Алмазбек Райымкулов:

Динаранын айтууга оозуң барбаган айрым кылыктарын видеого тартып алгандар бар


Акыркы убактарда Кыргызстандын желегин АКШда желбиретип жүргөн боксчу Алмазбек Раимкулов жана Ассоль Молдакматованын интернет баракчасына чыккан романтикалуу сүрөттөрү чоң сенсацияга айланып, кызуу талкууну жаратып атат. Алмазбек Раимкулов аялы менен мындан бир жарым жыл мурун ажырашканын айтып актанса, экс-жеңебиз Динара анысын калпка чыгарып, Кыргызстанга апасынын жылдыгына гана келгендигин айтып атат. Анысы аз келгенсип, Алмазбек Раимкуловдун айтуусунда аялы Динара АКШда жүрүп 70 жаштагы чал менен сүйүшүп, ага тиймекчи болгондо Кыргызстанга салып жибергени тууралуу да айтты.

- Спортчулардын көбү кичинекей кезинде балдардан токмок жеп, кийин алардан өч алуу үчүн спортко баш оту менен кирип кетишкенин угуп жүрөм. Сиз кичинекей кезиңизде өзүңүз теңдүү балдарды токмокточу белеңиз же көп токмок жедиңиз беле?
- Кичинекей кезимде мени менен тең балдарга караганда абдан эле тың болчумун. Жети айымда эле басып кетиптирмин. Кичине чоңоюп, ойноп балдарга кошулуп калганда, алым жеткени менен мушташып, аларды урат элем. Алым жетпегендерди болсо согуп алып качып кетчүмүн. Өзүм да катуу чуркагандыктан, агаларым кууп мага жетпей калышчу. Ошентип токмок жебей чоңойгом.
- Негизи эле спортко канча жашыңыздан баштап кызыга баштагансыз?
- 9 жашымда баскетболго катышып жүргөм. 6-класска чейин баскетболго кызыгып жүрүп, 6-классты бүтүп, футболго болгон кызыгуум арта баштады. Футбол менен алты ай машыгып, эркин күрөшкө кирип кеттим. Эркин күрөш да жакпай калганынан жеңил атлетикага өтүп кеттим. Спорттун көп түрү менен машыгып, жакшы жыйынтык чыгаргам. Окуучулук кездеги грамоталарым үйдө сакталуу. Ал эми бокска 13 жашымда баргам. СССРдин спорт чебери Кален Асанов деген машыктыруучу агайга жазылып, бокс жагып калып, азыркы күнгө чейин бокс менен келе жатам.
- Рингге чыгаарда кандай ырым-жырымдарды колдоносуз?
- Рингге чыгаарда 3 мүнөт жалгыздыкта отуруп, Алла Тааладан колдоону, сактоону суранам. "Манас атабыздын күч-кубаты кошулсун, баатыр ата-бабаларыбыздай күчтүү, кубаттуу болоюн, Аллоху Акбар! Мен кыргызмын" - деп чыгам. Ошондо мага кадимкидей күч-кубат кошулганын сезем.
- Бокс жаатында эң жакын досуңуз ким?
- Бокс жаатында досторум абдан эле көп. Костя Цзю, ага-ини Кличколор, Рой Жонс Флойд Майвезер, Андрей Орловский, Чак Лейдел, Реннди Катур, Урайя Фебэр жана башка чемпиондор.
- АКШ жөнүндө эмнелерди айта аласыз?
- АКШнын колдоп, көтөргөнү жагат. Көрө албастык жок. Көтөрүлө турган спортчусун жакшы көтөрүшөт. Шоу көрсөтүүлөрүнөн да жакшы өнүгүшкөн. Бизде деле өнүксөк болот. Болгону, көрө албастык жана коррупцияны токтотуп аракеттенишибиз керек.
- Кыргызстандын намысын чет жерде коргоп келесиз. Биздин өкмөт тарабынан кандайдыр бир жардамдар болобу сизге?
- Дайыма кыргыздын, Ата-Журтубуздун даңкын, атын көтөрүп келе жатам. Бул мен кыргызмын деген жарандардын баарынын жүрөгүнө патриоттук дух берип, өзүбүздүн жерибизди колдоп, коргоо. Келечекте биздин жетекчилерибиздин аракети менен Ата-журтубуз көтөрүлүп, элибиздин ишеничтери акталат деп ойлойм.
- Кыргызстанды сагындыңызбы? Качан келейин деп атасыз?
- Ооба, албетте сагындым. Ата-Журтумду, элимди, жеримди, туугандарымды көрөйүн дегенде эки көзүм төрт болуп атат. Буюрса бул жактан топтогон тажрыйбам, билимим менен Кыргызстанга барып алгылыктуу иштерди жасайм. Кыргызстандын жаштарын көтөрөм деген жакшы максаттарым бар.
- Бир интервьюңузда кыргыз өкмөтүнөн тажап, эгер сизге дагы да ушундай көңүл кош мамиле кылса Азербайжан же Араб эмиратынын атынан чыгам дегендей айтыптырсыз. Азыр деле оюңуз ошол боюнчабы?
- Өкмөтүбүздүн адамдары кээде өзүбүздүн эле кыргыз жарандарга жакшы көңүл бурбаганына өкүнөм. Бирок, өлкөмдү, элимди башка улутка алмаштырууну каалабайм.
- Кыргызстандагы белгилүү каскадёр Алмазбек Райымкулов менен атыңыз да, фамилияңыз да окшош. Ал киши менен бетме-бет жолуктуңуз беле?
- Адашым менен сүйлөшүп, маалыматташып турабыз. Бирок, ушул убакка чейин бир да жолу бетме-бет жолугуп, сүйлөшүп көргөн эмесмин. Буюрса жолугуп, жакшы дос катары таанышкым бар. Мындай дал келүү көп боло бербейт. Ал дагы Кыргызстандын атын көтөрүп жүргөн чыгаан жигиттердин бири.
- Голливуддун кайсы жылдыздарына бокс боюнча сабак бересиз?
- Азырынча Голливуддун каскадёрлоруна сабак берем. Голливуд менен официалдуу келишим түзүп анан айтпасам. Ооз көптүрүп, Голливуддун жылдыздарына сабак берем деп айтып койсом соттоп салышы мүмкүн. Бул жакта сөзүң да, кылган ишиң да мыйзамдын гана чегинде болушу шарт.
- Сизге ар кандай жалаа жабышты, баңги колдонду деп да камашты. Азыр да андай учурлар болуп атабы?
- Ооба, менеджер, промоутерлерим келишимге кол койдуруу үчүн ар кандай жаман жумуштарды жасашты. Жалган жалаа жаап, баңги менен да отургузушту, алкоголь ичип авария болду деп да түрмөгө отургузушту. Бир эле мен эмес болушум керек. Майк Тайсонду да эмне деген гана кылмыштарды жасады дешщип түрмөгө отургузушкан. Кудайга шүгүр, менин акыл-эсим жайында. Ошондуктан, өзүмдүн ак экенимди далилдеш үчүн эки жылдан бери соттошуп жүрөм.
- Боксчулардын көбүнүн акылынан мурун колу иштеп кетет деп угам. Сиздики биринчи акылыңыз иштейби же колуңузбу?
- Спортчулардын арасында абдан акылдуусу да, акылы жогу да бар. Илими, билими күчтүү спортчу колунан мурун башын иштетет деп айта алам. А мен акылым менен иш кылгандыктан, биринчи акылым иштейт.
- Сүйүү мен күчтүүмүн деген адамды да алсыз кылып коёт. Сүйүүдө алсыз болгонсузбу?
- Эркекти бир эле сүйүү алсыз кыла албайт. Тескерисинче, ыймансыз, жалган сүйлөгөн аял гана эркектин тамырына жетет. "Жакшы аял жакшы эркекти хан кылат, жаман аял ханды жок кылат", - деген сөзгө эми ынанып отурам. Динарага рахмат, менин ишим тоого жүрүшү керек эле, башка жакка бурулуп, азыр элдин алдында кылган жакшы иштерим унутулуп, жамандап атышат. Динаранын менин атымды булгайм деген сөзү туура чыгып, ташым жерге кулап атат.
- Келинчегиңиз менен кантип таанышып калгансыз?
- Динара КТРде иштеп жүрүп, менден интервью алып калды. Экөөбүз таанышып, үйдүн телефон номерин сураганынан бергем. Ал үйгө телефон чалып, апам менен сүйлөшүп, жакындап, алдап койнуна кирип алгандан кийин мага ата-энем үйлөнүшүң керек уулум, - деп калды. Журналист кыз телефон чалып атат, жакшы кыз экен дешкенинен, менден эксклюзивдүү интервью алсын деп чакырткан болчумун. Анан дагы мүмкүн жагып калса үйлөнүп калаармын деп ойлодум. Үйдө чай ичип, кайра мейманканага жеткирип коём деп алып келсем, апам жоолук салып алып калды. Сүйүп, аны урматтоого аракет кылдым. Бирок, биринчи кызым Малика төрөлгөндө эле Динаранын өнөрлөрү чыга баштаган.
- Келинчегиңиз гезиттерге Алмаз мен Кыргызстанга кетип калганыма бир аз таарынып калды деп маек берген. Экөөңөрдүн ортоңордо эмне таарынычтар болду эле?
- Ажырашкандан кийин бөтөн жерде жаш балдар менен көчөдө калбасын, кайдагы бир америкалыктардын үйүнө барбасын деп, кайра үйгө киргизип алганбыз. Суранып, жалынып атып машинемди, акча бергем. Ажырашкандан кийин эки жакка чыгып, өз жашоосун башташы үчүн бергем ал акчаны.
Динара тууралуу тетир сөздөр жүрө баштаганынан, бул жактагы кыргыздардын алдында уят болуп, "Бул жакта 70 жаштагы миллионер чалдар менен адашып жүрө бербестен, Кыргызстанга барып жашооңду жаңы башта. Ширин наристелеримди да кыйнадың", - деп жөнөткөм. Экөөбүздүн ажырашканыбызга бир жылдан өтүп баратат. Ыйманы, акыл-эси жайында болсо ажырашпайт элем. Үй-бүлөмдү сактоого аябай аракет кылмакмын. Ата-энеме окшоп, бир үйлөнүп, бирге карып, чогуу бактылуу болгонду каалап, максат кылат элем. Бирок, Динаранын келген кези эле жалгандан башталган. 1984-жылкымын деп апамды алдап жүргөнү бир жылдан кийин билинип калды. Чыңгыз Шамшиевди тууганым деп жүргөн. Апам алардын бирге жашаганын, сүйүү күндөрүн бирге өткөргөн катын таап алды. Ал катын апам азыркыга чейин сактап жүрөт. Гезиттерге да маалыматтарды менден сурабай эле берчү. Ата-энеңди танда же мени танда деп айтты. Ата-энем үчөөбүздү көчөгө айдаган күндөр да болгон. Полиция чакырып, менин балдарымды уруп, оройлук кылып атат дегенин да көтөрдүм. Бул жакта аялдардын укугун жакшы коргошот. Анан балдарга айына 400 доллардан пособие беришет. Бекер тамак талондорун да берет. Ал акчаны алып жөн жашабай, оройлоно баштаган. Аны көргөн кыргыздар бизге боорлору ооруп, жаман болушту. Мындай аялдан кийин кыргыз кыздарынан түңүлүп да калдым. "Акча, бийлик, байлык үчүн сага тийгем. Балдарымды сага жакындатпайм" - деп мага сөз берген.
- Балдарыңыз эмне болот?
- Балдарым менин бул дүйнөдө тапкан байлыгым, бактым, менин шириндерим! Улуу кызым Малика Райымкулова 3 жашта. Менин бокста мушташып аткан видеолорумду көрүп, аябай сүйүнүп, секирип ойноп, мени да соккулап калчу. Андан кийинки уулум Эрназар бир жарым жашта. Мен аны көтөрүп, эки жакка ыргытып, бир колума көтөрүп алып чуркаганымды жактырчу, менин кулунум! Бирок, энесинин балдарымды менден ажыратуу максаты бар экени өкүндүрөт. Мындай акылсыз энеси менен кандай өсүшөт деп көп ойлоном. Эгер балдарыман ажыратса…
- Жакында эле Facebook баракчасында Ассоль Молдокматова менен түшкөн романтикалык сүрөттөрүңөргө күбө болдук. Бул сүрөттөр эмнени айтат?
- Ассоль экөөбүз жакшы мамиледебиз. Бирок, экөөбүздүн сүрөтүбүз чыккандан бери жамандап жазып атышып жүрөгүмдү оорутушту. Ушунчалык жаман болдукпу?! Же жакшы сүйлөө же жазуу үчүн сөзсүз түрдө өлүп калуу керекпи? Ассолду урматтайм, Кыргызстандын желегин чет жерде көтөрүп, элибиздин атын чыгарып жүрөт. Эл адамынын жеке жашоосун эмес, эллине тийгизген, элине кылган эмгегин, аракетин карап баалоо керек.
- Экөөңөрдүн ортоңордо мурунтан бери эле жакшы мамиле бар беле?
- Ассоль экөөбүз мен ажырашкандан бери сүйлөшүп жүрчүбүз.
- Ассоль айым абдан назик эмеспи, сиздей болгон чымыр денелүү мырзага назик айымдар жагабы?
- Мага түшүнүктүү, ыймандуу, акыл-эси жайында, эркектин сөзүн эки кылбаган кыздар жагат. Эгер Динарада ушул сапаттардын бирөөсү гана болгондо ажырашпайт элем.
- Аялым менен ажырашканыма бир жыл болду деп жазыптырсыз. Эми жарымыңызды го тааптырсыз, үйлөнүү үлпөт тоюн качанкыга пландап жатасыздар?
- качан үйлөнөрүмдү бир Кудай билет. Буюрса, эмки турмушуман адашпаганга аракет кылам. Эми кыргыз кызына үйлөнөмүнбү, кудай билет?..
- Кайын эне, кайнатага ийкемдүү беле? Келиндик милдетин кандай өтөдү?
- Атам менен апама чай да куюп берчү эмес, Сенсиреп сүйлөп, үйгө киргизбей полиция чакырып, көчөгө айдап жиберчү. Менин боштугумду пайдаланды окшойт. Америкалык кыргыздын баары таңгалышып, Динаранын акылга сыйбаган жиндилик, ыймансыз жоругун өз көздөрү менен көргөндөрү да бар. Ал турмак Динаранын айтууга оозуң барбаган айрым кылыктарын телефонго, видеого тартып алгандар бар. Мен АКШдан каалаган улуттагы, каалаган кызга үйлөнө алат болчумун. Бирок, өзүбүздүн кыргыздын кыздарына үйлөнгүм келген. Ата-энем да Динаранын журналисттик ыкмасына салып жомоктогудай жазган каттарына ишенип, ушул жакшы кыз, кыргыз кыз деп убагында катуу каалашкан эле. Эми не дейин, кыңыр иш кырк жылда билинет болуп, жашырууга болбогон сырлар ачыкка чыкты. Болгону башы аман болсун. Кандай болгон күндө да менин балдарымдын энеси. Болгону бул нерселер мага турмуштук сабактыр, арзыбаган тагдырымдын бир үзүмү болду окшойт.
Төлөбүбү Касымалиева






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

9-март, 2012-жыл






??.??