Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Криштиану Роналдунун башын айлантып жүрүп, гей күйөөгө тийген модель

Ким


КарDашиан


Голливуд жылдыздарынын ичинен бардык жагынан төп келишкен, жигиттердин жүрөгүнө чок салып, башын айланткан модель жана актриса Ким Кардашиан тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Ар улуттун аралашмасынан чыккан сулуу
Америкалык фотомодель жана актриса Ким Кардашиан деген ат менен белгилүү болгон Кимберли Ноэль Кардашиан Лос-Анжелесте төрөлгөн. Сулуунун канында атасы жактан армян, апасы жактан шотланд жана голланддыктардын каны бар. Ошон үчүн өзгөчө сулуулуктун ээси десек болот.
9 бир тууган модель Ким Кардашиан
Атактуу перинин балалык чагы Беверли-Хиллзде жетиштүү, байгерчиликте өттү. Кимдин атасы Роберт Кардашиан белгилүү жактоочу (адвокат). А энеси Крис Женнер өзүнүн эле менеджери болуп иштейт. Ата-энеси Ким 9 жашында эле эки башка жолду тандап кеткендигине байланыштуу, Ким энесинин колунда калат. Эки жыл өтүп-өтпөй эле Кимдин апасы төшөк жаңыртып, жеңил атлетиканын чебери Брюс Женнерге турмушка чыгат. Ким Кардашян учурда 9 бир тууган. Өзүнүн Кортни жана Хлои аттуу сиңдилери жана Роб аттуу иниси бар. Ал эми өгөй атасынан Бартон, Брендон, Броути аттуу инилери, Кайли жана Кенждал аттуу сиңдилери бар.
Порновидео же чоң чыр
2006-жылы Ким Кардашиандын тегерегинде чоң чыр чыккан. Анын эң жакын деген курбусу Пэрис Хилтондун башынан өткөн порно окуя, Кимдин да башынан өтөт. Үйдөгү өзүнүн бойфренди Рэй Жей менен лаззатка батып атканын видеого тартып алып катып койсо, аны белгисиз бирөөлөр уурдап кетип, интернет баракчаларына таратып жиберет. Ким ал жерде өзү эмес экенин айтып актанат. Ошондо, Ким өзүнүн катышуусундагы порновидеону DVD дисктерге таратууну пландап жаткан компанияны сотко берет. Бирок, бул чырды Ким өзүнүн атын чыгарыш үчүн гана жасаган деп да жүрүшөт. Ал компаниядан Ким 5 миллион доллар алып алат. Ошентсе да, Ким андай төшөк чырынан кийин ачык фотосессияларга уялбай эле тартыла баштайт. Эркектердин жылаңач журналдарынын биринчи беттерине чыгып, баягы өзү 5 миллион доллар алган порновидео бул жакта эле калат. Журналдарга түшүп атып, анын рейтинги жогорулай баштайт.
Карьерасы
Өзүнүн эң биринчи ролун Ким Кардашиан С-лдан баштайт. Андан кийин 2008-жылы "Чыныгы блокбастер эмес" киносунда Лизанын ролун ойнойт. Андан кийин "Мен апаңарды кантип жолуктургам?" аттуу С-лда да эпизодго катышып, эң начар аткаргандыгы үчүн "Алтын малина" наамын алган. Актрисалык карьерасына чейин Ким Кардашиан моделдик карьерасын баштаган. 2007-жылы "Playboy" журналына чечинип, болгон намыстуу жерлерин ачык көрсөтүп берсе, андан бир нече ай өткөндөн кийин эле жинсы чыгарган компаниянын жүзү болот. Аны менен катар эле Ким белгилүү кийимдердин көргөзмөсүндө модель болуп иштей баштайт. 2009-жылы өзүнүн сиңдилери менен бирге "Bebe" аттуу мыкты мода маркасынын дизайнери болушат. Дизайнерлик таланты өркүндөгөн кыздар, мыкты моделдерди чыгарып, жаш кыздардын арасында абдан популярдуулукка ээ болушат. Андан көп өтпөй эле эже-сиңдилер өздөрүнүн кийимдеринин коллекциясын чыгарышат.
Жеке жашоосу
2000-жылдын башында 19 жаштагы Ким Дэймен Томас аттуу музыкалык продюсердин мыйзамдуу келинчеги болгон. Бирок, жаш турмушка чыккангабы, экөө тез эле эки айрылыш жолго түшүшкөн. Жыйынтыгында 2004-жылы мыйзамдуу түрдө ажырашышкан. Ким жолдошу Дэймон менен ажырашуусунун себебин, дайыма мага кол көтөрчү десе, күйөөсү Дэймон, мен Кимдин менин башымды аттап, башка эркектер менен жүргөнүнөн тажадым деп белгилеген.
Эркектен жолу жок Кардашиан
Ким Кардашиандын эркектен жолу жок экен. 2007-жылы Реджи Буш менен жолугуп сүйүүнүн көлүнө чөмүлүп жүрүп эле, эки жылдан кийин аны менен да жылдызы келишпей калат. 2010-жылы белгилүү футболчу Криштиану Роналду менен ысык мамиледе болуп жүрүп, 3 айдан кийин Майлз Остин аттуу спортчу менен кетип калат дагы, аны менен да болгону 3 ай жакшы мамиледе болуп, ажырашат.
Спортчулдарды тандап жүрүп гей күйөөгө тийди
Кийин баскетболчу Крис Хамфрис менен жакшы болуп, экөө үйлөнүшөт. Бул күйөөсү менен да үй ай жашап, ажырашты. Кристин туугандары Ким экөөнүн үйлөнүү тоюнда түшкөн белектердин учун да күйөөсүнө карматпагандыгын айтып жатышат. "Ferrari" үлгүсүндөгү эң кымбат автоунаасынан да дайын жок, биздин уулубузга белектери менен бөлүшкөн жок деген айып коюп атышат. Чындыгында экөөнүн ажырашуусунун эң биринчи себеби, үлпөттө түшкөн белектерди бөлүштүрүү болду. Күйөөсү Крис бул маселени чечүүнүн эки жолу бар, келген белектерди туура бөлүшүш керек, же болбосо белекти берген адамдарга кайра кайтарыш керек деп атат. Кээ бир журналдарда Ким белектерин сатып, кайрымдуулук иштерине жумшап атат деп жазса, кээ бир журналдарда Ким белектерди жакшы эле пайдаланып атат деп жүрөт. Ал эми экөөнүн ажырашканынын экинчи себеби, Ким өзүнүн күйөөсү Кристи гей экенин жар салды. Анткени, экөө өткөргөн бал айында Крис Кимди кучактамак түгүл жанына жакын жолоткон эмес. А Крис өзүнүн "ориентациясы" жайында экенин айтып актанып атат.
Сайра Сопушева




Warning: include(0228.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_19.htm on line 63

Warning: include(0228.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_19.htm on line 63

Warning: include(): Failed opening '0228.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_19.htm on line 63





??.??