Таанышуу жарыясы


Гитлердин ата-энеси тууган болгон


o Адольф Гитлер публиканын көзүнчө пальтосун таптакыр чечкен эмес;
o Гитлердин атасы Алоис өзүнүн Клара аттуу тууганына үйлөнүп алган. Клара атасынын үчүнчү никеси болгон. Клара экөө алты балалуу болуп, Адольф үчүнчүсү болгон. Гитлер өзүнүн ата-энеси туугандар экенин жакшы билген. Ошондуктан, көп жерде үй-бүлөсү, ата-энеси тууралуу бүдөмүк эле нерселерди айтып, так сүйлөгөн эмес. Бирок, башкалардан өзүнүн теги тууралуу аныктаган документтерди талап кылган.
oГитлердин бир эле жумурткасы болуптур;
oОкутуучусу анын окууда жетишпей, жаман окугандыгын бирок, өзүн лидер сыяктуу алып жүргөнүн белгилеген;
oАпасы Гитлерди аборт кылайын дегенде, доктур эптеп көндүрүп, аборттон баш тарттырган;
oГитлер сексуалдык куурчактар жөнүндө түшүнүктү киргизген. Бул тамаша эмес. Аскерлери сексуалдык керектөөлөрүн канааттандырыш үчүн ар кайсы кыздын артынан кетип калбашы үчүн, атайын сексуалдык куурчактарды жасатып, аскерлерине берген.
oНемистерди тартипке келтириш үчүн башында автобуска билетсиз түшкөн жүргүнчүнү да аткыла деген буйругун берген.
oӨзү оратор болгондуктан, анын эл алдында сүйлөгөн сөзү массалык кыжырданууларга алып келип турган.




Үй шартында дарылануу


Тумоодон жөнөкөй ыкма менен арылуунун бир жолу
Идишке кол күйбөгөн ысык суу куюп эки бутту 5-10 мүнөткө чейин салып олтуруп, андан кийин дагы ысык суу кошуп кайталоо керек. Ушундай жол менен мүмкүн болсо бутту тизеге чейин ысык сууга малып, жарым саат турганда ооруган адамдын денесинен тер чыгат. Терди улам- улам кургак кездеме менен аарчып туруу керек. Андан соң жылуу оронуп жатсаңыз кийинки күнү жакшы болуп каласыз.


Баштагы какачты кетирүүнүн жөнөкөй жолу
Чачта пайда болгон майда какач оору эмес. Какачты мындайча жол менен кетирүүгө болот. Жылуу пиво менен чачты суулап, аны 15 мүнөт чачтын арасына сиңириш керек. Андан кийин таза суу менен чайкап, шампунь менен жууп коет. Бул ыкманы күнүнө эки маалдан, 4, 5 күн кайталаганда гана какач кетет.


Жүрөк оорусу бар адам сууну көп ичпөөсү керек
Адам баласы суусуз жашай албайт. Суу адамдын денесинде арбын болот. Сууну ичкенден кийин, анын көп өлчөмү ичегиге жайгашат да кайсы бир бөлүгү канга кошулат, канды суюлтат, мына ушундан адамдын каны көбөйөт, жүрөктүн аткара турган кызматы жогорулайт. Бул учурда жүрөк оорулуу адамдарга оор абал алып келет. Жүрөк ооруну козгойт.


Бел ооруну айыктыруунун жөнөкөй жолу
Бел адамдын денесин көтөрүп турган негизги мүчө болуп эсептелет. Бул ооруга дуушар болгон адамдын белинен төмөн карай кыймылдабай калуусу ыктымал. Айыктыруунун бир нече жөнөкөй жолун айтып кетүүнү туура көрдүк. Адырашмандын ашынан 35 гр, сүрүнжан өсүмдүгүнөн 8 гр майдалап туруп, ага шекерден 2 гр кошуп сууга кайнатып, андан кийин аны чай демдегендей демдеш керек. Бул даярдалганды бир топ күнгө чейин күнүнө эки жолу ичсе, бел оорудан сакаят. Мындан тышкары бел ооруганда кетенчиктеп басып жүрүүдөн да айыгат. Минтип басканда бел булчуң эттеринин кыймыл аракети алдыга карай жүргөнгө караганда өтө жогору болот. Артка карай басууну кайталай берсе белдин булчуң эттери чыңдалат. Кандын жүрүшү тездейт. Бел сакаят. Кетенчиктеп басууну ар күнү эки жолу 29 мүнөттөн жасап атып, бел ооруну айыктырууга болот. Айрыкча бели сезгенген кишилерге өтө пайдалуу.
Дагы бир жөнөкөй жолу, эгер гезит же керектүү бир кагазды узак убакытка чейин окуганда бел талыкшып уюп, көкүрөктүн кысылганы байкалат. Мындай учурда сыртка таза абага чыгып, эки бутту өйдө- төмөн кыймылдатып, белди ары-бери айландырып, денени кыймылдатып туруу керек. Ушул жол менен да белдин талыганын басууга болот.



Нурелла Жаркулова






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

9-март, 2012-жыл






??.??