, саламатсыңарбы?
- Саламатчылык. Бул ким болду экен?
- Бул мен, Аалы.
- Кайсы Аалы?
- Аалыны тааныбаганыңыз кандай? Кыргызстанда эки эле Аалы бар эмес беле, бири Аалы Токомбаев болсо, экинчиси мен төкмө акын Аалы Туткучев. Токомбаев өтүп кетип, азыр мен жалгыз Аалы калдым, -деп атпайбы.


Таластык туугандар кээде өздөрү тамашалап, таластыктар экиге бөлүнөт: "Төкмөлөр, анан өпкөлөр"- деп каткырып калышат. Анын сыңары, Аалынын телефон чалуусунан кийин биз таң калып калдык: "Бу Туткучев кайсынысына кошулат болду экен?" - деп...


Бу Туткучевди кудай урганбы?
Аалынын баарын "кырганбы?"
Өкмөттөгү Аалы Карашев,
Аалы эмей - Мерген Турганбы?..
"Ибараттын" чоң кызы,
Назиранын атасы,
Болдуканов Аалы агаң,
Кыргыздын оңдойт катасын.
Орловканы "Бүркүт уя" кылам дейт
Кыргыз тилдин "папасы".
Эртелеп аны "көмбөстөн",
Алганың жакшы батасын!
Өзүңдү Азирети Аалы сезсең да,
Өлгүчө дүйнө кезсең да,
Таппайсың элди кыргыздай,
Тапканы Манас, Чыңгыздай.
Кыргыздан чыккан Аалылар,
Кыйт этээр укса мунуңду.
Кечирим сура элиңден,
Мойнуңа салып куруңду!

Аваз туулган күнүн күйөрмандары менен тосту
Жаздын биринчи күнү жыйырма жашка толгон ырчы Аваз Акимов Ош калаасында күйөрмандары менен туулган күнүн белгиледи. "Ош жергесине атамдын концертинде гастролдоп келгенбиз. Менин туулган күнүм ушул күнгө дал келип калды. Күйөрмандарыма жагымдуу ырларымды тартуулап, кечинде чыгармачыл досторум жана ата -энем менен бул ыйык күндү бирге майрамдадым"-дейт, ырчы Аваз Акимов.







Warning: include(0228.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_12.htm on line 122

Warning: include(0228.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_12.htm on line 122

Warning: include(): Failed opening '0228.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_12.htm on line 122





??.??