Обон почта


ОП-207-01. Менин жаным Уларбекти 23-февраль майрамы менен куттуктайм. Ар дайым жүзүңүздөн жылмаюу кетпесин. Ата-энеңиздин, бир туугандарыңыздын жана ошондой эле менин бешенемде ар дайым бар болуңуз. Жаныңыз Анара
ОП-207-02. Жашоомдо жаркын нур болсоң,/ Жыттасам тойбос гүл болсоң./ Сүйлөсөң ээрип сөзүңө,/ Алдымда дайым ойносоң./ Периштесиң балам сен,/ Жанымды сага арнайм мен./ Жылмайып турса ак жүзүң,/ Жүрөгүм берсем ал да кем./ Ачылсын сенин ак жолуң,/Чоң жигит болуп окугун./ 0772809ххх
ОП-207-03. Ырчы жигит Сүйүн, мен сени аябай сүйөм! Таластык кыз, Гүл
ОП-207-04. Арманда жүрүп өтөмбү мен,/ Жалгыз гана сени күтүү менен./ Сагынып от болуп жанамбы,/ Жанып күл болуп каламбы./ Сагынамын эстеймин сени мен,/ Чын жүрөктөн сүйөмүн ишенчи,/ Сезесиңби санааларга арбалып келгенимди./ Марипа, сүйгөнүм, сени күткөн Тойчу
ОП-207-05. Салам, "Обонушка". Салам, Гүлжигит байке, сүйүүгө ишенесизби? Айка
ОП-207-06. Жүрөгүм сыздап ооруйт чыдатпай,/ Кыялым учуп барат сага карай./ Сени сүйүп, сага жетпесем,/ Арман болуп сүйүүм жүрөктө калат./ Тойчу
ОП-207-07. Жалал-Абад шаарындагы Б. Шамшиев атындагы орто мектебинин мугалимдерине, өзгөчө Курбанова Гүлчехра эжекеге чоң салам! Лариса
ОП-207-08. Күүгүм кирип, күн батканын койсочу,/ Саат шыкылдап шашканын койсочу./ Жаштыгыбыз көз ирмемде жок болбой,/ Бир аз, бир аз токтоп анан турсачы./ Жалал-Абаддык классташтарым Азиз, Тыны, Эрлан, Майсал, Кубат, Самат, Кайрат, Муслидин, майрамыңар менен! Окууларыңарга ийгилик! 0779928ххх
ОП-207-09. Салам, "Обон!" Бардык досторду өтүп кеткен майрамы менен куттуктайм. 0778419815
ОП-207-10. Урматтуу Гүлжигит байке, жеңишиңиз кут болсун! Айтсаңыз, сизди Сойкан мырзанын кызы менен сүйлөшүп жүрөт дейт, ошол чынбы? 0779475ххх
ОП-207-11. Баарыңарга салам! Инилеримди, байкелеримди жана классташ балдарымды 23-февраль майрамы менен куттуктайм! Тумара
ОП-207-12. Жарык чачкан айдын нуру сен элең,/ Сүйөмүн деп айта албаган мен элем./ Сүйөмүн деп колум сунам өзүңө,/ Арман кылып сага мен да жете албадым./ Элдияр 92
ОП-207-13. Салам, "Обон" гезити! Мен сиздерди сүйөм! Ишиңерге ийгилик каалайм! 0777530ххх
ОП-207-14. Салам, элим! Гүлжигит Калыков деле баары сымал алланын жөнөкөй инсаны да. Бирок жүрүм- туруму башкача. Укмуш өзүн көтөрөт. Асманда учпай, жерге түш. Ийгилик сага! +77028194ххх
ОП-207-15. Салам, "Обон!" Мага Шахзода тууралуу маалымат берип койгулачы, сураныч! Айя
ОП-207-16. Аксы районунун Сыны айылындагы А. Молдокеев мектебинин 9-классына ысык салам! Мунара_96
ОП-207-17. Урматтуу Гүлжигит, сенин талантыңа таазим! Сендей азаматтар көп болсун! Сенин Ак-Муздук экениңди билбептирбиз. Кайда болсоң, аман бол! Караколдон Айзада
ОП-207-18. Таластык жигиттерге салам! Өзгөчө Арманга,- деп Гүл
ОП-207-19. Терек-Сай шаарчасы, Чаткал району Ак-Терек айылнда жашаган 6-класстын окуучусу Турсуналиева Мираида, тезирээк белек берүүңүздү суранам. Кол телефон болсо жакшы болмок эле! 0770904ххх
ОП-207-20. Таң калбачы күйүп барат жүрөгүм,/ Ушунчалык кусалыктан жүдөдүм./ Эгер сенде аёо сезим бар болсо,/ Кучак жайып келчи мага сүйгөнүм./ 0778419
ОП-207-21. Кенже Дүйшеева жана "Жебе" тобу Алматыга концерт беришти. "Жебе" тобунун таланттарына ийгилик! Абдан сүйкүмдүү жигиттер. +770181301ххх
ОП-207-22. Гүлжигит, Атай, баракелде! Силерге албан-албан ийгиликтерди каалайм! 0777630ххх
ОП-207-23. Жакшы кеп жандын азыгы,/ Тарбия турмуш казыгы./ Тартибиң болсо азыртан,/ Жашоонун ушу кызыгы./ Жакшы кеп жандын азыгы,/ Окуу, билим казыгы./ Билимдүү болсоң жашыңдан,/ Акылың болот ашыгы./ Талант өмүр азыгы,/ Өмүрдүн ушу казыгы./ Талантың болсо өргө чап,/ Аттиң ай, бул өмүрдүн аздыгы Махабат сүйүү азыгы,/ Сүйүү турмуш кызыгы./ Сүйүүдө ыйык сезим бар,/ Жан дүйнөнүн жарыгы./ Нурадил 96
ОП-207-24. Балалык алтын курак жалтылдаган,/ Балалык аз убакыт калкылдаган./ Балалык кандай сонун назик жылдар,/ Эшикте ойноп жүрүп кыткылдаган./ Ойноп жүрүп балдар болуп көл жээгинде,/ Ойноп жүрүп келчүм үйгө бешинде./ Келбей калсам бешимде,/ Келээр элем кечинде./ Балалык аруу таңдай тунук курак,/ Балалык тоо түбүнөн чыккан ысык булак./ Балалыкты жөн өткөрбөй күлүп жайна,/ Анпесең ысык булак соолуп калат./ Нурадил 96
ОП-207-25. Салам,"Обонушка". Баарыңарды өтүп кеткен сүйүү күнү менен куттуктайм. Иният
ОП-207-26. Энеме ушул ырым арнаймын,/ Энеме чың ден соолук каалаймын./ Ар дайым аман болуп эл ичинде,/ Көтөрүлүп ачык болсун маанайың./ Энеме тең келбейт го бир да зат,/ Өчпөсүн эч качан "Эне" деген ат./ Энем мени белден кысып бөлөгөн бешигине,/ Чоңойдук басып жүрүп эшигинде./ Нурадил
ОП-207-27. Салам, "Обон!" Тогуз-Торо районунун Арал айылына чоң салам. 0778419ххх
ОП-207-28. Нурболотко: Жазамын сизге жазамын,/ Жаш жүрөк сүйүү өртүндө./ Жек көрсөң кыз азабын,/ Жазалоо жигит эркинде./ 07774888ххх
ОП-207-29. Саламатсыздарбы, "Обон" гезити! Мага Роза Аманова жөнүндө маалымат бересиздерби. Салтанат
ОП-207-30. Сүйүү эмне, сүттөй таза колукту,/ Ансыз анан алтын өмүр толукпу./ Ошондуктан эң биринчи жаш сүйүү,/ Бермет, жакут, гаухар кийип жолукту./ Сезим
ОП-207-31. Актриса Лейтон Мистер менен актер Эд Вествиктин мамилеси кандай? Чын эле бири-бирин сүйүшөбү? Эка
ОП-207-32. Унут дейсин жүрөгүмдү кыйнайсың,/ Унута албай, башкага сени кыйбаймын./ Эстесем да бирок сени сагынбаймын,/ Болду эми жаным сага кайрылбаймын./ Элдияр 92
ОП-207-33. Эжелерим Малика, Жанат, Кымбаттарды 8-март майрамы менен куттуктайм. Баарыңыздарга бакыт жана ден соолук каалайм. Гуля
ОП-207-34. Балалык сүйүүм калды жаным сенде,/ Бактылуу күндөр болбос эми менде./ Алладан мен күн санап сурап калдым,/ Бактым сен жанымдан карыш кетпе./ Сурима
ОП-207-35. Досторум Алина, Сагина жана Салтушканы жаз майрамы менен куттуктайм. Нурик
ОП-207-36. Жубайым Айчүрөктү келе жаткан майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Аман- эсен көз жарып ал асылым. Сени сүйгөн жолдошуң Замир
ОП-207-37. Эжем Жапарова Кымбатты 8-март майрамы менен куттуктайм. Кулунду айылынын бардык тургундарына салам жолдойм. Гүлү
ОП-207-38. Салам, "Обон!" Эжем Асыл, Кымбатты жеңелерим Жазгүл, Сымбатты Келе жаткан 8-март майрамы менен куттуктайм. Миргүл
ОП-207-39. Жамгыр төктү тыпылдап аздан гана,/ Жүрөктөгү оору күчөп барат кайра./ Жаратканым ак сүйүүмдү алыстатты,/ Оо, адамдар айткылачы, эми кайда/ Кайда калды менин аруу сүйгөнүм,/ Кантип, неге таштап кеттиң мени күнүм?/ Эстесем, ойлоп көрсөм негедир,/ Сезилет калпыс түштөй сенин сүйүүң./ Жанка
ОП-207-40. Алик, жаным сен сени чексиз сүйөм. Сенсиз менин жашоом караңгы түн. Сенин мени кечире албашыңды билем. Бирок жүз жолу, миң жолу мени кечир деп айтууга даярмын. Мери
ОП-207-41. Жаным Сакуляны 12-март туулган күнү менен куттуктайм. Сага менин чексиз сүйүүмдү каалайм, менин жаным. Мирлан
ОП-207-42. Салам, "Обон!" Турсунайга чоң салам! Нурадил
ОП-207-43. Менин сүйүктүү жеңелерим Максатай жана Назгүлдү 8-март майрамы менен куттуктайм. Балдарыңыздардын сый, урматына бөлөнүп бактылуу өмүр сүргүлө. 0709890ххх
ОП-207-44. Жубайым Бадыева Алираны 8-март майрамы менен куттуктайм. Бактылуу балдарымдын ажарлуу апасы болуп жүрө бер. Сени сүйгөн жолдошуң Айбек
ОП-207-45. Мени тааныгандардын бардыгына ысык салам жолдойм. Элдияр 92
ОП-207-46. Салам, "Обон!" Кыргызымдын бардык эр жигиттерин 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын майрамы менен куттуктайм. Эч качан жүзүңөрдөн күлкү кетпесин. Эмир 92
ОП-207-47. Кыргызстандын бардык айымдарын 8-март майрамы менен куттуктайм. Сиздер бар үчүн биз барбыз. Нурик
ОП-207-48. Салам, "Обонушка." Мен жалпы айымдарды келе жаткан 8- март майрамы менен чын жүрөктөн кутткутайм. Дайыма жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин. Ошондой эле эжем Мираны да куттуктайм. Мен сизге таарынып калганмын. Мирбек
ОП-207-49. Ат-Башы районунда жашаган инилерим Адыл менен Ынтымакты келе жаткан туулган күндөрү менен кутткутайбыз. 0777561ххх
ОП-207-50. Эх, пенделер, заман, заман деп эле, эмне болуп жатабыз?Ага, инилерибиз көчөдө аракка тоюп, мас болуп жүрүшөт. Эже, сиңдилерибиз арам жол менен акча табып жатышат.Бул эмне деген көргүлүк! Андан көрө ыйман жолуна түшүп, беш убак намаз окуйлу. Кудайдын алдында жүзүбүз жарык болот. Шейит кеткен туугандарыбыздын арбагына куран окуйлу. 0778898ххх
ОП-207-51. Салам, "Обон!" Ди-джей Расул Рахманалиев, сүйгөнүңүз Роза менен бактылуу болуңуз. Сүйүүңөр аппак кардай таза болсун. Сиздерди желеден көрдүм, аябай бири-бириңиздерге жарашып калат экен. Угарманыңыз
ОП-207-52. Сүйүү үчүн ким эмнени айтпаган, сүйүү үчүн ким азапка батпаган. Гүлжигит
ОП-207-53. Аваз Акимов байке, мен сизди абдан жакшы көрөм. Чыгармачылыгыңызга ийгилик. Ай
ОП-207-54. Саламатсыздарбы! Илгиз Абдалиев жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы. Ай
ОП-207-55. Дордой базарында иштеп жаткан Дилбар эжеге жана Каныбек байкеге чоң салам. Лариса
ОП-207-56. Ак-Талаа районунун Коңорчок айылындагы атам Дудунга, апам Дарыга, байкем Тануга, жеңем Бүкүшкө жана бөбөктөрүмө салам жолдойм. Айдай
ОП-207-57. Тогуз-Торо районунун Чет-Булак айылындагыларга ысык салам. Анара 9-класс
ОП-207-58. Менин сүйүктүү сиңдим С. Абдыжапаров орто мектебинин 5-классынын окуучусу Нуралиева Сезим, сени өтүп кеткен 18-февраль туулган күнүң менен чын жүрөктөн куттуктайм. Биз сени жакшы көрөбүз. Ар дайым бар бол! Ойлогон ой- максатыңа жет. Келечекте биз сыймыктанган кыздардан болушуңа тилектешбиз. Эжелериң Динара, Анара
ОП-207-59. Классташ кандай сонун ойлоп келсе,/ А бирок аны баары баалай билсе./ Бирге окуп, бирге жүргөн классташтар,/ Аттиң ай, түбөлүккө бирге болсо./ Классташтар, ар дайым бар болгула! Мен силерди сүйөм!/ Чет-Булактан Анара
ОП-207-60. Салам! Данияр Эрматов продюсер тапты бекен, ошол мага абдан кызык болуп жатат. 0777243ххх
ОП-207-61. Эй, жараткан мусулман! Ыймандуу, улууну урматтаган жаштардан бололу. 0778985ххх
ОП-207-62. Аксы районунун Сыны айылындагы А. Молдокеев орто мектебинин 9-классына салам. Мунара_96
ОП-207-63. Салам, "Обон!" Мен саламымды Нурлан Насипке жолдойм. Сизди февраль айындагы майрамдар менен куттуктайм. Саламат
ОП-207-64. "Обондун" бардык окурмандарына ысык салам! Дайыма бар болуңуздар, бай болуңуздар. Сима
ОП-207-65. Жапалактык Кабылов Нургазы 87, сени 23-февраль майрамың менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ар дайым ден соолукта бол, бактылуу бол! Сүттөй таза, балдай таттуу сүйүү каалайм. Айжамал 94
ОП-207-66. Салам, "Обонушка." Менин саламым эжем Аэлитага жолдонот. Мырза жездем экөөңөр бактылуу болгула! Нурэлла
ОП-207-67. Айпери, мен сени сүйөм! Бир сен үчүн бүт өмүрүмдү арнаганга даярмын. Келчи жаныма сүйүктүүм. Сени мен айга, күнгө теңейм. Максат
ОП-207-68. Салам, "Обон!" Мен Лейлек районуна караштуу Кулунду айылында жашаган Султанова Акылайды 8-март туулган күнү менен куттуктайм. Сага кааларым чын ден соолук, узун өмүр жана өчпөс бакыт. Гүлү
ОП-207-69. Бактылуу балалык тартуулаган апам Шейшеналиева Дамираны келе жаткан 8-март майрамы менен куттуктайм. Сизге кааларым чын ден соолук, узун өмүр . Балдарыңыздын сый урматына бөлөнүп, бактылуу өмүр сүрүңүз. Шаршембек
ОП-207-70. Менин саламым жигитим Алиге жолдонот. Сени 7-март туулган күнүң менен куттуктайм. Калган жылуу сөздөрүмдү кулагыңа шыбырап айткым келет, жаным. Лира
ОП-207-71. Сүйүү шамалга окшоп кетет. Учуп келип, назик сылап кайра учуп кетет. Шамалды кармап калууга болбойт. Ошондой эле сүйүү дагы бир өмүр бизге кадалып калбайт. Макс
ОП-207-72. Салам, "Обонушка". Мен жүрөгүмдүн жарымын жоготуп, аябай кыйналып жатам. Мага кеңеш бергиле! Эмне кылаарымды билбей, өз өмүрүмө кол салгым да келип кетет. Акбермет
ОП-207-73. Жаралап жаш жүрөктү ээлеп алдың,/ Кыйналтып жан дүйнөгө бүлүк салдың./ Акылдан адаштырып мени кыйнап,/ Адашкан ак жолума кайрып салдың. / Улик, ак сүйүү ар бир пенденин башында бар. Сен мага ишен! Мен сени гана сүйөм! Мамытканова Айзада Майрамбековна
ОП-207-74. Жүрөк сууп акырындап музга айланды, Жаркылдаган жаз күндөрүм сузга айланды. Жалгызым мени кеттиң калтырып, Жүрөм эми ача албай кабагымды. 0779735ххх
ОП-207-75. Салам, "Обонушка"! Мен саламымды апам Асылбүбүгө жолдойм. Апакебай, сизди бир өмүр урматтап өткөнгө даярмын. Мирана
ОП-207-76. Салам, "Обон!" Айпери Кулбаеваны 28-февраль туулган күнү менен куттуктайм. Зариха
ОП-207-77. Мына эми көргөнү келдим бүгүн,/ Маңдайыма жарк дей түштү менин күнүм./ Маралдай керилген жаным сени,/ Мына эми көргөнү келдим бүгүн./ Бирок жаным ыйлабачы, суранам,/ Кетээрде жаш кылып аппак жүзүң./ Айтбек
ОП-207-78. Салам, "Обон!" Сүйүктүү ырчым Асель Кадырбекованы 8-март майрамы менен куттуктайм. Баатыр
ОП-207-79. Сүйүү багы гүлдөгөн чак да келди,/ Жүрөгүм жылуулукту эми сезди./ Сагыныч таркап жашоом өз ордунда,/ Себеби сен кайтуучу кез да келди./ Жей
ОП-207-80. Менин саламым досторум Нурка, Бема, Бахтиге жолдонот. Силерди келе жаткан майрамыңар менен куттуктайм. Ийгилик дайыма силерди коштоп жүрсүн. 0709890ххх
ОП-207-81. Нургазы кандайсың? Жаркылдап, жайнап жакшы маанайда жүрөсүңбү? 0773419ххх
ОП-207-82. Мен жалгызызым, асылым Айдайканы 8-март майрамы менен куттуктайм. Сени сүйөм, менин асыл ардагым,/ Сени ойлойм жаным кайда барбайын./ Сенде менин өмүрүмдүн ачкычы,/ Жадакалса сүйүүмдүн бир баскычы./ Марлес
ОП-207-83. Салам, "Обон!" Менин асыл апакем Алтынайды 8-март туулган күнү менен куттуктайм. Дайыма берекебиз болуп жүрө бериңиз, апа! Мираида
ОП-207-84. Сүйөмүн неге бирок айта албайм?/ Сүйүүмдү неге анда кайта албайм?/ Сагынып, санааларда жашаганча,/ Башканы сүйүп неге кете албайм?/ Гузель
ОП-207-85. Эжем Маликаны келе жаткан 15-март туулган күнү менен куттуктайм. Балаңыздын сыйын көрүп, бактылуу карылыкка жетиңиз. Гүлү
ОП-207-86. Курбум Жумагүлдү майрамы менен куттуктайм. Дайыма бар бол, бай бол! Сирена
ОП-207-87. Сезим, сени келе жаткан 5-март туулган күнүң менен куттуктайм. Акылдуу, ата-энеңди сыйлаган кыздардан бол, садага. Эжең Асыл
ОП-207-88. Менин саламым апам Боогачиева Сайраканга жолдонот. Апа, сизди майрамыңыз менен куттуктайм. Сизди сагындым, жакында барам. Бишкектен кызыңыз, Айтолкун
ОП-207-89. Сени сүйөм! Ушул сөздү канча жолу жакшы көргөн адамыма айтам деп, айта албадым. Эми болсо аны сагынып, жадакалса келчи деп айта албай жүрөм. Тажап бүттүм. Ушунчалык чечкинсиздигимден тажап бүттүм. Эми мына, чындап эртең аны сүйөрүмдү айтам. Сагина
ОП-207-90. Салам, "Обон!" Айпери Кубик кызы, мен сизди абдан жакшы көрөм. Сизди майрамыңыз менен куттуктайм. Адыл 96
ОП-207-91. Эжекем Рыскан, Самара, Чынара жана женем Мазираны келе жаткан жаз майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Нурелла
ОП-207-92. Салам, "Обон!" Карындашым Алинаны 8-март майрамы менен куттуктайм. Түшүнүктүү, бактылуу кыздардан бол! Максат
ОП-207-93. Ойлоп сени ойлорго калдым,/ Махабаттын аруусун салдың./ Ойлорумдан кетпейсиң сен./ Жаным, мен сени сүйүп калдым./ Зада 97
ОП-207-94. Мен бардык классташ кыздарымды келе жаткан 8-март майрамы менен куттуктайм. Силерге узун өмүр каалайм. 3-класстар, силер суперсиңер! Мара
ОП-207-95. Бактыгүл Бадыева, сизди жадырап жайнап кирип келген жаз майрамы менен куттуктайм. Баары алдыда! Сизге ийгилик каалайм. Бакыт
ОП-207-96. Мен жигитим Асылды 7-март туулган күнү менен куттуктайм. Сиздин бактылуу болушуңуз үчүн баарын жасоого даярмын. Акылай
ОП-207-97. Тагдырдын берген белеги,/ Таалайым сенсиң Уланым./ Ойлонткон адам эрмеги,/ Ойлончу кыздын убалын./ Сүйсөм да мен сыр бербейм,/ Кыйбаарсың кыздын кыялын./ Улик, мени аячы! Менчелик сени эч ким сүйбөйт. Н. Майрамбекна
ОП-207-98. Салам, достор! Мен кыргызымдын суйкайган айымдарын 8-март майрамы менен куттуктайм. Элимдин сыймыгы болуп жүрө бериңиздер! Султан
ОП-207-99. Салам, кыргыз эли! Менин сүйүктүү периштедей болгон апамды, Жанна эжемди келе жаткан 8-март майрамы менен куттуктайм. Дүйнөдөгү баардык жакшылыктарды каалайм. Мама, мен сизди сүйөм! Айыке
ОП-207-100. Алтындай апам Алиева Алиманды жаз майрамы менен куттуктайм. Мага мээрим берип чоңойтконуңузга ыраазымын. Марлес
ОП-207-101. Сары- Челек айылындагы ай чырайлуу болгон Гүлмайрам эжеме ден соолук, ийгилик каалайм. Майрамыңыз менен! Айыке
ОП-207-102. Ысык-Көл областындагы Жети-Өгүз районуна караштуу Дархан айылынын тургундары атам Жайыкбаев Бекбосунга,апам Долосова Гүлсүнгө,синдим Чодонова Айзадага чоң салам. Мен силерди жакшы көрөм жана силерди сагымдым деп, Айпери Бекбосунова
ОП-207-103. Алайдагы Акмөөр, мен сени жакшы көрүп калдым! Кандай ден соолук? Мен силердин айылыңарданмын. 0777147ххх
ОП-207-104. Сулуулугу ай күндөн да жарык берген бир ырчы бар. Бир таланттуу айым бар. Ал Роза Аманова. Салтанат
ОП-207-105. Салам, "Обон!" Менин саламым алыскы Лейлек районунда жашаган таежелерим Бүсара, Бүраба, Гүлзарага жолдонот. Сиздерди жаз майрамыңыздар менен куттуктайм. Кымбат
ОП-207-106. Билем сен кайрылып келбейсин,/ Жалооруп ата, жолуңду карайм./ Бирок эч качан сезбейсиң./ Гулиза
ОП-207-107. Сагынуу жүрөгүмө толуп турат,/ Сезимим жалгаз сага көңүл бурат./ Махабат өз койнуна тартса улам/ Баралбай мукактанып жаным турам./ Сезим
ОП-207-108. Аркыт айылындагы 97-жылкыларга чоң салам! 0779119ххх
ОП-207-109. Салам, "Обон!" Мен Улуттук университеттин Жк-2 группасынын бардык кыздарын келе жаткан майрамы менен куттуктайм. Келечекте чыгаан журналисттердин ордун толуктагыла. 0779890ххх
ОП-207-110. Жалгызым көрөөр көзүм бир өзүнсүз,/ Жашабайм жаным сенин сөзүңсүз./ Жылмайып караганың жетишет,/ Жашай албайм жаным сенин күлкүңсүз./ Мира
ОП-207-111. Сагынычтуу саламым жаным Азиретке жолдонот. Сени жакшы көрөм, асылым. Сен менин жашоомдун мазмунусуң. Сени катуу сүйөм. Тина
ОП-207-112. Чолпонай, сиздин ырларыңыз мага абдан жакты. Чыныгы шок кыздарды жакшы көрөм. Сиз дал менин идеалымдагы кыз экенсиз. Сизди айымдардын майрамы менен кутткутайм. 0556935ххх
ОП-207-113. Жанымда жакындарым турса да,/ Жашоо мага кызыксыздай сезилет./ Сени ойлосом тарпы чыккан жүрөгүм,/ Сагынычтан санааркап эзилет./ 0556429ххх
ОП-207-114. Сагыныч, мен сизди сүйүп калдым. Сонун ырдайт экенсиз. Бирок аябай бой көтөрөт деп уктум сизди. Ошондуктан сүйүүм кичине басаңдап калды. Сырга
ОП-207-115. Ак сүтүн берген энекем,/ Ай күнгө сизди теңесем. / Асылым менин атакем, / Алтынга сизди теңесем. Бул дүйнөдө бар болуп,/ Жаркырап күндөй тийсе экен./ Нурзада
ОП-207-116. Сагынамын өткөн күндү жылдарды,/ Жүрөктө калып кеткен арманды./ Дагы эле сага жолуккан күндү унутпайм,/Көз жаш төгүп ошол күндү сагынам./ Арманга толду жүрөгүм,/ Укпадың дүкүлдөгөн жүрөк сөзүн./ Мен сүйүп жашап келем сени деп./ Сен менин түбөлүккө Марипа махабатымсын. Тойчу
ОП-207-117. Менин саламым жанымдан алыста жүргөн Бишкек шаарынын тургуну Жолдошбекова Алинага: Жаным майрамың менен! Жамгыр жаасын сенин жаштыгын үчүн/Кар жаасын сенин кадырың үчүн/Күн тийсин сенин күлкүң үчүн/Түн кирсин сенин түбөлүк сүйүүң үчүн./ Мен сени сүйөрүмдү унутпа каражаным. Эрлан
ОП-207-118. Салам, "Обонушка". Тоң районундагы Ала-Баш айылындагы Сооронбаев Таланты 27-февраль туулган күнүңүз менен куттуктайм. Чын ден соолук, узун өмүр каалайм. Алла берген өмүрдү жакшы өткөргүлө! Гүлмира
ОП-207-119. Салам, "Обон!" Менин саламым курбум Жылдызга. Ар дайым бар бол, аман бол ата-энеңди урматтап сыйлаган, кыргыз элиңдин керегине жараган чыгаан кыздарынан бол. Майрамың менен деп курбуң Мунара
ОП-207-120. Салам, "Обон" Нурлан Насипке чоң салам! сиздин күйөрманыңыз.







Warning: include(0228.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_23.htm on line 166

Warning: include(0228.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_23.htm on line 166

Warning: include(): Failed opening '0228.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_23.htm on line 166





??.??