Таанышуу жарыясы


"Платинум"

тобу дүйнөдөгү рокер топтордун сабына кошулат


Учурда кайсы гана сыналгыны көрбө же үналгыны тыңдаба "Платинум" тобунун ырлары жаңырып, жаштардын бүйүрүн кызытууда. Түзүлгөнүнө аз гана убакыт болсо да рок жанрындагы ырларды чеберчилик менен аткаргандыгы байкалууда. Топтун кыскача таржымалын, курамындагы ар бир адамды Валентин тааныштырып берди.

Рок ырларын фонограмма менен ырдоого мүмкүн эмес
Рок стилинде өзүбүздүн "Платинум" деген топту мындан эки ай мурун түзгөнбүз. Негизинен рок ырларын фонограмма менен ырдоого болбойт. Ошондуктан Саламат ушул топту түзүп, максатын ишке ашырды. 17-мартта шаарыбыздагы белгилүү кафелердин биринде "Өкүнүп калбайлычы" деген топтун жаңы ырынын бет ачаарын жогорку деңгээлде уюштурганга камданып жатабыз. Топту түзүүдө бизге Кыргызстандагы мыкты үн режиссер Владислав жардам берген. Ал бизди профессионал музыканттар менен тааныштырган. Топтуу түзүүдө эч кандай кыйынчылык болгон жок. Өз ара келишим менен оңой эле тил табышып, чыгармачылыктын чыйыр жолунда бирге бара жатабыз. Бул күнгө чейин топ ичинде бир да жолу уруш-чатак боло элек. Ар бири өзүнүн жумушуна тактык менен жооп берет. Эки ай ичинде Саламаттын репертуарындагы 10 ырды өздөштүрдүк. Жалпысынан биздин топто беш адам бар. Баарыбыз ынтымактуубуз. Бизге дайыма жардам берип келе жаткан жаш продюсер Эркин да ар бир ырыбыздын мазмунун, стилибизди көзөмөлгө алып турат. Эске сала кетсем, биздин топ түзүлгөнгө чейин Саламаттын ырларындагы гитараны мыкты музыкант-гитарист Денис Колючий ойночу. Азыркы күндө группа Саламаттын ырларын ойноп жана жазып калды. Саламаттын эн негизги планы ырларын жалаң гана жандуу аткаруу. Келечекте биздин топ дүйнөдөгү рок ырчы топторунун санына кошулат деген тилегибиз чоң.


Валентин топто шайыр-шамдагай урма аспапчы. "Музыкасыз жашоомду элестете албайм" - деген ураанды күн сайын кайталап айтып турат. Үй жаныбарларына абдан жакын. Үйүндө дүйнөдөгү эң чон жөргөмүштөрдүн эки түрүн багат. Андан тышкары үйүнөн балыктын түрлөрүн, мышыктарды кездештирүүгө болот. Ооруп жатса да студиядагы машыгууларга ар дайым кечикпестен келет.


Арли болгону 17 жашта. Ал клавиша ойнойт. Жаш болсо да биз менен иштеп жатканда "Музыка менен жашаган адамдын жан дүйнөсү кенен болот" -деген ураанды алдыга коюп, топто жоопкерчиликтүү. Классика жана хард рок музыкасын аябай жакшы көрөт. Жапон аниме мультфильминдеги каармандарга аябай окшош.


Саламат жаңы чыгып келе жаткан рок стилинде ырдаган ырчы. Саламаттын биринчи кесиби ырчы болсо, экинчи кесиби архитектор. Эл арасында оозго алынып, жакшы ырларды жаратып келсе да, эмнегедир күйөрмандарынан өз сүйүүсүн жашырып келет. "Музыка - чеги жок океан, ар дайым түгөнгүс жаңы сырлары ачылып турган дүуйнө!"- деген ураан менен дайыма жандуу ырдап, өз ишин берилүү менен аткарат.


Асель бас гитараны ойногон топтун назик жана эң эрке мүчөсү. Топтун көркү, сулуусу. Ар дайым тобуна аяр мамиле кылып, түгөнгүс мээримин чачып турат. "Бул күнгө чейин музыкадай сыйкырдуу эч бир нерсеге жолуга элекмин" -деп айтып калат.


Роман топтун соло гитаристи. Шубин атындагы музыкалык мектебин кызыл диплом менен аяктаган. Азыр окуусун Искусство институтунан улантууда. Гитарасын эч качан колунан түшүрбөстөн бош убактысында ар дайым жаңы аккорддорду ойлоп табууга аракет жасайт.
"Музыка бул менин- жашоом жана келечегим". Бул сөздөн тажабайт.


Жылдыз Абдыкерим кызы




Бүт дүйнө тартипке баш ийет


Ойлорубузду тартипке келтиребиз
Эгерде биз мээбизди үйүбүз деп элестетсек, анда кандай көрүнүш болмок?
Таза, ар бир буюму өз ордунда турган жыйнактуу үйбү же чачылып жаткан, кир үйбү? Мунун жообун табыш үчүн беш мүнөтчө эчтемкени ойлонбой туруңуз. Эгерде бул тапшырма сизге оордук кылса, анда сиздин мээңиз чачылып жаткан кир үйгө окшош экендигинен белги берет.
Мына ушундай тездик менен өтүп жаткансыган турмушта биз чындыгында өз убактыбызды бекерге коротуп жатыппыз. Толгон-токой иштерибиз аз келгенсип, биз ага дагы бир топ жумушту кошуп коебуз. Мунун аягы нерв клеткаларынын жукарып, маанайыбыздын ар дайым чөккөн абалда болушуна алып келет.
Мындай абалдан чыгуу үчүн адегенде мээбизди керексиз ойлордон тазалап алууга туура келет.
Биринчи кезекте гезит, журналдарды сатып алууну кескин кыскартыңыз. Сизге чындап кызыктуу болгон гана телеберүүлөрдү көрүңүз. Интернетти колдонууга чек коюу зарыл.
Убакытты уюштуруу
Мезгил - биздин азыркы чыныгы душманыбыз. "Эгерде суткада көбүрөөк саат болгондо"..., "Эгерде менде чет тилдерин үйрөнүү үчүн убакыт болгондо жашоом жакшы жагына өзгөрмөк..."... Сизге ушундай ойлор көп келсе анда бул туура эмес. Убакытты туура пайдалануу менен жашоо сизди эмес, сиз жашоону башкарасыз. Төмөндө келтирилген кеңештер убакытты душмандан доско айлантууга жардам берет.
Пландаштыруу
Адегенде бир жылга план түзүп ал. Андан кийин бир айга, андан соң ар бир күнгө. Турмушуңдан жакынкы арада эмнени күтөсүң? Максатың эмне? Каалооң кандай? Жумуш убактыңдын кайсыл бөлүгү аныкталып калган? (мисалы, каникулдар, курстар, жолугушулар,үй-бүлө ж.б.).
Күндүн аягында олтура калып, эртеңки күндү пландап алуу жашооңду абдан жеңилдетет. Сен мезгил сени эмес, сен аны башкарып жатканыңды сезесиң, а бул сага күч-кубат берип, мээни тынчтандырат.
Юмор сезимин унутпа
Албетте, эмгекчилдик жакшы сапат - бирок жашоодо жумуштан башка да үй-бүлө, достор, көңүл ачуучу маданий жайлар бар экенин унутпа! Алар үчүн да сен түзгөн планда убакыт калышы керек. Ошондо гана сенин жашооң толук кандуу өтүп жатат деп өзүңө-өзүң ыраазы болсоң болот.
Назгүл Осмонова







about | A Free CSS Template by RamblingSoul

9-март, 2012-жыл






??.??