Юлия Руцкая:

"Уитни Хьюстон үчүн англис тилин үйрөнгөм"


Ар бирибиздин эле көңүлүбүздө жашаган идеал адамыбыз болот эмеспи. Ал адам менен күнүгө жолугуп баарлашпасаң да жүрөгүңдүн тереңиңде балапандай бапестеп, ал тууралуу жаңы жаңылыктарын уккуң келет. Биз сыяктуу эле жаш, таланттуу ырчы кызыбыз Юлия дагы өзүнүн кумири тууралуу кеп салып берди.

- Менин жакшы көргөн ырчым, кумирим Уитни Хьюстондун бул дүйнө менен кош айтышы башка фанаттарындай эле мени дагы оор кайгыга салды. Өзүм УТРКнын "Чилденин чилтендери"сынагынан кийин суук тийип, кичине сыркоолоп жаткан элем. Кумиримди каза болду деп алгач укканда ишене албай турдум. Бир маалда гана интернет булактарынан, телерадиолордон маалыматтар тарай баштаганынан кийин гана ишендим. Ар бир берген интервьюларымда дайым анын талантын суктануу менен айтып кетээр элем. Менин эки кумирим бар, алар Лара Фабиан жана Уитни Хьюстон! Ошол күнү жакшы көргөн кумиримди каза болду деп угуп жөн эле отура алган жокмун. Жан дүйнөм ооруп, сөз менен айтып бергис абалда оюмду "Фэйсбук" баракчасына жаздым. Ошол эле күнү мага Лондондогу Би-Би-Си радиостанциясынын кабарчысы Мега Мохан байланышка чыгып, кумирим тууралуу интервью беришимди өтүндү. Көрсө алар дүйнөдөгү таанымал адамдардын арасынан Уитнинин фанаттарын издеп жатышкан экен. Макул болуп, өзүмдүн кумирим тууралуу кыскача интервью бердим. Интервью англис тилинде жана түз эфирде болду. Уитнинин таланты менин жашоомо кандай таасир калтырганы тууралуу айтып бердим. Кумиримдин айынан мен ушул ырчылык кесипти тандап, кумиримдин ырларынан вокалды ырдаганды үйрөнгөм. Кумиримдин ырларын ырдаш үчүн англис тилин окугам. Дайыма Уитнинн талантына таазим кылып, кичинекей кезимен бери ар бир ырын жатка билчүмүн. Ар бир концертин калтырбай көрүп, ушунчалык суктануу менен анын чыккан жаңы альбомдорун издеп жүрүп болсо да таап келип угаар элем. Менин биринчи репертуарымдагы ырларда жалаң Уитнинин ырлары. Өзүмдүн кумирим тууралуу Би-Би-Си менен ушуларды бөлүштүм.





Каныкей:

Мыйзам тарабынан эч ким мени чектебейт


Эл оозунда "кыргыздын Леди Гагасы" аталган мукам үндүү ырчы Кыз Каныкейдин тегерегинде акыркы учурларда көп сөздөр жүрүп, кыргыз калкы Каныкейдин жаңылыктарына кулак түрүп аткан чагы. Кээ бирлер "Каныкей долбоору аягына чыгыптыр", - дешсе, кай бирлер Каныкейдин продюсери Мамасадык мырза менен иштешпей калуусуна таң калгандар. Окурмандардын суроолоруна жооп алуу максатында Каныкейди сөзгө тарттык.

- Сенин сырткы келбетиң (имиджиң) таанымал болушуңа салым кошту деп ойлойсуңбу?
- Менин образым кыргыз эли үчүн жаңылык болду. "Таанымал" эмес, жаңылык деп эсептейм. Таанымал болууда эң биринчи орунда сырткы келбет эмес, чыгармачылык көрөңгө жана үн болуш керек. А менде алар бар.
- Мындан аркы имиджиң кандай болот? Же боёксуз эле сахнага чыга бересиңби?
- Имиджим өзүм менен кошо калат. Бирок, албетте чыгармачылык жаатта өзгөртө берем.
-Мурунку ырларыңды таптакыр ырдабайсыңбы?
- Ырдайм. Эмнеге ырдабайм?
- Сени кыргыздын Леди Гагасы дегенге кошуласыңбы?
- Мени кыргыздын Леди Гагасы дегендерге кошула албайм. Себеби, чыгармачыл адамдар ар кандай болот.
- Леди Гага өткөндө уйдун этинен жасалган көйнөк тиктирип кийип чыкты эле, пиар үчүн сен да ушуга окшогон кадамга барат белең?
- Жок. Биринчиден андай кадамга баруу менин адамдык сапатыма туура келбейт. Экинчиден биздин менталитетке, көз карашыбызга туура келбеген иш.
- "Каныкей" долбооруна түзүлгөн келишим бүтө элек деп айтып атышат. Эми ал келишим сотто жыйынтыкталабы?
- Мыйзам тарабынан эч ким мени чектебейт.
Жылдыз
Абдыкерим кызы







Warning: include(0228.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_13.htm on line 72

Warning: include(0228.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_13.htm on line 72

Warning: include(): Failed opening '0228.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_13.htm on line 72





??.??