Өмүралиев Шайлообек Акматович - саламаттыкты
сактоонун отличниги, жогорку категориядагы врач-нарколог:

"Насвайга адам дароо эле байланып калбайт"


Учурда насвай чеккендердин саны көбөйүүдө. Айрыкча жаштардын арасында. Бул -жеңил наркотик болуп эсептелинет. Насвайдан арылуу үчүн ооруканага арыздангандар жокко эсе. Бирок, насвайдан жапа чеккендердин саны толтура. Насвай чеккендердин санын азайтуу үчүн, аларга насвай кандай заттардан тураарын түшүндүрүш керекпи деген ойго келесиң. Анткен менен насвайдын зыян экенин билбеген жан жок болсо керек.

- Тамекини чегүүнү таштоо үчүн насвайга өтүп жаткандар бар. Демек, тамекиге караганда насвайдын зыяндуулугу азыраак деп түшүнүүгө болобу?
- Тамеки менен насвайдын зыяндуулугу боюнча айырма жок. Менимче насвай чеккен киши акчасын бир аз үнөмдөшү мүмкүн. Жөнөкөй сөз менен алганда бир наркотикти таштап, экинчисине өтүп жатышат. Кыргызда айтылгандай: "Чочконун тезегинен, эшектин тезеги артыгыраак" деген сыңары ойлоп жатышса керек. Чындап келгенде экөөсү тең арам оокат.
- Насвайдын курамында кандай заттар бар?
- Насвайдын латынча аты "эфедро" деп айтылат. Бизче айтканда чекенди. Эфедронун курамында "эфедрин" деген наркотик бар. Эфедрин-бул химиялык, адамды көз каранды кылуучу зат. Эфедриндик баңгилик менен алкоголдук баңгиликтин айырмасы жокко эсе. Себеби экөөнүн тең курамы бирдей. Насвайды жасоочулар аны күчтүү кылыш үчүн акиташ, тооктун богун кургатып кошушат. Алардын канчалык деңгээлде күчтүү экендиги баарына белгилүү. Айылда эң күчтүү жер семирткич катары колдонушат эмеспи.
- Насвай чеккен адам кандай ооруларга туш болот?
- Насвайды оозго салып, тилдин астына койгондуктан биринчи кезекте ооздун жана кекиртектин рак оорусуна алып келет. Себеби, насвайдын курамында күчтүү зыяндуу заттар көп болгондуктан оозду оюп жиберет. Ооздогу сезүү органдары өлүп, жок болот. Насвайдын курамында жаныбарлардын кыгы, акиташ болгондуктан ар кандай инфекциялык ооруларга, ошондой эле гепатит вирусуна чалдыгуу коркунучу бар.
- Насвайдан кантип арылуу керек?
- Насвайды таштоо үчүн ордуна башка ушул сыяктуу нерсени издөөнүн кереги жок. Насвайга адам дароо эле байланып калбайт. Насвай чегип баштагандан 2-3 жума өткөндөн кийин гана арылуу кыйын болуп баратканы сезилет. Кээ бирлер күнүнө 10-15 жолу насвай кабыл алып жатканын өздөрү байкабай калышат. Таштагандын алгачкы күндөрү бир нерсе менен алек болуп, жумушта же спортзалдарда болушу керек. Түн ичинде уйку качып, кан басым көтөрүлөт. Тынчсыздануу убагы 2-3 жумага созулат, андан кийин адам насвайды унутуп, орусунан арыла баштайт. Мындай кылууга эрки жетпесе, ооруканага кайрылсын. Биз кайрадан канын тазалап, даарылайбыз.
- Ооруканага кайрылганга акчабыз жок. Көп акча сурашат дегенди угуп калдык?
- Бул жөн гана шылтоо. Өздөрүн өздөрү алдап жатышат. Ошол насвайга короткон бир жылдык акчасынын тең жарымын алып келсин. Ошол эле акчасына дарылап берели.





Баңги заттардын бири насвай болуп саналат


Насвай-бул эмне?


Насвай (насыбай нас, асмай) - курамында никотин бар зат. Майда шарикчелер түрүндөгү бул зат жагымсыз жытка жана даамга ээ. Насвай астыңкы же үстүңкү эриндин алдына салынат. Эринде таасир бергенче кармалат. 3-8 мүнөттөн кийин таасир берет. Таасирлери: жеңил баш айлануу, колу-буттун титирөөсү жана көздүн тумандоосу. Химиялык жактан көз каранды кылуучу оору болуп саналат. Насвай тамеки, арак сыяктуу эле зыяндуу заттарга кирет. Эфедрон деген наркозаты насвайдын негизги курамын түзөт. Ооз көңдөйүнүн рак ооруларынын эң башкы себеби насвай менен тамекини узак убакыт бою колдонуу болуп эсептелет. Өпкөнүн рак оорусу, жүрөк, кан тамыр оорулары, инсульт жана инфаркт насвайдын айынан болот. Кан тамырды чиритет. Наркозат үч сфераны өзүнө багынтат. Адамдын аң-сезими, денеси жана руху. Үчөө тең катуу кыйналат.

ЗЫЯНДАРЫ
o Насвайды узакка колдонуу ооздун жана кекиртектин рак оорусуна жеткирет.
o Тиштер бузулуп, сынат.
o Ооздун чел кабыгы менен ашказан-ичеги жолдору бузулат.
o Ашказан жарасынын пайда болушу толук мүмкүн.
o Ичегиге инфекция жугат.
o Насвай менен кошо мите курттар ичке кирет. Жугуштуу ооруларды бат жуктуруп алууга шарт түзөт. Себеби, насыбайдын курамында жандыктардын заттары (мисалы, тооктун кыгы) колдонулат.
o Эркек балдарды (чоң кишилерди да) тукумсуздукка алып келет. Себеби, организмде урук иштеп чыгаруу токтойт. Мындан да коркунучтуусу, эркектин жыныс мүчөсүнүн функциясы (кызматы) бузулуп, аны калыпка келтирүүгө таптакыр мүмкүн болбой калат. Мунун себебин илим али ача элек.
o Насвай уулуу болгондуктан, аны жыттоо таксоманияга жеткирет.
o Насыбай психотроптуу каражат катары өспүрүмдөрдүн психикасынын өсүүсүнө таасир берет. Эс-тутум начарлайт, кулк-мүнөз бир калыпта болбой өзгөрүлөт. Насвай чекпей калганда адамдын маанайы чөгөт. Бардыгына кайдыгерлик келип чыгат. Уйку начарлайт.




Насвайдын курамында эмне бар?


Дөөлөт
(Студент)
Мен насвай чекпегендиктен алар эмнеден турарлыгын билбейм. Насвай кабыл алган тааныштарым бар, бирок кызыгып сураган эмес экенмин.

Баргыбай
(Сатуучу)
Насвай деген эмне экенин, анын курамында кандай заттар бар экенин билем. Талдын кабыгын күйгүзүп, анын күлүн кошот. Акиташ жана тооктун богун кошот деген кабарым бар. Ошол себептен насвай колдонбойм.

Нурлан
(Сатуучу)
Тамеки чегем, насвай чекпейм. Курамында акиташ, күл, тамеки, никотин бар деп билем.

Төлөкбек
(Сатуучу)
Насвай боюнча кабарым бар. Тамекиге караганда зыяндуу. Ансыз тура албайт, башы ооруйт. Тишке зыян, оозду оюп жиберет. Аны чегип алганда кумар кармашат. Курамында акиташ бар экенин билем.

Раман
(Жүк түшүргүч)
Мен насвай чегем. Себеби, тишимдин ооруганын басат. Төрт сомго алсам үч күнгө жетет. Ар бир чеккенде эки даанадан кабыл алам. Курамында кандай заттар бар экенин жакшы эле билем. Акиташ, тооктун богун кошот дегендиктен атайын колго жасатам. Аны атайын талдын кабыгынын күлүн, тамекинин жалбырагын жана акиташтын суусунан кошуп жасайт.

Булат (Мектеп окуучусу)
Насвай чекпейм. Чегип көрбөсөм курамында эмне бар экенин кайдан билем? Бул тууралуу кызыгып эч кимден сураган эмесмин. Эч нерсе айта албайм.

Сымбат
(Студент)
Насвайды тамеки катары колдонсо керек. Анын курамында тооктун богу бар деп укканмын. Бирок анын чын, калп экенин билбейм.


Нурелла Жаркулова







Warning: include(0228.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_7.htm on line 111

Warning: include(0228.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_7.htm on line 111

Warning: include(): Failed opening '0228.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_7.htm on line 111





??.??