ПЛЯЖДА


ЖАТКАНДАР


олжобай шакир

(Башы өткөн санда)

Айдын көркү кээде укмуштай го, өзгөчө толуп тургандагысы. Шириндин да болуп турган, толуп турган убагы экен, балык жону нурга жаркылдайт. Аттиң, сүрөтчү болбой калганымбы… Колуман келсе, Шириндин пляждагы сулуулугун миң көчүрүп, миң жолу кайра-кайра тартар элем. Дүйнөдө колуңан келбеген көп эле нерселерге өкүнөсүң, бирок болуптур, баары колуман келбесин. Ошо колуман келбегендин баарына кайыл элем. Тек, сүрөт тартуу колуман келбегенине кээде ичим сыйрылат. Башка эч сүрөт тартпайт элем, мен ошондогу Шириндин сууга чумуп чыккандан кийинки сүрөтүн гана тартмакмын. Дүйнөдө канча сулуулук бар, бирок мен Шириндин сулуулугунан башка сулуулукка көз нурумду коротпойт элем. Көз курчумду миң көчүрүп, миң жолу кайра-кайра тарткан анын сүрөтүнөн башкага кетирмек эмесмин. Мага сүрөтчүлүк атактын да кереги жок. Мага атактан бийик, атактан да кымбат бир гана нерсе, - эрмек. Ал эрмегим - Шириндин сулуулугун эч жадабай тарта бермекмин, тарта бермекмин. Далысындагы олоң чачынан кумга сиңген суунун ар бир тамчысына да жандуу элес киргизмекмин. Анын ошондогу элеси көз, анан кыл калемдин учу менен гана көрө турган сулуулук эле. Полотного түшүрүлгөн ал сүрөттүн фону да бир укмуш болмок. Ал фон тетигинде шаңкайып турган Ала-Тоо, Ала-Тоонун этегиндеги Ысык-Көл болмок да, Ысык-Көлдүн алтын кумунда күнгө кактанып жаткан Шириндин ажары так ошол полотнодо чагылдырылмак...
- Сенин денең абыдан сонун күйүптүр, - дедим бир убакта. Ошондогу көз ирмемден тарта мен анын көңүлүнө жагар сөз издей баштадым.
- А биздикичи? - деди Айсанат.
- Ааламда баарыбыз эле чайыттай күндүн алдындабыз. А бирок Шириндин денеси кайсы күндүн нуруна мындай тегиз күйгөн? Араңардагы сулуунун сулуусун карагылачы…
Муну менен мен Шириндин сулуулугу башкаңардыкынан артык дегенге басым койгум келди. Баятан сыртка чыгаралбаган сезимимди билдирер арга таппаганымдан айттым.
- Үчөөбүз тең эле бир жумадан бери Чолпон-Атада чогуу эс алдык. Ширин түшкөн сууга, Ширин күйгөн күнгө биз деле күйдүк, - деген Назиранын сөзүн Айсанат да коштоп калды.
- Бул досумду байкаган эмес турбайсыңарбы. Мунубуз силер суудан чыгып келгенден бери Ширинден башка тегерегинен бир да жанды көргөн жок, - деген Боро абийримди таптакыр ачып салса болобу. Уялган кишиң курусун, жооп да табалбайт экенсиң. Чын эле башкаларды караган эмес окшойм. Боронун сөзүнө баары күлдү. Бир жагынан Назира менен Айсанат да:
- Көрдүк, көрдүк... - дешип, баятан берки кылыгымдан кармап алганына баары курсант. Мен да кызарып кетсем керек, Боро менен Татыга кудай берип салды. Алардын көзүнө ууру кылган кишидей, "жо... андай эмес" деп же тана алсамчы. Кармалдымбы, кармалдым. Бүттү. Тигилердин жарпын жазган мен болдум. Же туруп, басып кеталбайсың. "Жаагыңарды жапкыла!" деп кимисине айтам. Ширин турган үчүн тартындым да, болбосо Таты менен Борого көргүлүктү көрсөтөт элем. Башкаларынан да ыйбаа кылмак эмесмин, Ширинге зөөкүр көрүнгүм келбеди. Ага мен тигилерден өйдөрөк көрүнүш үчүн үндөгөнүм жок. Жөнсүз ыржаңкелигин карматкан адаштарыма теригемби. Анда "Ширинди тиктегеним жок" деп актангандай болбоймбу. Ичимден "мейли, кайра жакшы болду" дедим. Менин сыртка чыгаралбас сезимимди Шириндин эртерек туйганы да жаман эмес. Башка ишараттын эмне кереги бар. Айланадагылардын канчасынан кимдин сулуулугуна көз артканымды Ширин сезсе болду дедим ичимден.
Т
игилердин шарактап каткырганына Ширин анча кошулбай отурду. Айсанат менен Назирага караганда ал бираз оор салмактуу мүнөз күткөн жан экен. Курбуларынын кебине кулагынын сыртын салып, көл жакты тиктеп отурган ал бир убакта:
- Анын эмнеси бар экен? Байкеге жагып калсам, жагып калгандырмын. Караса карагандыр. Баятан бери мага да байкенин гана мүнөзү жакты.
Мына, мага болушуп, айтчу сөздүн баарын айтып салды. Мен да эми тигилерге кырданып сүйлөгөнгө өттүм:
- Булар ушу… Болор болбоско… Бирөөнү эле шылдыңдатып койсо…
- Байке, булар сиздин чынеле досторуңузбу? - деген суроосуна мен анча түшүнгөнүм жок.
- Эми, кандай десем… теңтушбуз. Баарыбыз ушул Тамчы айылында бирге чоңойгонбуз.
- Досторуңуз эмес... - Ширин муну менден тактап сурап аткандай болду.
- Менде дос жок.
- Ошондой… Мамилеңер достордукундай эмес экен дегеним да...
А
нгыча Таты менен Боро чөйчөктөргө дагы бир сыйрадан куюп тегеретти. Баарыбыз алдык. Ширин экөөбүздөн башкалары кайрадан сууга чумуганы жөнөштү. Башында Ширин экөөбүз бири-бирибизге үндөгөнүбүз жок. Мен көлгө чумугандардын арасындагы өзүбүздүн топтогуларга көз чаптырып, Ширин болсо сумкасынан алып чыккан сүрөттөргө тигилип отурган. Маанайына карасам, бираз мурдагыдай шайыр эмес, өзүнчө бир нерсеге бушайман кейиптенгенсийт.
- Ширин, эмне бир паста маанайың чөгүп? Кимибизге таарынып калдың?
- Эч кимге таарынганым жок, байке. Мага көңүл бурбаңыз. Мен өзүмчө сүрөттөрдү карап отуруп эле…
- Мен да көрсөм болобу?
Мага сүлгүнүн үстүндө жаткан сүрөттөрдү сунду. Анда Айсанат, Назира, Шириндин Чолпон-Атадан түшкөн сүрөттөрү экен. Сүрөттөр өңчөй көл боюнан тартылыптыр.
- Жакында эле түшкөн сүрөттөрүңөр окшойт?
- Ооба, кечөө биякка келерибизде алдык.
- Чолпон-Атада кандай экен, жактыбы?
- Жакты, бирок ал жакта эл көп. Мага ошонусу жаккан жок. А бул жерде эл азыраак үчүн пляж да таза, кыжы-кужу да жок…
С
үрөттөрдүн арасында чөгөлөп жаткан төөнүн үстүндө колуна наристе көтөргөн Шириндин сүрөтүнө көпкө тиктеп калганымдан, аны колуман ала койду. Аны сумкасынын ичине салып атып, өңү кумсара түшкөнүн байкадым. Негедир ал сүрөттү менин колуман кыжаалаттангансып тартып алды.
- Муну каяктан алдыңыз?!
- Колумдагы сүрөттөрдүн арасынан эле.
- Биякка кошкондой болгон эмес элем…
- Төө болгон үчүн көп сүрөттөрдүн арасынан мага негедир ушул жакты. Уулуң менен түшкөн сүрөт го дейм?..
- Уулум менен…
- Аты ким?
- Эрназар.
- Канча жашта?
- Эки жарым.
- Сага окшоштура алганым жок, атасына окшош го дейм…
- Атасына да, мага да окшош эмес.
- Анан кимге? - Ширин менен тамаша чалып сүйлөшкүм келгени жакпай калдыбы, сүрөттү менин колуман ала койгон мүнөттөн бери ал мага салкын мамилеге өттү.
- Башканы сүйлөшсөк болбойбу?
- Сен мага сүрөттөрдү көргөнүм үчүн таарынып калдыңбы?
Шириндин көздөрү жашылданып кетти.
- Бирдеңкени байкаган жоксузбу?
- Эч нерсе…
- Анан эмнеге сүрөттү көпкө тиктедиңиз?
- Төө минип түшкөнүңөр үчүн.
- Анын эмнеси бар экен?
- Төөнүн көз жашын көрдүңбү?
- Жок! - Ширин мага таңгалып карады.
- Менимче, тайлагын жоктогон төө болуш керек…
- Аны кантип билдиңиз?
- Кыргызда "ботодой боздоп" деген сөзгө маани бердиң беле?
- Жок.
- Бул ошо тайлагынан айрылган төө. Ыйласа керек байкуш, көздөрүнүн алдын жакшылап карачы, кургай элек экен.
Ширин сумкасын аңтарып, сүрөттү кайта алып чыкты. Бирок мага көрсөткүсү келбегендей, ордунан туруп, бираз четтеди.
- Байке, чын эле…
- Көрдүңбү? Ыйлап атыппы?
- Ыйлап аткан окшойт… Сиздин айтканыңыздан бир нерсени эми эстедим.
- Эмнени?
- Мен уулумду көтөрүп, төөнүн үстүнөн сүрөткө түшүп калганымдын себеби, элдин баары түшүп атыптыр. Аны ордунан тургузалбай, ээси аябай көпкө убара болду. Эмнеге турбай атканын сурасак, тайлагы өлүп калып, ошого турбай атат деген. А сиз сүрөтүнөн кантип баамдадыңыз?
- Баласы үчүн макулук жаныбарлардын ичинен эч бир жаныбар төөгө окшоп ыйлап, төөгө окшоп мөгдөбөйт.
- Муну кайдан билесиз?
- Бала кезимде биздин үйдө да төө бар болчу. Оюн салып жүргөн тайлагы бийик жардан кулап өлүп, ошондо төө жаныбар деле кадимки энеден бетер боздогонун өз көзүм менен көргөм. Ал эмес бир жума бою оозуна бир тал чөп албай, күнү-түнү боздоп ыйлаганы күнү бүгүнкүдөй эсимде. Алдагы сүрөттөгү төөнүн көзү да кудум ошол төөнүн армандуу көздөрүнө окшош экен. Азыр да көз алдымда элестеп турат. Сүрөттү апкелсең бери.

(Уландысы кийинки санда)



about | A Free CSS Template by RamblingSoul

9-март, 2012-жыл






??.??