Жаратман

Дооронбек менен түшүмдө кадимкидей сүйлөшөм


Белгилүү кинорежиссер Дооронбек Садырбаев тирүү болсо, быйыл 72 жашка чыкмак. 1940-жылы 13-февралда Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Апыртаң айылында туулган. 70 ке жакын документалдык, 16 көркөм фильмдин, 8 китептин жана 700 гө жакын публицистикалык басылмалардын автору. Бир катар эл аралык деңгээлдеги телевизиондук кинолорду тарткан. Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген ишмери, КР нын Баатыры, Кыргызстандын эл артисти жана "Манас" орденинин кавалери. 2008- жылы 28- майда көз жумган. Бүгүнкү күндө ал туулган айыл өкмөтү Дооронбек Садырбаевдин атында, Ноокен районунун борборунда эстелиги орнотулган, көчөлөргө жана мектепке аты ыйгарылган. Биздин бүгүнкү коногубуз Дооронбек агайдын өмүрлүк жары Сонун Көлбаева.

- Дооронбек агайдын үй-бүлөсү тууралуу сөз баштасаңыз?
- Үй-бүлөсүндө алты бир тууган эле. Атасы эки аял алгандыктан улуу аялынан 2 кыз, 1 уул, кичүү аялынан дагы 2 кыз, 1 уулдуу болгон. Дооронбек 5 кыздан кийин төрөлүптүр. 3 кызы кичинекейинде каза болуп, 2 кызы калган экен. Атасы башкарма болуп иштеп жүрүп, 45 жашында каза болгон. Ал убакта Дооронбек 14 жашта. Андан кийин апасы каза болуп, Доорошту чоң энеси баккан. Аябай эркелетип, алаканына салып жүрүп караган дейт. Экинчи апасынан төрөлгөн балдарды Доорош аябай жакшы көрчү. "Биз атабызды көрүп, эркелеп, эстеп калдык. Инилерим кичинекей кезинен атасынан айрылып, эстей алышпай калды" деп көп айтар эле. Алардын эң улуусу беш жашта, андан кийинкиси бир жарым, эң кичүүсү болсо алты айында калган экен. Аларды атасындай мээримин төгүп карады. Менин да жакшы мамиле кылуумду суранар эле. Кичүү апасы бөлүнүп кеткенде, бардык үй-бүлө чачылып, баары ар тарапка кетишиптир. Жадагалса, бир короону экиге бөлүшүптүр. Ушундай жашоосун айтып берсе ошол мезгилде түшүнүүгө аракет кылганым менен, түшүнгөн эмес экенмин. Доорош көз жумуп кеткенде гана түшүнүп олтурам. Себеби түштүктүн салты боюнча, өлүм чыккан үйдөн баарын бөлүп кетишет экен.
- Экөөңүздөр кандайча табышып калдыңыздар эле?
- 1959-жылы мединститутка тапшырдым. Ал жердин комсомол комитетинде театрлык ийримдерге же хорго катышууну талап кылышты. Болбосо стипендия берилбей же жатаканада жашай албастыгымды айтышты. Ошентип, театралдык ийримди тандадым. Мен ийримге барсам жалаң эркек балдар олтурат. Жетекчиси жок экен. Үчүнчү күнү барсам жетекчиси келиптир. Көзүмө укмуш сулуу көрүндү, аябай сүрдөп чыктым. Менден "эмне кылганды билесиң?" деп сурады. Мен "эч нерсе кылганды билбейм" десем күлүп, "оку" деп бир текстти берди. Сүрдөп турган жаным окуп бүткөнчө тердеп чыктым, өзүмдү жоготуп кое жаздадым. Анан мага Райхан Шүкүрбековдун чыгармасынан койчу Саадаттын ролун бөлүп берип, үч айдан кийин даярданып келүүмдү айтты. Биринчи жолу ошондо Дооронбек менен тааныштым.
- Дооронбек агайга болгон сүйүү сезимиңиз качан пайда болгон?
- Ойлоп көрсөм ошол биринчи көргөн күнү эле сүйүп калыптырмын. Чогуу жашаган кыздарга Дооронбекти жактырып калганым тууралуу айтып калсам, алардын баары эле, "ой, ал кыз жандуу эркек, анын кыздары толтура" деп ичимди суутушту. Бул сөздү укканда "ал жигитке жолобойм" деп өзүмө-өзүм сөз бердим. Бирок таптакыр эле оюмдан кетпей койду. Мен жашаган жатаканада жалаң гана кыздар жашачу. Жигиттердин аягы тыйылчу эмес. Менин көзүмө Дооронбектен башка эч ким көрүнчү эмес. Ошентип, үч айдан кийин 28-майда бардым. Үч күн спектакль койдук. Зал толтура болду. Мен ошондо залдагы толгон кишиден эмес, бир гана Докештен сүрдөп жаттым. Ошол мезгилде Докеш 20 же 21 жашта болчу.
- Ал эми Дооронбек агайдын сизге болгон сүйүүсүн качан байкай алдыңыз?
- Ошол эле жылы Нарынга спектакль коюп барып калдык. Ошол мезгилде мага абдан жакшы мамиле кылып жүрдү. Мен аны туура эмес түшүнүп албас үчүн, "мен кыздардын арасында эң кичинекейи болгондуктан, мага ушундай мамиле жасап жатат" деп өзүмдү-өзүм алдачу элем. Бирок чын эле мени ошол убакта жакшы көрүп жүргөн экен. Себеби биз ал жактан кайта турган мезгил келип, эртең кетебиз деген күнү "мага турмушка чыгасыңбы?" деп менин колумду сураган. Мен үчүнчү курста окуп жаткан учурум эле. Ошондо менин курбу кызым "Дооронбек сени шаарга барганда таштап кетет" деп оюмду бузуп жатты. Дооронбекти катуу сүйгөндүктөн макулдугумду бердим. Таштап кеткен учурда да тием деп ойлодум. Ал мезгилде бир күн эмес, бир саат болсо да Дооронбектин жанында жүргөндү каалачу элем. Шаарга келип бир жылдай сүйлөшүп жүрүп, 1993-жылы баш коштук. Доорош атасы өлгөндөн кийин сегиз жыл өткөндөн кийин үйлөндү. Ал мезгилде алардын жашоо шарты бир аз начар болгон экен. Менин үй-бүлөмдүн оокат-ашы тың, башкарманын кызы болчумун. Ошол себептен менден уялып, бирок болгон шартын барын ачык эле айтып алып кеткен. Келин болуп барганда жашоо шартын көрдүм. Чын эле абдан эски үйдө жашашат экен. Үйдүн ичинде бир кара кийизден башка эч нерсе жок. Дубалын оюп, төшөк-жуурканын жыйып коюптур. Кошунасынан туш кийиз сурап келип мага көшөгө кылып илген.
- Кызганчаак белеңиз?
- Мен абдан кызганчаакмын. Бирок Дооронбек мага кызганганга жол берген жок. Ушунчалык түз жүргөн киши болгондуктан эч качан күмөн санаган жокмун. Анын артынан түрдүү ушак сөздөр айтылчу эле. Бирок бир да жолу башка аял менен жүрүптүр деген же ушул сыяктуу ушак сөз уккан жокмун. Менин бактылуу жашап жатканымды көрө албагандар толтура болчу. Эгерде бир эле жолу кыйшык басса мага жетмек. Доорош мени абдан кызганды. Мага кээде айтып калчу: "эгерде бир жолу эле кыйшык басканыңды уксам, мойнуңдагы күрөө тамырыңдан ичип алам" деп коркутчу. (күлүп)
- Эмне себептен 4-курска келгенде окуусун өз каалоосу менен таштап кеткен?
- Себеби шартыбызга жараша болду. Ачыгын айтсам ачкачылыктан, өз каалоосу менен окуусун таштоого туура келди. Анткени, ал убакта биздин окууга эмес нанга тыйыныбыз жок болчу. Мени башка бирөөгө тийип кетет деп коркуп, кой десем болбой эрте үйлөнүп алды.
- Үй-бүлө болгондон кийин казан-аяк кагылышат дегендей, бири-бириңиздерге таарынышкан учурлар болсо керек?
- Бир да жолу жаман сөз менен айткан эмес. Жакпай калган нерсе болсо, жөн гана үнүн бийик чыгарып, мени сүрдүү көзү менен карап койчу. Ошол эле мага жетиштүү болгон. Бир жолу мен жаткан жерге неберем келип, мени жүдөтүп жибергенинен күтүүсүз жерден чаап алдым. Ошондо мага келип аябай теригип сүйлөнгөнү эсимде. "Күчүң ушул кичинекей балага жетип калдыбы?" деп айтканы жүрөгүмө тийген. Ошондон кийин "экинчи андай кылбайм" деп кечирим сураган элем.
- Балаңыз тууралуу айтсаңыз?
- Эмнегедир көп жыл боюмда болбой, баладан аксап жүрдүк. Көпкө чейин төрөбөсөм да мага эч ким, эч нерсе деп айткан жок. Апасы да, эжелери да төрөбөй жүргөндүгүм тууралуу бир ооз сөз айтышкан жок. Менимче Доорон сүйлөшүп койсо керек. 35 жашка келгенде зарыгып жүрүп Зарылбекти төрөдүм. Азыр кудайга шүгүр, үч неберем бар.
- Депутаттыкка кандайча барып калды?
- 1993-жылы "Кайран Эл" деген кинону тарткандан кийин жумушунан бошоп кетти. Андан кийин саясатка аралашып калды. Эл үчүн күйүп-бышып, таза жана ак иштеп берди. Турцияда иштеп жүргөн убагында Кыргызстанга кайтып келбей эле коелу деп сурансам да элим үчүн кызмат кылуум керек деп кайрадан кайтып келген.
- Кыргыздын салты боюнча канча убакыт аза күттүңүз?
Үч жыл бою сыртка чыкпай үйдө олтурдум. Тойлорго эмес, жамандыктарга да бара алган жокмун.
- Түшүңүзгө киреби?
- Түшүмө кирмек тургай, түшүмдө кадимкидей сүйлөшөм. Дайыма түшүмдө менин жашоомдо боло турган нерселердин баарына аян берип турат. Бир нерсеге кыжаалаттанып, капа болсом сөзсүз кирет. Өлгөн жылы күндө түшүмө кирчү. Бир жолу бир документти таппай койдук. Түшүмдө ошол кагазды издеп жатсам мага келип, ушул кишиден сура деп айтты. Айткандай эле чалсам, ал документ чын эле ошол кишиде экен. Бир күнү чогуу иштешкен Аня деген досу үйгө келе турган болгон. Мен ал келгенче уктап кетиптирмин. Ошондо Доорош түшүмө кирип, кадимкидей эле бутумдун баш бармагынан кармап, "тур, Аня келе жатат" деп айтты. Тура калсам эле эшик чырылдап, Аня келип калды. Мен үчүн Доорош тирүү жана менин жүрөгүмдө жашап келет.
Нурелла ЖАРКУЛОВА






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

9-март, 2012-жыл






??.??