Таанышуу жарыясы


Акын Жумадин Кадыров:

...Сүйбөгөндүгүң үчүн чексиз сүйөм...


- Жумадин, быйыл негедир жаз абдан кечигүүдө. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?
- Эгер мурда кыш андай болот же жаз быйыл эрте же кеч келет деген божомол айта ала турган болсок, азыркы жашообузда антип айта албай калдык. Адамзатынын чарбачылык иши табигатка ушунчалык оң же терс таасирин тийгизип жатат. Биз, адамдар табигатты ушунчалык ырайымсыздык менен, аеосуз пайдаланып жатабыз. Бир күндө эле кыш болуп же жаз болуп кеткенинин себеби да менимче табигаттын адамдарга берген жообу болуп жатат ко.
- Аялзатынын бул жашоодогу орду кандай?
- Мен бул жарыктагы аял менен эркектин орду бирдей эле деп ойлойм. Көп убакыттарга чейин аялзатын эркектен төмөн коюп, алар бир топ эле басынып келгени чындык. XX-кылымдын 70-жылдарынан баштап, Батыштан башат алган "эмансипация" деген агымдын таасири менен аялзатынын коомдогу орду бир топ бийиктеп, азыр аял менен эркектин орду бирдей болуп калды. Албетте, аял үйдүн очогу, балдарыбыздын тарбия берүүчү энеси, сүйгөн жарыбыз. Аялдын сабырдуулугу, акылмандыгы, берешендиги көбүрөөк.
- Сүйүү деген эмне?
- Сүйүү бул - Кудайдын улуу белеги. Сүйүү гана ааламды сактап келет. Биз кантип сүйүп калабыз? Кандайдыр бир бирөөнү жакшы көрүү сезими пайда болот да, анан бара-бара ошол адамга байланып, аны сагынып, ансыз жашай албай тургандай, андан көз каранды болгондой деңгээлге жетебиз. Өтө сейрек адамдар гана сүйүүсүн сактап кала алат. Мен дагы сүйгөм, бирок ал сүйүүнүн жообу болбоду. Ошол кезде жаш экем, ага таарынып да жүрдүм. Көрсө, бул да болбойт экен. Жетсем деп жакшы эле аракет кылдым. Мен сүйгөн кыз ал кезде турмушка деле чыга элек болчу, балким ал кыздын кыялындагы издеген адамы башка адам болгонбу, айтор жооп бербеди.
Түшүмө кирбей калсаң, түндөн корком,
Өзүңдү унутуучу күндөн корком.
Сүйбөгөндүгүң үчүн чексиз сүйөм
Билбеймин кантээримди сүйгөн болсоң...
- деген ыр саптары арналган селки ким болду экен?
- Ал кыз азыр деле бар. Жоопсуз сүйүүмдүн ээси десем болот.
- Жеке турмушта бактылуусузбу?
- Албетте, мен өзүмдү өтө бактылуу адаммын деп эсептейм. Мен өзүмдү бактылуу сезгенде гана менин үй-бүлөм, жакындарым, айлана-тегерегимдин баары бактылуу болот. Ар дайым жашоонун жакшы гана жактарын көрүп, аны баалап жашаганга аракет кылам. Жаштыгым, ден соолугум бардыгы чексиз кубанычка бөлөйт.
- Сүйүп үйлөнгөнсүзбү?
- Жаңыдан баш кошкон кездери ал адамга деген жакшы көрүү сезимдери болгон. Тилекке каршы, жылдардын өтүшү менен ал сезимдерди сактап кала алган жокпуз. Отуз жаштан ашып үйлөнсөм да үй-бүлө жоопкерчилигин жакшы билбей туруп үй-бүлө курганымды түшүндүм. Көрсө, бул нерсе ата-энеден да көз каранды экен. Ата-эне балдарына үй-бүлө деген эмне, анын жоопкерчилиги, азабы менен тозогу да болорун жаштайынан үйрөтүп, тарбиялоосу шарт тура.
- Солго баскансызбы?
- Жок, эч качан. Менин анткеним өзүмө өзүм өкүм чыгарганым болмок. Мен үй-бүлөм, алган жарым үчүн түбөлүк да дей албайм, кандайдыр бир убакытка чейин жоопкермин.
- Экинчи ыр жыйнагыңызды чыгаруу оюңузда барбы?
- Барган сайын бул турмуштун баш айланткан агымынан тажап, чыгармачылык менен гана алек болгум келген мүнөттөр көбөйдү. Ыр жазган адам баарынан эркин болуш керек. "Үзүлгөн эргүүлөр" деген ат менен ыр китеп чыгаруу оюмда жүрөт.
- Мындан жыйырма жыл мурдагы Жумадин менен азыркы Жумадиндин айырмасы барбы?
- Айырмасы деле жок ко дейм. Жыйырма жыл мурун Жыргалбек деген сүрөтчү сүрөткө тарткан экен, аны азыркы сүрөтүм менен салыштырып, айырма таба албадым. Майда-чүйдөгө баш оорутуп отурбайм, эрте менен йога менен машыгам. Балким, акыл көбөйүп, кексе боло түшкөндүрмүн. Бирок дилимде баягы эле китеп окууну жакшы көргөн Жумадин бойдонмун.
- Демек:
Энчимдей ээлептирсиң жаш чагымды,
Сүйө албай койдум сенден башка кызды.
Жаза албай койдум канча тырышсам да,
Сен жөнүндөгү ырдан башка ырды...
- деп жазганыңыздай акындар бир эле махабат баянын өмүр бою ар башка кылып көркөмдөп жаза берет турбайбы. Сөз соңунда жаз менен кошо келаткан аялдар майрамына карата аялзатка каалооңуз?
- Асылзат аялзатына бир келген жашоонун баркын билип, ар бир күнүн кийин бармак тиштеп өкүнбөгөндөй жашап өтүүлөрүн анан албетте, аялдык бакыт кааалайм.
Назгүл Осмонова





Рысбек Жабиров аялынын
калпагы өтүш үчүн Ак калпак
майрамына демилгечи болгонбу?
- Рысбек ага, "Жети область таймашы" долбоорун баштап атыптырсыз. Долбооруңуздун көздөгөн максаты эмне?
- Концерттин негизги максаты жаңы долбоорлорду ишке ашырып, кыргыз элине жаңылык киргизүү. Адам окшош нерседен тез эле тажайт эмеспи. Ошон үчүн жаңы долбоордун башталышы. Бул долбоорду "Ар бир айдын алтысы" долбоорундай эле өнүктүрөм деген оюм бар. Башында кичине кыйынчылык болот, бирок баарына чыдайм.
- Байге фонду канча? Демөөрчүңөр барбы?
- Байге фонду 400 миң сом. Демөөрчүлөрдөн азырынча эч ким жок, өзүбүздүн чөнтөгүбүздөн чыгарып атабыз. Буюрса, кандай болгон күндө да долбоор өзүн-өзү актаса экен деп үмүттөнүп атабыз. Алдын ала 165 миң берип койдук, акыркы орунду алган эки команда кызыктыруучу сыйлыктарды, андан кийин 20 миң, кийинкиси, 50 миң, 70 миң, 100 миң акчалай байге болот.
- "Ак калпак" майрамынын демилгечилеринин бирисиз, быйылкы майрамга даярдыктарыңыз кандай?
- Жакшы иш чарага демилгечи болуп калдым, эми андан ары кыргыз журту өзү улантып кетиши керек. Сиз атаңызга, агаңызга майрамыңыз менен деп ак калпак кийгизсеңиз, мен өткөргөндөй эле болом. (күлүп) Махмуд Кашагари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин студенттери былтыр жакшы уюштурушту эле. Быйыл да "Ак калпак" күнүн мыкты деңгээлде өткөрөбүз деп турабыз. Азыр мерия, музейлер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Балдар жарманкелерди өткөрүп, концерт коёбуз деп атышат. Мен алар суранган нерселерин чечип берип, колдоо көрсөтүп атам.
- КРнын гимнин ырдаган, куран окуган куурчак чыгарып жүрдүңүз эле. Ал бизнесиңиз эмне болду?
- Экинчи куурчак чыгарбайм. Себеби, бизде патриоттук дух эчак эле өлүп калыптыр. Мен ал жерден бир тыйын алып алайын деген оюм жок эле. Көптөр куурчакты алып келип, 24 сааттын ичинде балабыз гимнди үйрөнүп алды, куранды да бат эле жаттады деп сүйүнүп жүрүшөт. Демек, эффект болуп атыптыр да. 280 сомго куурчак алган акчага арак ичип алганы жакшы экен.
- Керемет көчтүн башкы каармандары Актан менен Акылайды да чыгарам деп жүрөт деп уктук эле?
- Жок, аларды мен чыгара албайм. Алар патенттелген да. Ал иштеп аткан адамдар менен соттошуп отургум келбейт. Мага Актан менен Акылайды чыгарбайсыңарбы деген сунуштарын айтышкан. Мен канча карызга батып, 10 миң куурчакты Кыргызстандын он миң үй-бүлөсү жөн эле алып коёт го деп ойлогом. Баары менин оюмдай болгон жок. Азыр аябай кризистемин. Ошон үчүн Актан, Акылайы, гимн ырдаган куурчагы жок эле тынчыраак өзүмдүн киномду тарта берейин деп чечтим.
- Сиздин аялыңыз эмне иш кылат?
- Аялым үй кожойкеси, мени башкарат.
- Редакциябызга "Рысбек Жабировдун аялы Ош базарында жайгашкан "Кыял" базарында калпак тигип, сатып иштейт. Аялы тиккен калпакты жакшы өткөрүү максатында Рысбек "Ак калпак" майрамын өткөрүү демилгесин көтөрүп чыккан. Азыр Жабировдун аялынын калпагы жакшы өтүп, Рысбектин ташы өйдө кулап атыптыр", - деген маалымат келди эле…
- Жакшы маалымат экен. Жубайым экөөбүз жашаганыбызга жыйырма жылдан өтүп баратат. Беш балабызды тарбиялады, өзү үйдөн чыкпайт. Ал ички күч, мен тышкы күч болуп ынтымакта эриш-аркак күн кечирип келе жатабыз. Өмүрүндө базарга чыгып, бир нерсе сатып көргөн жан эмес. Калпак тигип, чеберчилик менен алектенбейт деле. Бабанов, Сарыгуловдорго окшогон адамдарга калпак тигип жүргөн чеберлерге тиктирип алам.
Төлөбүбү Касымалиева






Warning: include(0228.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_8.htm on line 98

Warning: include(0228.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_8.htm on line 98

Warning: include(): Failed opening '0228.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/12/0228_8.htm on line 98





??.??