Ырчы жана обончу Сапар Сакабаев жана Канчайым Токоева:

Он тогуз жылдан кийин сахнага кайтып келдик


Бир үй-бүлө болуп жашап, өмүр бою маданият тармагында эриш-аркак иштеп келе жатышкан обончу жана ырчы жубайлар Сапар Сакабаев жана Канчайым Токоевалар менен жаңыдан ачылган "Улуттун жүзү" рух борборунда алардын чыгармачылыгы, бирге жашаган өмүрүндөгү урунттуу окуялардан кеп салып олтурдук. Алар менен кошо чоң сахнага трио болуп ырдап чыгып жүргөн алардын кесиптеши, ырчы жана обончу Туратбек Өмүрканов да маегибизге аралашып олтурду. Адегенде кеп тизгинин Канчайым эже колго алды.

- Мен өзүм Таш-Көмүр шаарында төрөлгөм. Атам Токоев Канатбек комузчу болгон. Маданият тармагында өмүр бою иштеп жүрүп, 90-жылдан 2009-жылга чейин чыгармачылык тыныгууда жүрүп калдык. Буга албетте, бир топ турмуштук себептер болду. Бир жагынан маданият адамдарынын алган айлыгы бала-чаканы багууга эмес, кара башына да жетпей, мүңкүрөп калган мезгилдер болсо, бир жагынан балдарым жаш болуп, аларды чоңойтуу, бутуна тургузуу ата-эне катары биринчи милдетим болду. Мен өзүм Оштогу музыкалык педучилищени аяктап, жаңыдан түзүлгөн "Кыз-Бурактын" 2-тобуна кошулуп, ырдап жүрдүм. Анда гитарада ойночумун. 1981-жылы "Кыз-Бурактан" чыгып, Кара-Суу районунун Сарай айылдык округундагы маданият үйүндө иштедим. Бүгүнкү күндө Рахман Разыков түзгөн "Беш абышка, беш кемпир" тобунун кыздар командасынын жетекчисимин. Он тогуз жылдык тыныгуудан кийин сахнага, чыгармачылыкка кайтып келип, жаңы дем, жаңы күч менен иштөөгө бел байлаган учурубуз.
Жолдошу ырчы жана обончу Сапар Сакабаев биздин маекке аралашты.
- Сапар ага, эки ырчынын бир үйдө жашоосу кыйын эмеспи?
- Эми кандай үй-бүлө болбосун, казан-аяк кагышкан учурлар болот. Бармактайдан баш кошуп, чырактай уул-кыздарды тарбиялап өстүрүп, иштеген тармагыбыз да бир болгондуктан бизде андай түшүнүшпөөчүлүк деген нерсе болгон жок десем да болот. Кайда болбосун эгиз козудай ээрчишип бирге жүрөбүз.
- Алгачкы жолугушуу эсиңиздеби?
- Канчайым менен Оштогу айыл чарба техникумунда окуп жүргөндө техникумдун алдындагы "Таң жылдызы" ансамблине "Кыз-Бурактын" кыздары менен бирге ал дагы репетицияга келип жүргөн жеринен таанышып калдык. Жылдызыбыз келишип, баш кошуп, 1 кыз, 3 уулдуу болдук. Балдай таттуу 6 неберебиз бар. Техникумдан кийин Жалал-Абаддагы маданият техникумун бүтүрдүм. Азыркы күндө Таш-Көмүр шаарындагы шаардык маданият бөлүмүндө башкы адис болуп иштеп келатам. Жакындан бери жубайым, мен жана Таш-Көмүр шаардык маданият үйүнүн башчысы, ырчы жана обончу Туратбек Өмүрканов болуп, трио болуп ырдап чыга баштадык. Көп жылдардан бери сахнаны, көпчүлүктү катуу сагыныптырбыз.
- Кандай обондоруңуз бар?
- 1980-жылдардан бери бир канча обондорду чыгардым. Алардын арасынан эл ичине кеңири таркап, "Алтын фондуга" жазылгандары төртөө болду. Алар "Жаштык кез", (сөзү, обону өзүмдүкү), "Эне жүрөгү" (сөзү Т.Кожомбердиевдики), "Махабат кайрыктары" (Жалил Садыков), "Эсиңде бекен?" (сөзү Камбаралы Бобуловдуку). Азыркы убакта теле, радиодон берилип жаткан сөзүн кытайлык кыргыз Тилебалды Токто жазган, обонун өзүм чыгарган "Картайган кездин сүйүүсү" аттуу ырым эл арасында белгилүү болуп жаткан кези.
- Улуу муундагы ырчылардан кимдерден сабак алдыңыз?
- Обончулук жолумда кыргыздын кыйырына таанымал белгилүү обончу Рыспай Абдыкадыров менен замандаш болдум. Рыспай ага жүрөгү назик, кооздукка суктана билген, боорукер, жарыкка бир келген керемет инсан эле. Наристе бала көрсө да башынан сылап ыйлай берчү. Көрсө, өзү эркек бала көрбөй, ичинен эзилип, өксүчү тура. Азыркы обончулар батыштын кулак тундурган жапайы дабыштарынан эмес, Рыспайдай, Атай Огомбаев, Муса Баетовдой, Асанкалый Керимбаевдей нукура кыргыз жыттанган кайрыктары бар обончулардан таалим-тарбия алышса жакшы болмок. Кыргызды кыргыз кылып турган анын кылымдардан бери келаткан комузу менен кымыз жыттанган мукам кайрыктары дээр элем. Үч кыл комузга арманы менен бакытын, кайгысы менен сүйүүсүн батырган кыргыздай эл сейрек кездешет.
- Чыгармачылыктын чыйыр жолуна ким бирөө себеп болуп, анан чыгышат эмеспи. Сиздерде кандай болду?
- Албетте, менин да ырчылык өнөрүмдүн калыптануусунда мындай кылсаң болот деп туура багыт берип, жолго салган кыргызга белгилүү куудул, КРнын эл артисти, көптөгөн таланттарды эл алдына алып чыккан Рахман Разыков болду. Рахман аганын бир касиети - ал дайым эл кыдырып, таланты бар, бирок ага ылайык билими жок жаштарды тандап, алардын башын коштуруп, топ түзүп эл алдына алып чыгат. Чындыгында маданият министрлиги жасай турган иштерди Рахман ага жасап чуркап жүрөт.
Элдик ырларды аспабы жок ырдайбыз
Жубайлар менен бирге трио ырдап чыгып жүргөн Туратбек Өмүрканов да маекке кошулду:
- Биздин Бишкекке келгенибиздин себеби, ЭлТР жана "Манас жаңырыгы" телеканалдары өздөрүнүн маданий берүүсүнө чакырышканынан жаңы обондорубузду жүктөнүп, борборго келип калган кербезибиз. Мен өзүм да обон чыгарам. Үчөөбүз трио болуп, музыкада "акапелло" деп коет, музыкалык аспабы жок ырдайбыз. Көбүнчө элдик ырларды эч кандай аспабы жок эле жандуу үн менен ырдайбыз.
- Маданият министрлиги тарабынан фонограммага тыюу салынсын деген демилге көтөрүлүүдө. Буга сиздердин оюңуздар кандай?
Сапарбек Сакабаев :
- Албетте, фонограмманы жоюу керек. Нукура табигаттан берилген үнү жок ырчыларыбыз көбөйүп кетти. Бирок, адегенде бизге ырдоого шарт түзүп берип, заманбап музыкалык аппаратуралар менен камсыз кылып, анан гана ушул иштерди баштаганы оң.
Туратбек Өмүрканов:
- Фонограмманы жоюуга макулмун. Бул элди алдоо деген сөз. Бирок аны да колдоно турган жерлер мисалы, телевидениеде болуп калат. Чеги менен колдонуп, бара-бара жоюлушу керек деп ойлойм. Азыркы маданият министринен маданият адамдары көп жакшы саамалыктарды күтүп жатабыз. Маданияты жок улуттун келечеги караңгы эмеспи. Биз, маданият адамдары барга-жокко чыдамкай келип, табигаттан берилген өнөрүбүздү эч качан таштап кете албай жүрө берет экенбиз. "Өнөрлүү өлбөйт" дегендей, бизди азырынча эл багып жаткан учур.
Назгүл Осмонова