Таанышуу жарыясы


Амир самсы саткан кызды сүйүп калып, жаман болуп жүрөт
"Ашык болуп калдым" аттуу ырын Амир жөн жерден чыгарбаганы белгилүү болду. Сөзү Жанара Атабековага таандык бул ырдын обонун өзү жаратып, аз убакыттын ичинде капчыгын калыңдатты. Анткени Амир шаарыбыздагы Киев жана Совет көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдаманын жанында самсы саткан кызга көзү түшүп калган экен. Бул туурасында ырчы: "Эч бир кызга мынчалык ашык болуп эстен танган эмесмин. Анын татынакай жүзү мени арбап алды. Ал кызды сулуу көргөзгөн жүзүндө меңи бар экен. Ага кантип сүйүүмдү билдирсем экен деп ойлонуп, сүйүүнүн деңизинде чабак уруп, сүйүүнүн кемесине жете албай турган чагым"-дейт жүрөгү жараланган, махабат сөздөрдүнүн берметин издеп жаткан ырчы Амир Аскаров .


Анапия Райымбекова кыргыз элине "сюприз" тартуулайт
Үч-Теректин үч кызынын бири, кыргызымдын сыймыгы Анапия Раимбекова чыгармачылыкта талбай иштеп ыр ышкыбоздоруна күтүлбөгөн "сюрприз" кылам деп өз сөзүндө айтып өттү. Токтогулдун булбулу аталган эжекебиз төмөндөгүлөргө токтолуп кетти. "Тилчи, филолог, лингвист, англис филологиясынын кандидаты, профессор Асылбай Ибраевдин курч калеминен жаралган "Сендик болуп калганмын" деген чыгармасын жаздыргам. Азыркы тапта радиолордон кетип жатат. Жакында кыргыз элиме күтүлбөгөн "сюрпиз" тартуулайм"-дейт, Анапия Райымбекова . Кандай жаңылык болду экен деп угууга шашылып жатсаңыздар керек. Ага апрель айларынын башында болуучу эжебиздин спорт сарайындагы концертинен күбө болосуздар.


Айперинин жолдошу майрамда Өзбекстандан гүл алдыртты
Бактылуу эне Айпери Сыдыкова үйүндө жөн эле олтурбастан чыгармачылыгын таштаган жок. Ошол эле учурда сүйүктүү жолдошуна арналган ырлардын үстүндө иштеп жатыптыр. "Ала-Букага келген болчубуз. Бул жакта дээрлик гүл жокко эсе. Жолдошум мага сонун букетке оролгон жыпар жыттуу гүл белек кылды. Гүлдү кайсыл жактан алдың десем: "Өзбекстандан атайын сага буйрутма кылып алдырдым" дейт. Жолдошумдун досу Өзбекстанда иштейт. Ага айтып, атайын Өзбекстандан роза гүлүн алдыртты. Аялзатына мындан ашкан белек жок болуш керек"-дейт, мээримдүү эне Айпери Сыдыкова .


Сайкал сокур ичегисинен
операция болду
"Аккан арыктан суу агат" - демекчи, апасынын жолун улай кыргыз сахнасында жылдызы жанган Сайкал Садыбакасова жакында операция болду. Эмне себептен болду болду экен деп кызыгып жатсаңыздар керек окурман. " Сайкал сокур ичегиден операция болуп, азыр үйгө чыгып, жакшы болуп калган кези. Жаздын келиши менен жаңы ырлары менен күйөрмандарын кубандырат" - дейт ырчынын апасы Гүлшайыр Садыбакасова .


Эрлан Андашев мындан ары индиялыктарча ырдайт
Камкор ата, эстрада ырчысы Эрлан Андашев жаңы ыр эмес, кыргыз ырларына жаңыча ыр жаратты. Дегеним Эрлан " Чубак Сатаевдин "Коштошуу" деген чыгармасын жаңыча иштеп чыктым. Аны эми индиялыктарча ырдайм. Андан башка Кант шаарындагы кыштактардын биринде "Жалгызым" деген ырыма клип тартып келдим. Аялзатынын майрамы кирип келгендиктен баардык апаларды куттуктап, концерттерде ырдап жүрөм"-дейт, ырчы Эрлан Андашев .



Нурмат Садыров
"Жүрөгүм"
Сөзү: Кудрет Тайчабаров
обону: Аман Аскар Бердибаев

Сенсиз күндү элестете албаймын жаным,
Сага мен теңебейм баарын.
Сезим күчөп, алоолонуп каптады жалын,
Татаал сүйүүнүн балы.

Кайырма:
Жүрөгүм, аячы мени мүрөгүм,
Кусага сенсиз соолуп баткандай,
Арзуусун айтып жаткандай.
Алыстасаң, жолукканга ашыга берем,
Жаныңдан чыга албай келем.
Дем, күч берген өмүрүмө сыйкыр күч белең?
"Өзүң" - деп мен жашап келем.

Жанымдан эми кетпечи деги,
Бир болуп дайым, көрүп баарын.
Карааның келсе, кайгы жок менде,
Деп жүргөн сөзүңдү эстеп.






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

9-март, 2012-жыл






??.??