Кенже Кубатова:

Аял экенимди, адам экенимди абышкама турмушка чыкканда билдим


- Кенже эже, көптөн бери сахнадан көрүнбөйсүз. Бишкекке каттабай калганыңызга караганда Кочкор аябай жаккан го?
- Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу, эки кызымды удаа-удаасы менен төрөп, беш -алты жылдай үйдө отуруп калдым да. Улуу кызым төрттөн бешке, кичүүсү үчтөн төрткө карады. Эми кайрадан аз-аздан келип, чакырган концерттерине катышып атам. Кочкор районунун Молдобасан Мусулманкулов атындагы музыкалык балдар мектебинде мугалим болуп иштейм. Бул жактан барганда эле киргем. Ал мектепке мугалим болуп кирип, азыркыга чейин балдарга сабак берип келем.
- Ырчылар ырдамайын тура албайт эмеспи. Шаардан четте жүрүп, сахнаны сагынгандырсыз?
- Алты жыл бою таптакыр сахнага чыкпай калган жокмун. Эки кызымды төрөгөндүн ортосунда чет мамлекетке барып келип аттым. Мурдагы "Теңир-Тоо" фольклордук ансамбли менен чет мамлекеттерде гастролдо жүрүп аттым. Ара-чолодо Францияга, Аравияга, Кытайга, Тажикстанга барып келдим.
- Канча жашыңыздан бери комуз менен кошо жүрөсүз?
- Өзүмдүн атам комуз чертчү. Убагында А.Малдыбаев, Фере, Власовдор атамдан экзамен алганда Москвадагы музыкалык окуу жайга өтүп кетиптир. Бир үйдүн жалгыз уулу болгондуктан бара албай калган экен. Ошондон кийин атам чыгармачылыкты аркалабай, өмүр бою чабан болду. Мен төртүнчү класстан баштап комуз менен кошо жүрөм. Талант мага атаман да, тай жактарыман да берилди десем болот. Өзүм Таластын жээни болом, таекелеримдин баары таланттуу адамдар болгон экен. Анарбай деген болуш жашаптыр, ошонун небересинин кызымын. Комузду чертип калганга чейин катуу оорудум. Бир жолу комузумдун капкагы сынып калып, өзүбүз жайлоого көчүп аткан маал болчу. Комузду устага оңдотконго таштап коёюн, анан оңдогондон кийин алып барып берет деп атам мага түшүндүрүп атат. Мен болсо, комуз калып калса өлүп калчудай болуп өңгүрөп ыйлап атам. Буркурап отуруп, араң дегенде таштадым. Комузум келгичекти саргайып ооруп, төшөккө жатып калдым. Ошондо гана түшүнүп, айылдан комузду тез алдыртышты.
- Сиз көптөргө акыл-насаатыңызды айтып, устат болуп жүрөсүз. Сизге акыл айткан устатыңыз ким?
- Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып мени окуткан устатым Улукмырза Полотовго чоң ыраазычылыгымды билдирем. Барган жеримде устатым жөнүндө сурап калышканда, сыймыктануу, мактануу менен КРнын эл артисти, Улуттук консерваториянын профессору Улукмырза Полотов деп айтып келем. Агайдан он жыл сабак алдым. А кишинин болгон жакшы сапаттарын колдон келишинче өзүмө сиңирдим. Өзү окуткан балдары мугалимин тартканга аракет кылат. 2011-жылы агайыбыздын кечесин бербедикпи. Төрт жүздөй бала тарбиялаптыр. Бардыгында агайдын кайсы бир сапаттары бар.
- Саясатты сасык дегендей эле чыгармачылык чөйрөнү, анын ичинен шоу дүйнөсүн ыплас, интрига күчтүү болуп кетти деп жаман жактарын айтып жүрүшөт.
- Мен шоу-бизнеске аралашкан жокмун. Шоу-бизнести Кочкорго көчүп баргандан кийин угуп калдым. Бизде комуз менен ырдагандар "шоу" дегенди билчү эмес элек. Интрига, ушак сөздөр болбой койбойт. Гезиттерге жазылган ушак сөздөр артисттердин жашоосуна бир топ таасирин тийгизет. Бизде деле интрига болсо болот чыгаар. Бирок, өзүм бирөөнү ушактабагандан кийин, мен жөнүндө айткан сөздөргө маани деле бербейм. "Абышкага тийиптир, аракеч болуп кетиптир", - деп ушактагандарга "Эмне себептен ошону айтты болду экен?" - деп таң калам. Андай эмес экенин эл өзү деле билип калды. Апыртып-жапыртып айтып, кудайдын алдында күнөөгө баткандарды түшүнө албайм.
- Чыгармачылык менен ооруп, чыгармачылык менен жашап келесиз. Жүрөгүңүздөн түнөк тапкан кайсы чыгарма?
- " Апакебай " деген ырды ырдагам. Азыркыга чейин ошол чыгарманы жакшы көрөм. Ал эми " Алымкан " менин визиттик баракчам болуп калды. Мен студияга киргенден баштап агай ошону үйрөткөн. Он жыл бою үйрөтүп чыкты. Күнүгө ырдасаң, күндө жаңы. Ыр дүйнөсүнүн, чыгармачылыктын түбүнө жеткен эч ким жок дегенден улам билем. Он жыл бою " Алымканды " окуп, үйрөнүп, азыркыга чейин түбүнө жете элекмин.
- Ырчылардын үнү маанайына жараша болот дегендерди угуп калам. Кандай учурда жакшы ырдайсыз?
- Кубанганга караганда маанайым чөгүңкү тартып турган убакта жакшы ырдайм. Башынан эле бизди үндү кантип бапестеш керек экенине үйрөткөн. Мектепти бир жыл эрте бүтүп калдым. Бул жакка келгенде аябай арык, кичинекей кыз элем. Мени аябай эле кичинекей кыз экен, мектепти бүтпөй барган го деп, ишенбей атып филармониянын астындагы студияга араң алышкан. Багым бар экен, Улукмырза агайдын колуна түшүп калдым. Анан жарым жылга жетпей эле үнүм ачылып кетти.
- Кичинекей кезиңиздеги кайсы кыял-жоругуңуз, мүнөзүңүз ушул күнгө чейин сакталып калды?
- Мүнөзүм кичинекей кезимде кандай болсо, азыр андан ашынып эле кетпесе ошол эле боюнча калды. Абдан эрке, ызакор, ыйлаак, эч бир иш кылбаган жалкоо, анан урушчаак болчумун. Азыр деле жалкоомун. Ыраматылык Кубат чоң атам мени аябай жаман көрөөр эле. Менин басканымды, турган турпатымды жаман көрүп, оокат кылбайт, ырайы бир шумдук, кызга окшоп чоюлганды билбейт деп эле жүрчү. Мен кичинекей кезимен эле ырайы суук болдум. Концертке чыгып боёнуп, элге татынакай көрүнүп атканым болбосо, өзүмдү ырайы сууктардын катарына кошом.
- Эми сөздү жеке жашооңузга бурсак. Зайнидин агайга кандайча баш кошуп калгансыз?
- Алдыңа кетип калайын ай, ушул суроо жаман тажатат да. Абышкага эмнеге тийдиң эле? - деп чукулап эле турасыңар. Бул да болсо бешенеме жазылган тагдыр. Мен майдалап айтпайм. Маңдайыма жазганы деп билем. Экөөбүздүн жашаганыбызга быйыл жетинчи жыл болот. Кеч болсо да бактымды таап алганыма аябай сүйүнөм. Азыр мен абдан бактылуу аялмын. Аны сөз менен жеткире албайм. Мурдагы жашоо, кийинки жашоо деп албетте эл билгиси келет. Ортодо ажырашуу болгондон кийин түшүнүш керек. Жөндөн жөн эле ажырашпайт да. Демек, бир нерсе болгон. Аны майдалап эмне кереги бар? Элдер "Кантип эле ошо менен жашап жүргөндө бир бактылуу убагы болбоптур? Болгон ай!" - деп чыгышы ыктымал. Болсо болгондур, бирок мен абышкама жолукканы бардык нерсени унуттум. Мен аял экенимди, адам экенимди, сулуу экенимди да ушу кишиге келгенде билдим.
Төлөбүбү Касымалиева





about | A Free CSS Template by RamblingSoul

9-март, 2012-жыл






??.??