Таанышуу жарыясы


Атактуу "Битлзды" артка таштаган

Адель


Америка үн жаздыруучу Академиясынын эң
абройлуу болгон "Гремми" сыйлыгын 54-жолку тапшыруу аземинде Адель деген ысым музыка асманында жаркырап жанды. 6 номинацияда сыйлыкка көрсөтүлгөн ырчы алтоон тең жеңип алды.

Анын 'Rolling in the Deep' деген композиициясы "Жылдын ыры", "Эң мыкты кыска музыкалык видео" деген наамдарга арзыса, "21" деген аталыштагы экинчи альбому "Жылдын альбому", "Мыкты вокалдык поп-альбом" болуп, 'Someone Like You' деген ыры "Эң мыкты аткаруучу" деген наамдарга татыктуу болду.
"Гремминин" тарыхында бул болуп көрбөгөн окуя эле. Атагы жаш жарган Адель былтыркы жылдын аягында тамагына жасаткан операциядан кийин эл алдына биринчи жолу чыгышы экен.
Көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып, музыка асманында жылдызы күтүүсүздөн жарк эткен Адель ким болчу?
Адель Лори Блу Эдкинс 1988-жылы 5-майда Лондондун түндүгүндө жайгашкан Энфилд шаарында төрөлгөн.
Үч жаштагы Аделди апасы британиялык рокерлердин концертине алып барат. Бул концерт кичинекей наристеге айтып бүткүс таасир берет.
Мектепти аяктаган соң Адель Кройдондогу аткаруу искусствосу мектебин 2006-жылы бүтүрүп чыгат. Ал жерде атагы таш жарган Эми Уайнхаус менен чогуу окуган.
Музыка олимпине кокустук алып келген
Бүтүрүүчүлөрү көбүнчө жылдыздар болуп чыккан мектепти аяктаса да, Адельдин музыка олимпине чыгышына кокустук себеп болгон. Анын досу интернетке анын аткаруусундагы үч композицияны жайгаштыргандан кийин ага "XL Recordings" үн жаздыруучу компаниясынын өкүлдөрү чыгышат.
Адельдин 2007-жылдын 22-октябрында чыккан биринчи эле ыры "Жуманын синглы" болуп калат.
Ошол эле жылы Британия боюнча биринчи турнесине аттанган Адель али альбому чыга элек ырчыларга берилүүчү "Brit Awards Critics' Choice Award" сыйлыгына арзыйт. Ырчынын жылдызы ушундан кийин жаркырап жанган.
2008-жылы 19 га толгон Адель "19" деген аталыштагы альбом чыгарып, анысы улуттук хит-параддын алдыңкы сабын ээлеп, бир айдан кийин 500 миң нуска менен кайрадан басылып чыгат.
Буга чейин музыка дүйнөсүндө белгисиз болуп келгендей сезилсе да Адель 2009-жылы "Гремми" сыйылын "Мыкты жаңы аткаруучу" номинациясында жеңип алган. Бирок, ал убакта Леди Гаганын жылдызы жанган маал эле.

Жеке жашоосу:
"Мен аны сүйөмүн..."
Өткөн жылы ырчы тамактын үн жолдоруна операция жасатканда анын жанында ашыгы Сеймон Конеки болуп, ырчыга дем-күч берип колдоп турган. "Мен эч качан жашоону мынчалык сүйгөн эмесмин. Эгерде жанымда ал болбогондо мен операция да жасатмак эмесмин. Ал мени толук түшүнөт жана кубаттайт. Менин жашоом акыркы он жуманын ичинде бүтүндөй өзгөрүлдү. Мен эч качан мынчалык бактылуу болгон эмесмин жана мен аны сүйөмүн", - дейт Адель сүйүүсү жөнүндө.
Ырчынын жүрөгүнө жол тапкан жигит Сеймон кайрымдуулук фондунун ээси, 36 жашта. Ал Адельден кыйла улуу болсо да, бул алардын сүйүүсүнө тоскоол болгон эмес.
"Гремми" сыйлыгын тапшыруу аземинде Адель музыкалык карьерасында тыныгуу жасаарын моюнга алган. "Мен эми жаңы "бактылуу" альбом жаздырууга убактым бар деп ойлойм. Эмне иш кыларымды билбесем да билгеним - турмушка чыгам, балалуу болом жана огороддо жашылча -жемиш тигемин" дейт жаңы жылдыз.
"Гремминин" эң абройлуу 6 сыйлыгын жеңип алган Адель атагы таш жарган Бейонсе менен теңтайлашып, легендарлуу " Битлз " ды ("Битл" бул сыйлыкты 4 аталышта утуп алган) басып өттү.
Тамекини дембе-дем соргон Аделдин бир аз кыркыраган мукам үнү дагы далай жүрөктөрдөн жай алары анык.
Назгүл Осмонова






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

9-март, 2012-жыл






??.??