Жомоктор

 Аяндуу түштөр

16 жашында


үч эм төрөгөн Айзада


Кыргыз элибизде көп баатыр энелер болгон. Баары жаш кезинен турмушка чыгып, көп балалуу болуп эле жашашкан. Бүгүнкү биздин каарманыбыз өзү бала болуп туруп, наристе жытын искеп 16 жашында турмуш жолуна аттанып, үч эм кыз төрөп, бактылуу эне болгон Акылбек кызы Айзада.

- Төрөт учурунда кыйынчылыктар болдубу?
- Эки күн толготуп аябай кыйналдым. Анан да ай күнүнө жетпей жети айлык төрөлдү. Балдарымды бир ай өткөндөн кийин колума алдым. Өзүм да үч төрт күн ордумдан тура албай кыйналып, төшөктө жаттым. Ушинтип үч кызымды кыйналып төрөп, азыр бала жытына чөмүлүп бактылуу апа болуп отурам.
- Текшерүүгө барганда (УЗИге) үч эм төрөлөөрүн айтышкан беле?
- Текшерүүгө барганда эгиз төрөйсүң деп эле айтышкан. Бирок алгач ирет эки ай боюмда бар убагында барганда үч эм дешкен. Кийинки УЗИлердин барында эгиз төрөйсүң дегендиктен, төрөтканага эгиз төрөйм деп баргам. Анан төрөт учурунда дагы бирөө бар экени билинди.
- Атасы да жаш экен, өзү бала болуп туруп, балалуу болгондо кандай абалда болду экен?
- Ал убакта мен аябай алсыз болчумун. Кыздарым төрөлгөндө атасы ыйлаптыр. Атасы кыздарын аябай жакшы көрөт, мага жардамдашат. Өзү да аябай баласаак. Студент, быйыл окуусун аяктап аткандыктан, үйгө келип кыздарымды багышып, университетке барып дипломун жазып чуркап жүрөт.
- Өкүнбөйсүңбү?
- Жок, эмнеге өкүнмөк элем. Азыр кыздарыма мээримимди төгүп олтурам. Кээ бир аялдар жаштык кылып балдарын албай калышат. Мен болсо эч кимге көңүл бурбай эле дайыма ушулар менен убара болуп отура берем. Кээде окуумду деле унутуп калам. (күлүп) Бирок окуумду таштабаганга аракет кылам. Бош убагымда окуйм. Анын үстүнө жолдошум экөөбүз сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Экөөбүз тең бир жерде жашап, бир мектепти бүткөнбүз. Анан эки жылдай кыз-жигит болуп жүрдүк. Үйлөнүүбүзгө ата-энелерибиз да каршы болушкан жок. Мен үйдүн эрке кызы болсом, жолдошум эң кичүү көкүрөк күчүгү.
- Өзүң азыр он жети жашта болсоң жолдошуң канча жашта?
- Жолдошум 21де, өзүм 17 жаштамын. Он алты жашымда турмушка чыккам.
- Турмушка эмне мынча шашасың деп айткандар болдубу?
- Башында курбуларым, "эмнеге эрте турмушка чыгып атасың?" - деп айтып жүрүштү. А азыр тескерисинче менин үйүмө келип кыздарымды көргүлөрү келип күндө телефон чалып, сүйүнүшөт.
- Балдарыңды багууда кыйынчылыктар болбой элеби?
- Кыйын эле болуп жатат. Башында көнө албай жаткан болчумун. Анын үстүнө жети айлык төрөлгөндүктөн, абдан эле кичинекей болушчу. Колго алгандан да коркчумун. Эми минтип, көнүп калдым, өзүм эле жуунтуп, өзүм кийинтем.
- Ат тандаган кыйынчылык жараттыбы?
- Кыргыздын салтын бузбай, наристелерибиздин атын Айчүрөк, Айсулуу, Айназик деп кайнатам койду.
- Кылыктары чыккан сайын бири бириңерге окшош жагын байкап жатсаңар керек, ээ?
- Ооба, силер азыр маанайы жокто келип калдыңар окшойт. Аябай кыткылыктап күлүшөт. Ыйлап баштаганда музыка койсоң тып басылышат. Ары- бери басканыма көңүл буруп карап туруп, чыгып кетсем заматта ыйлап киришет. Кыздарым аябай сергек. Бирөө келсе түшүнгөнсүп ары- бери талпынып калышат. Эми кылыктары билинип бизди кубанычка батырып жатат. Көптөр атасына окшоштурушат. Кээ бирлер мага окшоштурушат.
- Балдарыңа күбөлүк берилдиби?
- Ооба, балдарыма күбөлүк берилген. Мен 18 жашка толо элегиме байланыштуу жолдошум экөөбүз расмий никеге турган эмеспиз. Бирок үч эм төрөгөнүмө байланыштуу күбөлүк алуу кыйынга деле турган жок.
- Дагы балалуу болгуң келеби?
- Азырынча коё турам го. Булар чоңоюп, басып, бала бакчага баргандан кийин ойлонуп көрсөм болот.
- Өзүң бир жакта окуйсунбу?
- Учурда Улуттук университетте окуйм. Мага эркин катышууга уруксаат берилген. Бир эле сабакка барам. Чет тилде сырттан окуу жок да. Мен университетке кеткенде кайненем каралашат.
- Азыр жолдошуң да иштебесе, өзүң да үйдө болсоң кайсы каражатка жашоо кечирип жатасыңар?
- Бизге азыркы премьер-министр Өмүрбек Бабанов келип 500 миң сом материалдык жардам берип кеткен. Ошол акчага кыздарымды эч нерседен кем кылбай багып жатабыз. Чынын айтканда эгер мындай каражат болбосо аябай эле кыйын болмок. Ыраазычылык билдирип, рахматымды айтам. Өмүрбек Бабанов болбогондо аябай кыйналмак экенбиз. Булардын дары- дармектерине да бир топ каражат кетти.
- Силер олтурган батир өзүңөргө тиешелүүбү же мамлекет тарабынан берилгенби?
- Жок, бул жер бизге тиешелүү эмес. Батирде турабыз. Айына 10 миң сомдон төлөйбүз.
Гүлбүбү Галжигитова





үч эм балдар Исмаил, Латифа жана Фатифа


№6 төрөт үйүндө төрөлгөн Элеанора Жаманкулова жана Бердибек Асынбаевдин үч эм балдарынын жашоосу менен таанышып, апасы Элеонораны кепке тарттык.

- Курсагыңыздагы балдар үч эм экенин качан билдиңиз?
- Ар бир ай сайын катталып койгон поликлиникага барып, акыбалымды текшертип турчу элем. Үч айында үч эм экендигин УЗИнин жардамы менен билдим. Дарыгерлер ошол убакта эле бир эркек, эки кыз төрөйсүң деп айтышкан. Чын эле 27-январь күнү эки кыз бир уулдуу болдум.
- Кош бойлуу убагыңызда кыйналган жоксузбу?
- Көп деле кыйналган жокмун. Жеңил эле көтөрдүм деп айта алам. Боюмда барында алты ай болгондо катуу тумоолоп калдым.
- Төрөт маалы тууралуу айтып өтсөңүз?
- Сасык тумоо оорусунда көбүрөөк кыйналгандыктан балдарым ай күнүнө жетпей жети айлык болуп, республикалык 6-төрөт үйүндө төрөлдү. Төрөт маалында кыйналган жокмун. Эч кандай операциясы жок, дарыгердин жардамы менен биринчи эркек балам Исмаил, экинчи Латифа, андан соң Фанифа төрөлдү. Балдарымдын атын атасы койду. Исмаил 1кг 555гр, Фанифа 1кг 590гр, Латифа 1кг 550гр салмакта төрөлүштү. Төрөгөн соң эки сааттан кийин эле басып кеттим. Бирок эмнегедир кийинки күндөрү бир аз кыйнала баштадым. Ошол себептен төрөт үйүнөн 11 күндөн кийин чыктым.
- Ай күнүнө жетпей төрөлсө балдарыңыздын эмчек эмүүсү кандай болуп жатат?
- Кыргызча сөз менен айтканда азыр кыркы чыга элек. Ай күнүнө жетпей төрөлгөндүктөн, учурда эмчек эме алышпайт. Бөтөлкөнүн жардамы менен ар бир үч саат сайын 50, 55 грамдан сүт берип турам. Жаңы төрөлгөндө бөтөлкө менен иче алышпай бир аз кыйналышкан. Азыр жакшы көнүп калышты.
- Мамлекет тарабынан кандай жардамдар болду?
- Бул туурасында Премьер-министрге, шаардык Мэрге жана Жогорку Кеңештегилерге кат жазганбыз. Азырынча жообу келе элек. Өзүбүздүн айылдын акими 8-март аялдардын майрамына карата келебиз дешкен. Аларды чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Турмушка чыккандан кийин 4 жыл боюмда болбой жүрдү, бешинчи жыл дегенде балалуу болдук. Үч эм балдарымдан башка дагы бир уул, бир кызым бар. Учурда жолдошум жумуш таба албай, иштебейт, беш баланы багуу кыйын эле экен. Шаарда батирде тургандыктан бир аз кыйналып жатабыз.
Нурелла Жаркулова







Warning: include(0228.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_5.htm on line 96

Warning: include(0228.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_5.htm on line 96

Warning: include(): Failed opening '0228.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_5.htm on line 96





??.??