Таанышуу жарыясы


Р.Отунбаева "дүйнөнү өзгөрткөн 150 каарман аялдардын" тизмесине кирди
"The Newsweek" журналы Кыргызстандын экс-Президенти Роза Отунбаеваны "дүйнөнү өзгөрткөн 150 каарман аялдардын" тизмесине киргизди.
Дүйнөдөгү "150 каарман аялдын" тизмесине саясатчы, укук коргоочу, журналист, жазуучу, спорт жана ишкерлик тармактарында өзгөчө из калтырган аялдар кирет. Алардын сабында АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон, Германиянын канцлери Ангела Меркель, америкалык тележурналист Опра Уинфри, Либериянын президенти Эллен Сирлиф, кино жылдыздар Анжелина Жоли жана Мэрил Стрип бар. КМШ өлкөлөрүнөн укук коргоочу Светлана Ганнушкина, тайманбас журналист Маша Гессене, белгилүү опералык ырчы Анна Нетребко аталган тизмеде.

Атамбаевдин жылдык кирешеси 1,2 млн сом
Алмазбек Атамбаев 2011-жылдагы кирешелери тууралуу декларация тапшырды.
Ага ылайык, Президенттин кирешеси 1 миллион 213 миң сом деп эсептелди. Маалыматка ылайык, Алмазбек Атамбаевдин 100 миң долларлык үйү, 3 миллион долларлык жер тилкеси, 2 миллион долларлык өндүрүштүк имараты бар. Жер тилкеси менен өндүрүштүк имарат ишенимдүү башкарууга берилген. Мындан тышкары, Президенттин эки транспорттук унаасы менен 18 миллион сомдук ар кыл кыймылдуу мүлкү бар. Кыргыз Президентинин туугандарынын кирешеси болсо 89,6 миң долларды түздү. Ал эми өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун кирешеси 879 миң сом болсо, туугандарынын кирешеси 12 миллион сомдон ашкан. Парламент спикери Асылбек Жээнбековдун 2011-жылдагы кирешеси 2 миллион 800 миң сомдон жогору деп эсептелди.

И.Өмүркуловдун уулу
7 жылга кесилди
Автокырсык боюнча айыпталган Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Өмүркулов 7 жылга кесилип, бирок 2 жылдык сыноо мөөнөтү менен шарттуу эркинен ажыратылды. Азамат Өмүркулов эки жыл көзөмөл алдында болот. Эгер эки жылдын ичинде эч кандай мыйзамды бузбаса, жаза токтотулат. Мыйзам бузуп алса, 7 жыл эркинен ажыраткан чечим күчүнө кирет.
Былтыр август айында Ысык-Көл - Бишкек жолунда унаа кырсыгынан үч адам каза таап, ага Азамат Өмүркулов күнөөлүү экени тергөөдө аныкталган. 24-ноябрда Токмок шаардык соту айыпталуучуга жабыркагандардын доосу жоктугун негиз кылып ишти токтоткон болчу. Бул коомчулукта кызуу талкуу жараткандыктан Бишкек мэри мындан көп өтпөй атайын билдирүү жасап, уулунун ишин кайра кароону талап кылган. Натыйжада соттук иш кайра жанданган.

Алай районунун акими 110 жашка келген Тажикан апаны март майрамы менен куттуктады
Алай райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Таалайбек Сарыбашов Коңур-Дөбө айыл округунун Арпа-Тектир айылындагы 110 жашка чыккан Көңүлова Тажикан энени 8-март майрамы менен куттуктады. Район жетекчиси 110 жашка чыккан энеге ак элечек тартуулап, калган өмүрүнүн да балдарынын алдында таттуу тилектер менен өткөрүшүн тилек кылып, белектерин тапшырды.
110 жашка чыгып калган эне жөнүндө райондун акими элдик жыйын өткөрүп жатканда билген. Өз колу менен энеге белек даярдады. Райондун акиминин мындай камкордугуна сүйүнүшкөн анын балдары Шамаев Амат менен келини Бүбандар ыраазычылык сөздөрүн айтышты. Эненин ушул мезгилде 9 небере, 9 чебере жана кыбырасы бар.

Ахмат Бакиевди бийлик өзү качырдыбы?
Экс-президенттин бир тууган иниси Ахмат Бакиевдин качып кеткени тууралуу маалымат чагылгандай тарады. Билгендер анын ооруанадан чыккан боюнча куйрук түйгөнүн сөз ылышууда.
Бийлик ушундан да саясат жасап, "биз издөөгө бердик, кармалат", -оюнун баштап ийди. Курманбекке, Жанышка, Максимге алы жетпеген бийлик алардын эң жөнөкөйүн торго түшүрүп, канча жылдан бери төш кагып мактанып келе жаткан. Ошентип жүрүп эле бир күнү карашса, Ахматтан дайын жок имиш. Кантип качты, ким жардам берди? А мүмкүн бийлик өзү буга жол бергендир? Ошончо мактанышкандан кийин жакшылап кайтарышпайт беле?
Бишкектеги №6-оорукананын башкы дарыгери Кушайбек Исмаиловдун айтымында, А.Бакиев 6-февралда эле дарыланып бүтүп, чыгарылыптыр. А Жаза аткаруу кызматы Ахматты 3-мартта №35-колониянын кызматкерлеринен дал ушул ооруканадан качып кеткенин айтууда. Баш дарыгердин билдирүүсүнөн кийин гана булар расмий түрдө Ахматтын жеке менчик клиникадан изин жашырганын айтып чыкты. Айтор, кимисине ишенериңди да билбейсиң.


"Дордой" футбол клубу АФК президентинин кубогунда Камбоджа, Непал жана Бутан командалары менен ойнойт
Кыргызстандын "Дордой" футбол клубу Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президентинин кубогунда Камбоджа, Непал жана Бутан командалары менен ойнойт.
Белгилүү болгондой, Бишкектин "Дордой" клубу 2011-жылы Кыргызстандын чемпиону болгон. Аталган футбол клубу АФК президентинин кубогунда "В" тобунда ойнойт. Топтун алкагында Камбоджанын "Пномпень Краун", Непалдын "Непал Полис Клаб" жана Бутандын "Йедзин" клубдары менен беттешет. Таймаштын "А" жана "С" топтору боюнча беттешүүлөр Пакистанда жана Тажикистанда өткөрүлөт. Топтор арасындагы беттешүүлөр 3-майдан 13-майга чейин өтсө, Кубоктун финалы 24-сентябрдан 30-сентябрга чейин болот.




about | A Free CSS Template by RamblingSoul

9-март, 2012-жыл






??.??