Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Таланттуу эгиз кыздар

Кымбат


жана


Сымбат



Элибизде таланттуу инсандар көп эмеспи. Бүгүн бизде конокто кыргызымдын таланттуу эгиз кыздары, жаңы жанып келе жаткан актриса кызыбыз Кымбат жана алдына чоң максаттарды койгон сүрөтчү Сымбат Асизовалар болмокчу .

Кымбат Азисова:
- Кымбат, кино дүйнөсүнө кантип баш багып калдың?
- Мен өзүм кесибим боюнча да актрисамын. Учурда Искусство институтунда 3-курста окуйм. Өзүм буга чейин музыкалык билим алганмын. Күрөңкеевде да окуганмын. Комуз жагын бүткөнмүн. Вокал жагынан да окуйм. Буга чейин кинолорго тартылганмын. "Талас-Бишкек", "Талас-Бишкек2", "Көк салкын" деген тасмада болсо башкы ролду жараттым. "Шаке" деген тасмада, "Кеме" кыска метраждуу тасмада роль жараттым. Азыркы чакта да сунуштар түшүүдө. Буюрса, алар менен да иштешем.
- Эң алгачкы тасмага тартылганыңда кандай сезимдер коштолду?
- Эң алгачкы жолу "Талас-Бишкек" тасмасына тартылгам. Башында сүрдөдүм, бирок аны эч кимге байкатпаганга аракет жасадым. Режиссерлор, Шайыр Касымалиева "Жакшы аткарат экенсиң", "Аракетчил кыз экенсиң" деп мактагандан кийин өзүмдү жакшы сезип калгам. Мен да киного тартылууга мүмкүнчүлүгүм бар турбайбы деп. Ошондон кийин тасмаларга тартылууга катуу кызыга баштадым.
- Эгиз болсоңор да келбетиңерден окшоштук таба албадым. Балким, мүнөзүңөрдө окшоштук бар чыгаар?
- Мүнөзүбүздүн окшош жактары бар болуш керек. Бизге билинбейт да. Аны элдер көрүп байкашат. Бизди карап бул жагыңар окшош экен, тигил жагыңар окшош экен деп айтып калгандар да бар.
- Бири бириңерге жакпаган сапаттарыңар барбы?
- Албетте, бар! Сымбаттын мүнөзүнөн мага урушчаактыгы жакпайт. Бат эле бир нерсеге кыжаалаттанып кеткени жага бербейт. Болбосо башка жакпаган жактары деле жок.
- Көбүнчө байкап көрсөк, эгиздердин бирөөсү жоош, бирөөсү аябай шайыр келет. Сымбат абдан шайыр болсо, жоошу сен болосуңбу ошондо?
- Жок. Менин мүнөзүм маанайыма жараша өзгөрүп турат. Кээде жоошмун, кээде шайыр болуп калам. Табияттан ушундаймын. Бирок дайыма шайыр болгонго аракет жасайм.


Сымбат Асизова:
- Сүрөт тартууда илхам менен иштейсиңерби?
- Ар бир адам затында илхам келген убак болот. Эргүү ар бир учурда эле келе бербейт. Биз сабакта олтурганда болсо эргүү деп күтүп олтура бербейбиз. Сабактан сырткары болсо иштөөчү убакыт келгенде, эргүүү менен берилип сүрөт тартабыз. Мен өзүм ошондой иштейм да негизи.
- Сүрөт тартууга кандайча кызыгып калдыңыз?
- Менин атам сүрөтчү. Семён Чуйков атындагы окуу жайды бүткөн. Сүймөнкул Чокморовдун студенти болчу. Атам сүрөтчү болгондуктан үйдө баарыбыз эле сүрөт тартчубуз. Башынан эле кызыгам десем да болот. Мен экинчи класстан баштап лицей-интернатта окуганмын. Ошол жактан эле сүрөт бөлүмүнө бөлүп коюшкан. Андан сырткары модель жасоо боюнча ийримдерге катышчумун. 9-классты бүтүп, Көркөм Академиянын астындагы колледжге тапшырып, керамика бөлүмүн аяктадым. Бул жакты аяктагандан кийин Н.Исанов атындагы КГУСТАнын живопись бөлүмүнө отурдум.
- Бир көз ирмемди чагылдыруу үчүн эмне керек?
- Бир пайыз талант жана токсон тогуз пайыз эмгек талап кылынат.
- Сүрөт тартуудан сырткары дагы эмнелерге кызыгасың?
- Менин кызыккан нерсем көп эле. Мисалы, музыкага кызыгам. Эгизим Кымбат актриса, ырчы. Үйдө бүт эле искусство адамдары болгондуктан, музыкага жана көркөм өнөрчүлүк жакка да кызыгам. Кийим тигем, сайма саям.
- Кээ бир адамдар өз фантазиясы менен сүрөт тартса, кээ бири түшүндө көргөнүн тартышат экен. Сенде ушундай учур болду беле?
- Менде мындай боло элек. Өзүнүн түшүндө көргөн нерселерин тарткан сүрөтчүлөр бар болуш керек. Мен антип түшүмө кирген нерселерди тартып көргөн эмесмин. Оюма дагы келген эмес экен. Мындай эле коюп берген нерселерди сабактагы программалар боюнча тартчумун. Анан да сырттагы кооздуктарды тартып иштейбиз. Бир нерселерди оюмдан чыгарып аттракционный кылып иштеп көргөнмүн. Мага жагат. Бирок кээ бирлерге бул жакпайт.
- Көбүнчө сүрөтчүлөр сулуулукка басым жасашат дешет. Сен кандайсың?
- Негизи сүрөтчүлөр бүгүн бир сулуулукту баалап жактырса, эртеси күнү башка ажарга берилишет. Бирок сүрөтчүлөр бир адамды жактырса жөн эле жактырбай, жан дүйнөсү менен берилет. Кээ бир сүрөтчү мырзалардын арасында кыздардын сулуусун улам жактырып жүрүп, үйлөнбөй калгандар да кездешет. Алар сулуулукту тандап, сындап, сулуулукка баа берип, эл көрө албаган өзгөчөлүктөрүн, кемчиликтерин көрө билет. Ошондуктан сүрөтчүлөргө оңой менен кыз же бала жага бербейт. Алар адамды 100 пайыз изилдеп, анан сүйөт.
Гүлбүбү Галжигитова










Warning: include(0228.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_14.htm on line 82

Warning: include(0228.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_14.htm on line 82

Warning: include(): Failed opening '0228.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_14.htm on line 82





??.??