Махабат:

Кайнежеме өчөшүп,


баламды өлтүрдүм


Темир тордун артында айтылбаган канча деген тагдырлар жатат. Канчалар ичинен күйүп, болгон үнү менен кыйкырып, адилеттик издеп, кылган ишине өкүнүп, акыры тагдырына баш ийип, берилген жаза мөөнөтүн өтөп отурушат. Мына ошондой кыз-келиндердин арасында Махабат да отурат. Махабат бул жакка өзүнүн канынан жаралган ымыркайын өлтүрүп түшкөн экен. Анда сөз башынан болсун.

Күйөөм көп деле иччү эмес
Өзүм Баткен облусунан болом. Атым Мунара. 25 жаштамын. Окууну бүтөөрүм менен эле Алайлык өзүмөн төрт жаш улуу Эрнест (аты өзгөрүлдү) аттуу баланын ата-энеси биздин үйгө куда түшүп келип, сөйкө салып алып кетишкен. Башында баары эле жакшы боло берет экен. Өзүм айылда чоңойгондуктан, бардык үй жумуштарын жакшы эле аткарчумун. Үйгө кирип аялдын, сыртка чыгып эркектин ишин кылып унчукпай жүрдүм. Күйөөм деле башкалардын күйөөсүндөй болуп, өтө аша чаап ичпей жакшы эле жашап жүрдү.
Баары кайнежемдин
айынан болду
Нуркан деген кайнежем, аялыңды кетир, мен башка аял алып берем деп мага өчөшүп туруп алды. Мен келин болуп баргандан эле кайнежеме жакпай калгам. Кайнене, кайнатамдар мага жылуу мамиле кылганы болбосо, жаман сапаттары жок эле. Менин ар бир кылган ишимен кынтык таап атышты. Жаңы үйгө төрөп барсам, күйөөмдүн кулагынын кужурун алып, "Колунан эч балээ келбеген немени кетир, андай аялдын сексенин алып берем" - деп мен төрөп келгенден баштап чыр чыгарып отурду. Баламдын кыркы чыга электе эле кайнежемдин ит кыялына чыдабай, баламды көтөрүп алып үйгө келе бердим.
Баламды арыктагы сууга ыргыттым
Өзүмдүн ата-энем иштебейт. Үйгө баламды көтөрүп келип, бир жума боло электе эле оюма ар нерсе келип, көөдөнүмдөгү букту чыгарып, кайындарыман өч алгым келип жүрдү. Бирок, кантип алардан өч алуунун жолун таппай жүрдүм. Бир күнү балам катуу ыйлаганынан жиним келип, биздин айылдын четиндеги арыктагы сууга көтөрүп баратканымды бир билем. Андан кийин өзүмдү жоготуп коюптурмун. Көзүмдү ачсам үйдө жатам, милиция кызматкерлери колума кишен салып атыптыр.
Апам мени менен кошо
15 жылга соттолду
Апамды болсо, "Кызыңдын баласын өлтүрүп атса, эмнеге унчуккан жоксуң?" - деп мени менен кошо он беш жылга соттошту. Күйөөм жактан эч ким арыз жазган жок. Он күндөн кийин өкүмүбүздү колго берип соттоп жиберишти. Сотко аларды чакыртсак, келишкен жок. Азыр туугандарыбыздын баары тетири карап кетишкен. Үйдөн бир адам да келбейт. Көнүп да калдым.
Баламды өлтүргөнүмө
аябай өкүнөм
Бул жакка келгенде кыялым аябай өзгөрдү. Жашоомдо чоң сабак болду окшойт. Мурун жиним тез келип, оюма эмне келсе ошону кыла бермей адатым бар болчу. Бул жакка келгени токтолуп, ойлуу болуп калдым. Азыр баламды өз колум менен өлтүргөнүмө аябай өкүнөм. Жер иштетип акча табам. Айлыгыбыз 770 сом. Ошол акча менен жан сактап келебиз. Буюрса түрмөдөн чыккандан кийин баарын жаңы барактан баштап, кетирген катамды экинчи кайталабайм.
Төлөбүбү
Касымалиева



about | A Free CSS Template by RamblingSoul

9-март, 2012-жыл






??.??