Таанышуу жарыясы


Гүлжигит Чолпон Султанбекованын кызына үйлөнөбү?


Жигиттердин мыктысы аталган, кыздардын сүйүүсүнө айланган "Евразия жылдызы" сынагынын жеңүүчүсү, Гилжигит Калыков кумирлери менен баарлашып кетти.

Айкөкүл:
- "Евразия жылдызы" болушуңуз менен куттуктайм. Финал күнү "Гүлжигит" деп атыңыз аталганда кандай сезимде болдуңуз? Бул жакка келгенде ырчылардын сизге болгон мамилеси өзгөрдүбү?
- Ошол маалда эки айга чукул Кыргызстанды көрө элек болчумун. Бул жакта элдер кандай сөз кылып жатканынан кабарым жок болчу. Көрсө, менин күйөрмандарым, чоң апаларым, агаларыбыз, жалпы кыргыз элим менин жеңишимди сыналгы аркылуу чадымсыздык менен күтүп олтурушуптур. Ал тууралуу бул жакка келгенде билдим. Казак- кыргыз бир тууган деп коёт эмеспи. Казак менен кыргыздын тилдери окшошуп, бири-бирине жакын болсо, ал жакта түрктөр менен азербейжандар да ошондой экен. Түрк элинин 75 пайызы СМС добушун азербейжандыктарга берсе керек деп, ойлодум. Анткени, бул сынактын жыйынтыгы СМС добуш менен эсепке алынмак. Биз жакшы деңгээлде чыкканга аракет кылып жаттык. Бул жеңиш жараткандын бизге насип кылган буйругу болуш керек.
Алмагүл:
- Капаста булбул сайрабайт дейт. Ырчы болууңузга ким түрткү болду?
- "Кичине кезимде ырчы болом деген ойлорум жок болчу" деп көп интервьюларымда айтып келем. Кийинчерээк жашоо-шарттар өзгөрүлдү. Музыкага болгон кызыгуум артып, чыгармачыл чөйрөгө аралаша баштадым. Мага түрткү болгон эң биринчи мугалимим, Купияна Светлана Анатольевна болду. Ата-энем да мага каршы чыкпай, ар дайым мени колдоп келишти.
- Турцияда калыстар тобу сизди чечиндиргенге чейин барышты. Уялып, ыңгайсыз абалда болгон жоксузбу?
- Ал жакта жүргөндө "ТРТ аваз" телеканалы биздин бир күндүк жашообузду тартып, күнүгө кечинде көргөзүп турушчу. Мен майкачан теннис ойноп жаткан жеримди тартып алышып, аны да көрсөтүшкөн болчу. Турцияда сынак болуп жатканда калыстар тобунун артында олтурган кыздар: "Мага бул жигиттин дене түзүлүшү жагат" деп кеп кылып калышкан экен. Ошол учурда калыстардын бирөөсү угуп калып: "Ырдап бүткөндөн кийин мен бул баланын дене түзүлүшүн сиздерге көргөзүп берем"- деп убада берип коюптур. Ырдап бүткөндөн кийин костюмумду чечүүмдү суранышты. Бир аз ыңгайсыз болду. Костюмдун ичинде ошол имиджге туура келген майка кийип алгам. Бул шоу-биснестин шартына ылайык болду.
- "Евразия жылдызын" сиз менен бирге катышкандардын арасында сатып алды деген сөздөр чыкты эле. Көңүлүңүз чөккөн жокпу?
- Көңүлүм чөккөн жок. Себеби мен билем да, сатып алган жокмун. Сатып алыштын кажети жок. Бардыгы калыс болду деп айта алам. Андай сөздөр болот жана боло берет, ага маани деле бербейм.
Канышай:
- Чолпон Султанбекова айымга бир журналист: "Эгер Гүлжигит Калыков кызыңыздын колун сураса?.." деп суроо узатканда Чолпон айым: "Ошол Гүлжигит сураса кана…" деп жооп берген интервьюсун окугам. Депутат Чолпон айымдын кызына үйлөнөт белеңиз?
- Ал тууралуу биринчи жолу сизден маалымат угуп жатам. Ар бир нерсе өзүнүн орду менен болот. Чолпон эженин кызын же кошунамдын кызын аламбы, ал жараткандын буйругунан.
- Кыз кылыгы менен кымбат дечү эле. Сиздин көңүлүнүздү кыздардын кандай сапаты иренжитет?
- Албетте, кыз деген өтө назик болуш керек. Диний жактан болобу же биздин менталитет жактан болобу айымдар мээримдүү болууга милдеттүү. Мага кыздардын чылым чеккендери же түкүрүнүп тургандары жакпайт. Кыз деген кыздай, назик жан болуш керек.
Бегимай:
- Кичи мекениңиздеги кызыктуу көз ирмемдерге токтоло кетсеңиз?
- Менин мекеним Кыргызстан. Кыялбек Урманбетов агайга жолукканда "Нарындыкмын, Ат-Башылыкмын дей берет экенсиң. Кыргызстандыкмын деп жүрбөйсүңбү?"- деп айткан болчу. Ошондон бери Кыргызстандыкмын деп калдым. Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында төрөлгөм. Ата-энемдин жумушуна байланыштуу шаарга келип, бул жакта окуп калдым. Менден бир жаш кичүү Нурлан деген иним бар. Ал үчтө болсо, мен төрттө болчумун. Үйүбүздүн артында суу агып турчу. Ошол суунун боюнда ойночубуз. Жаңы салынып жаткан үйгө суунун жанынан темир-тезектерди ташып ойноп жатканбыз. Ал болсо: "Гүлжигит байке, ыргыта бериңиз" десе, мен бир чоң учтуу темирди инимди көздөй ыргытсам анын башына тийип, башы аябай канжалап, ата-энемден да уруш уккам. Инимди көрсөм ошол окуя эске түшө берет. Нурлан чачын меникинен кыскараак кылып өстүрүп алгандыктан, чекесиндеги мен салган так, анчейин көрүнбөй чачы маңдайын жаап калды.
Фатима:
- Ак-Муз айылындагылар акча чогултуп сизге темир тулпар алып бергени жатышыптыр. Бул маселеге Аскар Салымбеков: "Гүлжигит азырынча жаш, кичине коё тургула"- деген экен. Жердештериңиз темир тулпар мингизсе аласызбы?
- Муну укпаптырмын. Мен Кыргызстанга келгенде жердештерим айылдан бери келишип бул жактагылар дагы чогулушуп, бир кафеде ата-энем менен тосуп алышты. Белектерин дагы беришкен. Машина тууралуу билбейт экемин.
- "Кошунамдын корозу кыйкырганда турам"- деген интервьюуңузду окуп калгам. Дагы деле кошунаңыздын корозу кыйкырганда турасызбы?
- Мен өзүм кээде тамашакөй болуп калам. Анда да "канчада турасыз?" деген, суроого "кошунамдын корозу кыйкырганда турам"- деп тамашалап жооп берген болчумун. Чынында будильнигим шыңгыраганда турам.
Жылдыз
Абдыкерим кызы
Кутман Кошалиев








Warning: include(0228.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_2.htm on line 74

Warning: include(0228.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_2.htm on line 74

Warning: include(): Failed opening '0228.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_2.htm on line 74





??.??