Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Армагеддон


же терс ойлордон


кантип кутулуу керек?



Жаңы ойлоп табуулардын, нанотехнологиянын, илимий ачылыштардын кылымында жашап жатып, дагы деле болсо көптөгөн коркунучтардан арыла албай келебиз. Бул жаратылыш кырсыктары болгон жер титирөө, суу ташкыны, акыр заман сыяктуу көрүнүштөргө болгон биздин көз карашыбыз, тереңде жаткан ички коркунучубуз сыяктуу сезимдер. Биздин бул рубрикабыз адам баласына ошондой коркунучтардан арылууга жардам берип, табигат менен биргеликте гармонияда жашоого багыт берет.

1 кадам.
Эртедир-кечтир бул дүйнөдөн кетээрибизди эске алуу керек.
Өлүмдөн коркуу сезими - адамдын эң биринчи коркунучу. Ушундан биздин бардык калган коркунучтарыбыз башат алат. Бирок бул деген өлүмдөн коркуп жатып калуу керек дегендик эмес. Акыл-эси жайындагы ар бир адам өлүм бул толук жок болуу эмес, болгону бир абалдан башка абалга өтүү дегенди түшүндүрөрүн билет. Ушул жерден акылман Сократтын сөзүн эске салганыбыз оң: "Мен өлүмдөн коркпоймун. Себеби, мен тирүү турганда өлүм жок. А качан ал келгенде мен жок боломун".
2 кадам.
Азыр жана ушул көз ирмемде жашоону үйрөн
Келечектен коркуу, эртеңки күнгө ишенбөөчүлүк, өткөнгө өкүнө берүү же өткөн мезгил менен жашоо сыяктуу терс адаттар адамдын азыркы күн менен жашай албастыгын билдирет. Ал турмуштан, жашоонун өзүнөн, оорудан, жакындарын жоготуп алуудан, акыр замандын келишинен, кембагалдыктан коркот, эч кимге ишенбейт.
Мындай адамдарга жашоо жалаң эле кара түстөн турбастыгын, бактысыз адамдарга караганда жашоодо ийгилик коштогон бактылуу адамдар көбүрөөк экендигин эскертебиз. Азыркы күн менен жаша жана андан жакшы мүнөттөрдү таба бил: жакындарыңыз менен баарлашуу, терезеден көрүнгөн апакай булуттар, таттуу кофе, мыкты аткарылган жумуш, кесиптешиңиздин мактоосу... Аз болуп жатабы?
3 кадам.
Акыр заман тууралуу маалыматтарды четке как
Ооба, бул тууралуу укпа, окуба, башкалар менен ой бөлүшпө. Нервди да сакта! Мунун ордуна өзүңө жагымдуу башка жумуш менен алек болгонуң оң.
4 кадам.
Колуңдан келбеген нерселер
үчүн тынчсызданба
Моюнга алуу керек: бул жарыкта биздин колубуздан келбеген, биз таасир эте албаган көп нерселер бар. Биз жакын адамыбызга өлбөс өмүр белекке бере албайбыз, кыштын келишин токтото албайбыз, мезгилдин агымын бура албайбыз деген сыяктуу. Бирок бул деген биздин өз жашообузга өзүбүз гана жоопкер экендигибизди эстен чыгарууга жол бербейт. Ден соолугуңдун жакшы абалына өзүң гана жооп бересиң, кызматтык ийгиликтер үчүн да өзүң жоопкерсиң, акчаңдын көп же аздыгына да жалгыз өзүң гана жооп бересиң.
5 кадам.
Өзүң менен келишим түз.
Булгаковдун Воланды айткандай: "адам ажалдуу". Болгондо да "капыс ажалдуу".
Бирок, мында да бир нерсени эске алуу керек: ошол эле Булгаков айткандай: "Кирпич эч качан себепсиз бирөөнүн башына түшпөйт".
Эгер адамдын аң-сезими "жамандыкка" багытталып калган болсо, ал адам жеке турмушунда болсун, жумушунда болсун ийгиликке жетиши күмөн. Баарына нааразы болуп басып жүргөн адамдын башына бир күн келип дал ошол кирпич түшүп калышы мүмкүн.
Бир жолу психологдун кабыл алуусуна 75 жаштагы аял келип, андан адам кантип өзгөрсө болот? - деп сурайт. Буга психолог таң калат. Ал 75 жаштагы аялга өзгөрүүнүн эмне кереги бар деп ойлонот. Анын оюн билип тургандай тиги аял ага: "Билесизби, мени мындан ары канча жашаарым такыр кызыктырбайт. Мен үчүн маанилүүсү - ошол калган күндөрдү кубанычта жашап өткөрүү маанилүүрөөк"- дейт.
Менимче, эң сонун психологиялык "багыттоо"! Себеби, жашоого болгон мындай көз караш адам баласына өз тагдырын өзү курууга жардам берет жана бизге адамга бир гана жолу берилүүчү асыл баа өмүрдүн ар бир күнүн кийин өкүнбөгөндөй кылып жашоо зарылдыгын эскертет.
Назгүл Осмонова







Warning: include(0228.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_22.htm on line 72

Warning: include(0228.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_22.htm on line 72

Warning: include(): Failed opening '0228.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_22.htm on line 72





??.??