Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Обон почта


ОП-208-01. Лейлек районундагы Катыраң айылындагы атам Абдраимов Таир Асановичти өтүп кеткен туулган күнү менен куттуктайм. Балаңыз Муратбек
ОП-208-02. Салам, "Обон!" Мен Ташматова Наргиза Исаковнаны 3-март туулган күнү менен куттуктайм. Сени сүйгөн адамды унутпай жүр! Рахмат сага! 0555957ххх
ОП-208-03. Мен кыргыз кыздарын жана жалпы аялдарды жаз майрамы менен куттуктайм. Элдияр 92
ОП-208-04. Урматтуу Кыргызстандык айымдар! Сиздердин 8-март майрамыңыздар менен куттуктайм! Ар дайым жүзүңүздөрдөн сүйүнүчтүн, кубанычтын нуру жанып турсун! Элиза
ОП-208-05. Салам, "Обонушка"! Менин саламым М. Догдуров атындагы мектептин 96-жылкы кыздарына жолдонот. Майрамыңар менен! Сырдуу жигит
ОП-208-06. Махабат назданганда сырын ачат,/ Махабат кулпанганда гүлүн ачат./ Махабат сагынганда алып барчу,/ Сүйүүмдү ар дайым арнап турам./ Нурадил
ОП-208-07. Салам, "Обон!" Менин саламым Эшперов айылындагы 96-жылкыларга жолдонот. 9-а, силер мыкты классыңар! Махабат
ОП-208-08. Салам! Менин саламым байкелерим Мирлан, Нурлан, эжелерим Аида Гүлнур, Жийдегүл жана жезделерим Сүйөрбек, Айдар, Мирбек жана жеңем Айданага жолдонот. Балдарына, кыздарына да салам. 0778910ххх
ОП-208-09. Салам, "Обон!" Макмал мектебинде окуган 6-а класска салам! Муса
ОП-208-10. Салам, "Обон!" Менин саламым сиздердин жалпы жамаатыңыздарга жана Жерүй айылынын тургуну Дастанга жолдонот. Дастан, бактылуу бол! Аселя
ОП-208-11. Эшик ачтым жүрөгүмдүн түбүнөн,/ Сүйүүң акпы, кардын аппак өзүнөн./ Эгер чындап сүйгөн болсоң өзүмдү,/ Катып алам сенин аппак сүйүүңдү./ 0779645ххх
ОП-208-12. Салам, менин саламым сүйгөн кызым Аруукеге жолдонот. Сени 8-март майрамың менен куттуктайм. Мирбек
ОП-208-13. А. Орозбеков мектебинин 8-б классында окуган Малика, азамат, Нурали, Фериде, Нурпери, Алмаз, Зари жана башкаларга ысык салам жолдойм. Зада
ОП-208-14. Салам, "Обон!" Обончулар, силердин катарыңарга кошулгум келет. Кабыл алгыла. Кадамжайлык кара каш
ОП-208-15. Салам, "Обон!" Нурлан Насипке чоң салам! Сизди сүйгөн күйөрман
ОП-208-16. Жүрөгүм ооруп турат. Уйку гана мени соорото алат. Күтүүдөн чарчадым. 0772942ххх
ОП-208-17. Сары-Челек айылындагы сүйүктүү курбуларым Бурулча, Айдана, Токтобүбү жана Нурзатты келе жаткан майрамы менен куттуктайм. Мен силерди жакшы көрөм. Айыке
ОП-208-18. Роза Аманованы 8-март майрамы менен куттуктайм. Сизге чын ден соолук, узун өмүр каалайм. Күйөрманыңыз Салтанат
ОП-208-19. Салам, "Обон" гезити! Менин атым Рабия. 1-май айылында жашап жаткан жигитим Сапарбекке салам жолдойм. 0777076ххх
ОП-208-20. Салам, "Обон!" Кыргыз элим бар болгула! Ысык -Көлдөн Акынбек
ОП-208-21. Салам! Таластагы А. Умарбеков атындагы мектепте окуган Мирбек кызы Акылайды туулган күнү менен куттуктайм. 0558565ххх
ОП-208-22. М. Догдуров атындагы мектепте окуп жаткан кымбатуу классташтарыма салам жолдойм. 9-а класс, Самара
ОП-208-23. Сезим, сени келе жаткан 8-март туулган күнүң менен чын дилимден куттуктайм. Маришка
ОП-208-24. Салам, "Обон!" Беловодский айылында жашаган жеңем Гүлбар, сиңдим Жибек, Алияны 8-март майрамы менен куттуктайм. Ошондой эле бардык эже- сиңдилерибизди майрамы менен куттуктайм. Сайдан, Гуму
ОП-208-25. Салам, "Обонтай!" Мен силерди сагындым. Саламым жалпы жамаатыңарга. Нуркызай
ОП-208-26. Салам! Бөкөмбаев айылынын Горький мектебине салам. 0772821ххх
ОП-208-27. Салам, "Обончик!" Саламым Кара-Сууга жолдонот. Өзгөчө Айжанатка. Борчик
ОП-208-28. Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Үч-Булак айылынын тургуну сиңдим Калбаева Розаны өтүп кеткен туулган күнү менен куттуктайм. Узак өмүр, чың ден соолук, бактылуу келечек каалайм. 38 жаштын дагы жүзүн жаша. 0773567ххх
ОП-208-29. Чимкенттеги Самат сизге арналат: Сагындым, кантип сезбейсиң?/ Сезээрсиң, сен да эстээрсиң./ Армандуу сүйүүм неге анда,/ Бир келип неге кетпейсиң?/ Оштон Жумагүл
ОП-208-30. Суусуз дарак буралбайт,/ Сенсиз досуң жүрө албайт. / Досуң менен бир жүрсөң,/ Кээ бир адам көрө албайт./ Эрнист
ОП-208-31. Жанымда турсаң жаркырап,/ Жаралуу сезим байкалат./ Жүрөктөн чыккан сырларым,/ Жаным бир сага арналат./ 0779933ххх
ОП-208-32. Саламым Ысык-Көл областынын Түп районунун Сары-Булуң айылына жолдонот. Рыся
ОП-208-33. Салам! Бөкөнбаев айылынын тургуну Нурланга салам! Алия
ОП-208-34. Салам, "Обон!" Мага Дориан Ли тууралуу маалымат берип коёсуздарбы? Салима
"Обондон" жооп: Дүйнөдөгү алгачкы супермодель наамын алган айым Дориан Ли 1917-жылы 23-апрелде Сан-Антониодо жарык дүйнөгө келген. Ошол мезгилдин эң көп каражат тапкан модели болгон.
ОП-208-35. Салам, "Обон!" Шамалды-Сайда жашаган апам Майрамды, кызым Айжанды, Баян сулууну, Оштогу сиңдим Аксананы жадыраган жаз айларындагы 8-март майрамы менен куттуктайм. Гуму
ОП-208-36. Салам, "Обон!" Менин саламым сүйүктүү ырчым Асель Кадырбековага жолдонот. Сизди жаркыраган жаз майрамы менен куттуктайм. Сизди жакшы көрөм. Ася 96
ОП-208-37. Салам, "Обон!" Тата Улан байкени көптөр патриот акын катары тааныйт. Бирок ал бизди даңктабай эле жаман жактарын ырдай берет. Сирена
ОП-208-38. Салам, "Обон!" Эжем Маликаны 15-март туулган күнү менен куттуктайм. Сизге узун өмүр жана чексиз бакыт каалайм. 0709890ххх
ОП-208-39. Гүлгө толсун ар бир баскан кадамың,/ Нурга толсун жайнап турган жамалың./ Сени сүйүп түбөлүккө бир болсун,/ Жүрөк сүйгөн кадырлаган адамың./ 0771933ххх
ОП-208-40. Энеме ушул ырды арнаймын,/ Энеме чың ден соолук каалаймын./ Ар дайым аман болуп эл ичинде./ Көтөрүлүп ачык болсун маанайың./ 0778419ххх
ОП-208-41. Жашоонун ачуусу бар таттуусу бар,/ Жаңылбай туура жолду тандап ал./ Канчалык туура жолду тандасаң да,/ Арасына ачуу күндөр кошулар. / Рыся
ОП-208-42. Укчу мени, өчкөн шамым жанбай турат,/ Өзүңсүз калбай дарман, калбай кубат./ Бир кездеги экөөбүз курган сепил,/ Калгансып мүдүрүлө эчак урап./ Укчу мени көзүм жашын тыйбай турат,/ Келет деген үмүттөн кыйбай турат./ Түн койнуна батып кеткен кайран жаным,/ Бул дүйнөдө сенсиз жан сыйбай турат./ Арман
ОП-208-43. Менин саламым алыскы Нарын шаарынын тургуну мамам Кенжебекова Гүлмирага жолдонот. Мама, сизге кааларым чың ден-соолук! Ар дайым биздин маңдайыбызда бар болуңуз. Сиз биздин ар убакта жарык берүүчү айыбызсыз. Майрамыңыз менен деп, уулунуз Эрлан
ОП-208-44. Салам, "Обон!" Мага Данияр Эрматов тууралуу маалымат берип коёсуздарбы? Сураныч. Мунара
ОП-208-45. Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну апабыз Кубатова Сабираны 8-март майрамы менен куттуктайбыз! Уул-кыз, неберелериңиздин урматын көрүп, балпайган бактылуу байбиче болуңуз! Бишкектен уулдарыңыз, келиниңиз жана неберелериңиз
ОП-208-46. Ант урсун, кусур урсун адамдарды,/ Адаммын деп айтууга чамаң барбы?/ Айнектей тунуктугун далилдеген,/ Айткылачы, арабызда адам барбы?/ Кадамжайлык кара каш
ОП-208-47. Салам, "Обон!" Досторум Айка, Тина жана Айдайды жаз майрамы менен куттуктайм! Силер менин бир өмүрлүк досторумсуңар. Сирена
ОП-208-48. Сагынам жаным сени сагынам,/ Карагаттай көздөрүңө багынам./ Сенсиз бир күн өтпөчүдөй сезилип,/ Карааныңа алыстасаң зарыгам./ Жей
ОП-208-49. Саламчик, достор! Мен жигитмин! Бирок кыздарга эмес жигиттерге жакынмын. Мени түшүнгөн адамдар аз. Эмне кылсам? Мен тагдырыма таарынып өзүмдүн өмүрүмө кол салып да көрдүм. Бирок мен аман калдым. Ойлоп калдым, кудайым мага жаңы жашоо береби деп. Мен да балким кийинчерээк аял затына ашык болуп калаттырмын. Макс
ОП-208-50. Зарина, Разия, Гүлбарчын, Махабат, Чопаны 8-март майрамы менен куттуктайм. Кымбат
ОП-208-51. Тай энем Асылкүлгө салам жолдойм. Кудайым жараттың айды, жерди,/ Адамга боорукериң барбы деги?/ Тай, тай басып талпынган бөбөктөрчө,/ Суранам бастырчы таенемди./ Фатима
ОП-208-52. Карап турсам карегиңде жалын бардай,/ Тиктеп турсам колунда калы бардай./ Ушул турган сезим үчүн от чачкан, Кыш эмес жүрөгүндө жазы бардай./ Ойлоп турсам кыялымда гүл өскөндөй,/ Сезип турсам сезимим күн өпкөндөй,/ Окуп турсам телмирип ырларың,/ Жаздын жыты аралап бир өткөндөй./ Алия
ОП-208-53. Мен ошондо сени ябай күткөн болчумун. Бирок келген жоксуң? Андан бери эки жыл өттү. Сүйүүнүн курманы болдум. Сени жөн гана жактырат болчумун. Сүйгөн эмесмин. Билем, сен азыр да мени сүйөөрүмдү. Мени кечирип кой!
ОП-208-54. Суктанбай байлыгы көп немеге,/ Ал дагы эле мага окшогон бир пенде./ Колдун кири байлык кетсе шашылып,/ Менменсинбей кошулушат жөн эле./ Мен суктанам жөнөкөй бир адамга,/ Калыс болгон жакшы менен жаманга./ Кызыкпаган бийликке да байлыкка,/ Кыйын күнгө кызмат кылган заманга./ Алла таала амирине суктанам,/ Акылына батып турган бүт аалам./ Аллах берип пендесине миң түркүн,/ А өзүнүн ысымына чаң жукпаган./0778193ххх
ОП-208-55. Салам, "Обон!" Менин саламым алтындай болгон апама. Апа, майрамыңыз менен! Мен сизди жакшы көрөм. 0778244ххх
ОП-208-56. Салам, "Обончик!" Менин саламым ырчы жигит Нурмат Садыровко жолдонот. Жаңы ырыңыз мага аябай жакты. Мира
ОП-208-57. Салам, "Обон!" Жастин Бибер жөнүндө маалымат берип койгулачы? Айгүл
"Обондон" жооп: Жастин Дрю Бибер 1994-жылы 1-мартта туулган. Элге желеге ырларын таркатып таанылган. 2008-жылы Скутер Браун желеден анын роликтерин көрүп калып, бирге иштешүүнү сунуштаган. Бүгүнкү күндө эң жаш Голливуд жылдыздарынын бири.
ОП-208-58. Достук урмат,/ Сүйүү кымбат./ Турмуш токой,/ Андан адашуу оңой./ 0773264ххх
ОП-208-59. Мейли эми, унутайын мен сизди,/ Мага келген сүйүү сизге келбеди./ Сүйдүм сизди деп зарданган жүрөгүм,/ Эмнелерди гана кылбады сезбедиңиз./ Назгүл
ОП-208-60. Сүйөм сени, жакшы көрөм баарынан,/ Баарынан да күлгөнүңдү сагынам./ Кантип анан экөөбүз бирге болбосок,/ Айла жоктон мен тагдырыма таарынам./ Мирбек
ОП-208-61. Мен сени сүйөрүмдү жашырам,/ Сүйөрүмдү эки ирээт кайталабайм./ Дүйнөдө сенден башка сүйгөнүм жок,/ Эч кирсиз ак сүйүүмдү сага арнайм./ Сирена
ОП-208-62. Көрбөсөм сени мындай болбос элем,/ Ойлонуп эч бир жанды койбос элем./ Укпасам карындашым сенин сүйөм, деген сөздөрүңдү,/ Мынча ойлонуп кыжалат болбос элем./ Анжели
ОП-208-63. Салам, "Обончик". Мен спортко абдан кызыгам. Спортчу Азамат Байматов менен сыр маек куруп бериңиздерчи сураныч. 0773650ххх
ОП-208-64. Салам! "Обон!" Мен сүйгөнүм Расулду туулган күнү менен куттуктайм! Ага тунук сүйүү каалайм. Жаның
ОП-208-65. Салам, "Обон!" Жаз майрамыңыздар менен! 0772283ххх
ОП-208-66. Апабыз Керимбаева Жумабүбүнү Эл аралык аялдардын күнү менен куттуктайбыз! Дасторконубуздун көркүн ачып, неберелериңиздин, уул-кыздарыңыздын жанында жадырап жайнап жүрө бериңиз! Бишкектен кыздарыңыз Махабат, Салтанат, Тынара, уулдарыңыз Максат, Талант жана күйөө балдарыңыз
ОП-208-67. Базар-Коргон районунун Уч-Булак айыныда жашаган 94- жылкыларга чоң салам. Досторум Гүлпери, Нурпери силер суперсиңер. 0778525ххх
ОП-208-68. Менин саламым Шеку байкеме, жеңе жана эрке кызы балдай ширин Айгеримге жолдонот. Байке, жеңе ар дайым бар болуңуздар, бактылуу болуңуздар. Айкеша, сен дагы балалыктын бактылуу күндөрүн өткөр жана ар дайым бар бол! Жанар ОП-208-69. Мен сүйүктүү ырчым Бактыгүл Бадыевага салам жолдойм. Ар дайым бар болуңуз. Кудайым сизди колдосун. Жанар
ОП-208-70. Менин саламым досторум Нуркага, Бахтиге жана Ырыска жолдонот. Гуля
ОП-208-71. Салам! Менин саламым досторум Айпери менен Айгеримге жолдонот. Силер менин эң сүйүктүү курбуларымсыңар. Силерди майрамыңар менен куттуктайм. Сумая
ОП-208-72. Салам, "Обон!" Урматтуу досум Жыпаргүл, сени кирип келе жаткан 8-март майрамың менен куттуктайм. Балпайган байбиченин бактылуу келини, жаш жигиттин сүйүктүү жубайы, мотурайган балдардын энеси, шок жигиттин сүйүктүү жеңеси бол. Пери
ОП-208-73. Жигитим Азиретке чоң салам! Мен сени сүйөм, алтыным. Аймира
ОП-208-74. Салам, "Обон!" Менин алгачкы саламым алтындай болгон ата-энеме жана бир туугандарыма. Алар ар дайым бар болушсун, бактылуу болушсун. Апам Бактыгүл, мен сизди аябай жакшы көрөм. Сиз дүйнөдөгү эң акылдуу, чыдамкай айымсыз . Сизди сагынып, Оштон кызыңыз Каныкей
ОП-208-75. Ынак Осмоналиев, Роза Аманова, Гүлнур Сатылганова чыныгы талант сиздерде! "Обон", сиздер мыктысыздар! 0778987ххх
ОП-208-76. Салам! Кыздар, байлыкка кызыкпагыла. Бай болобу, кедей болобу биринчиден чындап сүйгүлө. 0778987ххх
ОП-208-77. Сени сүйөм чын жүрөктөн ишенчи,/ Оңой чечтиң мойнумдагы кишенди./ Саргайган сагынычтан арылтып,/ Оордуна койдуң аппак сезимди./ Мадияр
ОП-208-78. Салам, "Обон!" Кыргызымдын патриот, намыскөй кыздарыны 8-март майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Көлдөгү Көк-Мойнок 1-ден Сабырбекова Нурзат
ОП-208-79. Макмал, жөжө майрамың менен! Ар дайым ушундай сонун мүнөзүң менен жүрө бер. Эгер мурункудай сүйүүбүз уланса, анда мен сени эч качан таарынтпайм. Аселя
ОП-208-80. Сүйөм деп ооз менен айтып канча кыздардын сүйүүсүн булгап жүргөндөр канча? Мен да бир баланын сөзүнө ишенип бактысыз болдум. Бир күн келип ал да өз жазаасын алаар. Бирок мен өмүр бою жараланган жүрөк менен жашамакчымын. Аида
ОП-208-81. Сагынган жүрөк от болуп жанабы,/ Жанып жүрүп кул болуп калабы./ Сагын, жаным бир сени,/ Күтөмүн келчи ардагым./ 0558005ххх
ОП-208-82. Бакыт неге окшоп кетет жарык күнгө,/ Таңда чыгып, күн батканда таралган./ Сүйүү неге окшоп кетет кызыл гүлгө,/ Жалгыз гана күтүү үчүн жаралган./ Айбек
ОП-208-83. Сагынуу, күтүү сүйүүбүзгө кайрадан жан берет деп ойлодум. Бирок жаңылышкан экенмин. Сенин жүрөгүң муз болуп тоңуп калган экен. Менин оттой жанган сүйүүм ойгото албады. Арман
ОП-208-84. Жаным, Амир! Сени келе жаткан 14-март туулагн күнүң менен куттуктайм. Сени сүйөм, мамалагым. Акылай
ОП-208-85. Досторум Ади, Мери, Айкаларды 8-март Эл аралык айымдардын майрамы менен куттуктайм. Сүйүүңөргө жеткиле. Мадина
ОП-208-86. Сагынганда эстейсиңби сен мени,/ Санааларга арбалып келгенимди./ Таарынганда эстейсиңби сен мени,/ Бир сен үчүн жанымды берээримди./ Жей
ОП-208-87. Кыргыз элимдин сулуу кыздарынын баарына салам жолдойм. Айрыкча Айымка сага. Бек
ОП-208-88. Менин саламым сүйүктүү ырчым Нурмат Садыровко жолдонот. Сиздин ырларыңыз менин жүрөгүмдүн түпкүрүнөн орун алды. Асема
ОП-208-89. Салам! Менин саламым Төмөнкү Аларча орто мектебинин жалпы мугалимдерине жана окуучуларына салам жолдойм. 0556438ххх
ОП-208-90. Чолпонай, мен сизди сүйөм. Сиздин ар бир ырыңызды кошо ырдап, сиз жанымда жүргөндөй элестете берем. Рамис
ОП-208-91. Сүйгөн кызым Алтымышова Нуржанды 8-март майрамы менен куттуктайм! Сага кааларым өчпөс сүйүү жана түгөнбөс бакыт! Жигитиң Кубатов Талант
ОП-208-92. Сагыныч жүрөгүмө батып кетти. Качан келесин менин ханзаадам. Сенин жомоктогудай байлыгың болбосо да мен сени сүйөм. Ата-энем каршы болсо да сени менен кетүүгө даярмын. Сагина
ОП-208-93. Менин саламым "Нон-Стоп" дуетине жолдонот. Сиздерди сүйгөн күйөрманыңар, Гуля
ОП-208-94. Салам, "Обон!" Мен "Келечек-Жаштар" уюмунун жалпы кыздарын жаз майрамы менен куттуктайм. Дайыма жаркырап- жайнап жүрө бергиле. Элибизди көтөрөбүз деген тилегиңер ишке ашсын. Айчүрөк
ОП-208-95. Менин саламым алтындай апам Бухабага жолдонот. Сизди абдан сагындым. Келишиңизди чыдамсыздык менен күтөм. Гүлү
ОП-208-96. Салам, "Обонушка". Мага Риана тууралуу маалымат берип койгулачы, сураныч. 0778514ххх
"Обондон" жооп: Кичи мекенинде экинчи Бейонс атка конгон ырчы Риана 1988-жылы 20-февралда Борбадос шаарчасында жарык дүйнөгө келген. 15-жашынан шоу бизнеске аралашып баштаган.
ОП-208-97. Салам, "Обон!" Эң жакын досум Нуржамалды 8-март жаз майрамы менен куттуктайм. Бакыт сени дайыма коштоп жүрсүн. Жашооңдо кыйынчылыктар аз болсун. Бема
ОП-208-98. Салам, достор! Мен Жк-1,2,3 группаларындагы курсташтарымды Эл аралык айымдардын күнү менен куттуктайм! Жаштыктын жакшы күндөрүн өткөргүлө. Сагина
ОП-208-99. Апам Алтымышова Батманы келип калган жаз майрамы менен куттуктап, жакындары менен бирге аман-эсен болуусун каалаймын деп Бишкектен кызыңыз Венера жана Назгүл
ОП-208-100. Мухамед, Аида, Сыймык - силер менин өмүрүмдөгү эң кымбат ысымдарсыңар. Ушуну унутпашыңарды каалайм. Мен силерди жакшы көрөм! Нази
ОП-208-101. Салам, "Обон!" Менин саламым апам Алтынайга жолдонот. Сиз менин жашоомдун мазмунусуз. Ар дайым бар болуңуз. Сизди 8-март айымдар күнү менен куттуктайм. Гуля
ОП-208-102. Жаз айында жаратканым жакшылыгын аябасын. Ар дайым ийгиликтер сени коштоп жүрсүн. Мира, майрамың менен! 0552463ххх






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

9-март, 2012-жыл






??.??