Ташиев бийликтин былыгын чукумай болду


Кайсы гана бийлик келбесин, сөзсүз түрдө анын бир жаман жагын таап келген оппозиция өкүлдөрү, азыркы бийликтегилердин да коррупция тууралуу фактылары бар экендигин баса белгилеп жатышат. Буга чейин кыргыз элин канча президент башкарса дагы элибиз кыйналып, канча жылдардан бери келе жаткан көйгөйлөр ошол боюнча, - дейт Ташиев.
Анын айтымында, мамлекеттик деңгээлдеги, бийликтеги коррупцияны жок кылса болот. "Ал үчүн эрк керек. Биздин бийлик башчыларында эрк болгон эмес. Убактылуу бийликте да коррупция эки-үч эселеп күч алып кеткендигин билебиз. Азыр да коррупция бардыгыбызды санаага батырууда", - дейт К.Ташиев. Депутат белгилегендей, ал өзүнүн коррупционерлерден тазалануу жаатындагы ишин улантат.
"Бизде бийликтеги коррупция тууралуу фактылар көп. Баарын чыгарабыз. Антпесек, мамлекет жок болуп кетүү коркунучунда турат", - дейт К.Ташиев.

Депутат Ирина Карамушкина:

Айдоочум эки адамды сүзгөн учурда, мен машинада мас болуп отурмак түгүл жок болчумун


КСДП фракциясынын депутаты И.Карамушкина өзүнүн айдоочусу эки адамды сүзүп кеткен жана машинанын ичинде депутат айым да бар экен деген маалыматты жокко чыгарды. Карамушкина Жогорку Кеңештин 1-марттагы жыйынында "Маалымат агенстволорунун биринде менин айдоочум эки адамды сүзүп, менин машинанын ичинде кызуу экеним жөнүндөгү маалымат чындыкка жатпайт", - деди.


Оппозиция бийликке 15-мартка чейин убакыт берди


1-мартта Ош шаарында Оппозициянын аттуу баштуулары Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров баштаган митингден кийин маалымат жыйынын өткөрүшүп, талаптарынын аткарылышы үчүн бийликке 15-мартка чейин убакыт беришкенин билдиришти. Болбосо Кыргызстандын бардык аймактарында нааразылык акциялары башталарын айтышты. Негизинен оппозиция бүгүн кабыл алган кайрылуусунда, Кыргызстанда өкмөт кетип, жаңы кесипкөй өкмөт түзүлүшүн, апрель жана июнь окуяларынын күнөкөөрлөрү жазаланышын жана 1993-жылкы Конституция кайра кайтарылышын жана алдыдагы шайлоону тынч өткөрүүнү талап кылышты.


Атамбаев убада берди


Кыргыз Респуликасынын Президенти Алмазбек Атамбаев КТРКдагы түз эфирдеги маеги учурунда республиканын түндүк менен түштүгүн байланыштырган темир жолду ал ажо болуп турган убакыттын ичинде курдуруп бүтүрүүгө аракет кыларын белгиледи. "Ушул долбоорго каршы чыккандар - булар мамлекет биротоло экиге бөлүнүп кетсин дегендер", - деп белгиледи Президент. Негизи, биздин Президенттер убадага канчалык бек туруп келишкенин кыргыз эли билсе керек. Эми Алмазбек Шаршеновичтин "убадасына" да ишенип туралы.


Кыргызстанда 100 миң сомдук пенсия алган адамдар бар


Өкмөттүн казынасында акча жок деп эле айтып келишкенин угабыз. Пенсионерлер тарабынан да пенсиябыз аз дегендер көп. Бирок, эң кызыгы экономикабыз төмөн деп атып, биздин өлкөдө да 100 миң сомдук пенсия алгандар бар экенин Социалдык фонддун төрагасы Мухамедкалый Абулгазиев 29-февралдагы парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, республикада эң төмөн пенсия 2000 сом. Эң жогору пенсия 100 миң сом өлчөмүндө. Кыргызстанда 546 миң пенсионерлер орточо пенсия алышат.

Греплинг боюнча ачык чемпионатта кыргызстандык спортчулар коло медалга ээ болушту
Казакстанда өткөн греплинг боюнча ачык чемпионатта кыргызстандык спортчулар коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Кенжебек Чекиров билдирди.
Анын айтымында, чемпионатта кыргызстандык спортчулар Дооронбек Нурбаев менен Тилек Жээнбеков коло медалды жеңип алышкан.
"Греплинг бул күрөштүн жаңы түрү. Ал өзүнө эркин, грек-рим күрөшүнүн, самбо, дзюдонун негиздерин башкача айтканда ыкмаларын камтыган күрөштүн жаңы багыты. Кыргызстанда греплинг федерациясы негизделип спортчуларды даярдоодо", - деп айтты ал.




Темирлан Сманбековдун пиарыбы же ким кимден кечирим сурады?


Өткөн чыгарылышыбызда "Асман пресс" гезитинин 16-февралдагы санына чыккан, "Сманбеков кош бойлуу аялды сабады" аттуу макалада КРнын эмгек сиңирген артисти Темирлан Сманбеков өзүнөн 25 жаш кичүү кыздан Теңир аттуу уулдуу болуп, ал кыздын дагы боюнда бар экенине карабай, кабинетинен кол көтөрүп, аны сабагандыгы, анан эсин жоготкон кызды тез жардам алып кеткени туурасында жарыяланган макалага биздин окурмандар таң калып, "Темирлан Сманбековдун боюнда бар келинге кол көтөргөнү чынбы, өзүнөн сурап бергилечи?" - деген суроосуна Темирлан Сманбековдон жооп алып берген элек. Темирлан мырза өз жообунда "Менин колуман андай келбейт, эч кимге кол көтөргөн эмесмин, андайга барбаарымды кыргыз эли билет. Ал эми "Асман пресс" гезитинин редактору жалган маалымат чыгаргандыгы үчүн менден кечирим сурады" - деген жообун берген. Окуяны тереңдеп билүү максатында "Асман пресс" гезитинин башкы редактору Керим Айдаровдон Темирлан мырзанын окуясы боюнча сураганыбызда, "Бул окуянын болгону чын. Темирлан Сманбеков биздин сырттан иштеген кабарчыбызды кабинетинен сабап, кабарчы кыз тез жардам аркылуу ооруканага жеткирилген. Бизде Улуттук госпиталдын берген тастыктоо кагазы (справка), кабарчыбыздын жумушка келбей калганынын себебин түшүндүргөн түшүнүк каты, сүрөттөрүнөн өйдө бар" - деген жообун берди. "Асман пресс" гезитинин редактору Темирлан Сманбековдон эмес, тескерисинче Темирлан Сманбеков өз жамаатынын жана гезит кызматкерлеринин алдында, кийин редактордун кабинетинде "жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын, колум көтөрүлүп чаап ийдим, мени эми кызматтан айдап жибербесин…" - деген сөздөрдү айтып, Керим Айдаровдон өзү кечирим сурагандыгын, жансоогалап карганганын да кошумчалады. Эгер чындык үчүн айтсак, бул окуя Куурчак театрында 14-февралда болгону чындык экен.

P.S. Маалымат интернет булактарынан алынды





Warning: include(0228.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_4.htm on line 76

Warning: include(0228.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_4.htm on line 76

Warning: include(): Failed opening '0228.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_4.htm on line 76





??.??