Кыз-келиндер күнүмдүк жумуштары менен көп алаксып, кээ бир майда иштерге көңүл бура беришпейт. Майда бирок, түйшүктү талап кылган кээ бир иштер боюнча төмөнкү кеңештерге көңүл буруңуздар.

Туура үтүктөгөндү үйрөнүңүз
Үтүктөө алдында үтүктүн таманынын тазалыгын, анын өтө ысып кетпегенин текшерип алуу керек. Ал үчүн үтүк менен кургак пахта кездемесин үтүктөп көрүү керек. Үтүктүн таманы кир болуп кетсе, нашатырь спиртине чыланган кебез менен сүртүп, андан кийин үтүктү ысытып алып, нымдуу пахта чүпүрөгүн үтүктөп көрүү керек. Эгерде сиз шым үтүктөй турган болсоңуз, уксус кошулган сууга нымдалган чүпүрөк аркылуу үтүктөсөңүз, изи оңой менен тарабайт. Ошондой эле шымдын ичине кургак самын сүртүп, ал эми сыртынан ным чүпүрөк аркылуу үтүктөсө дагы анын изи көпкө чейин сакталат. Пахта кездемесинен тигилген буюмдардын оңой үтүктөлүшү үчүн - аларды алдын ала ысык сууга нымдалган түктүү сүлгүгө ороп коюу керек.

Үйдөгү курт-кумурскаларга
каршы күрөшүү
Таракандан кутулуу үчүн жыттуу ромашканын кадимки эле аптекаларда сатылганынан же терип алуу менен , полго жана керебет, үстөлдөрдүн алдына сээп койсо, алар бул жытты көтөрө албагандыктан качып жоголушат. Ал эми жол жээктеринде өсүүчү кадимки танацетум (пижма) деген чөптөн курт-кумурсканын бары качышат, ал өлтүрө албаса дагы, тигилер үчүн жыты өтө жагымсыз келет.


Үйдө өстүрүлгөн гүлдүн пайдасы жана зыяндуулугу
Кээ бир адамдар гүлдүн жалбырагы көмүр кычкылтегинин газын бөлүп чыгаргандыктан организмге зыяны бар деп эсептешет. Чындыгында эле бүткүл өсүмдүк аттуу түнкү дем алуу учурунда бул газды бөлүп чыгарат. Бирок ал ушунчалык аз санда болгондуктан, организмге кенедей деле зыяны жок. Ошондой болсо да чоң идиштерге өскөн бир нече чоң өсүмдүктөр бөлмөнүн нымдуулугун күчөтүп жибериши мүмкүн. Ал эми кээ бир үй өсүмдүктөрү менен өтө сак мамиле жасоого туура келет. Маселен, кээ бир гүлдөрдүн маңызы абдан уулу болот. Эгерде үйдө ушундай гүлдөр боло турган болсо, анын жалбырагы менен гүлүнө кол тийгизбөө керек.


Тишиңизди туура сактаңыз
"Тишиң барда таш чайна, тишиң түшүп калган соң таш эмес сага аш кайда" дейт кыргыз элинин макалында. Ал эми бузулуп, түшө баштаганда тиш күлгөндө адамдын жүзүн эле бузуп көрсөтпөстөн, толгон оорулардын очогу экендигин жакшы билебиз. Адамдардын арасында өтө кенен таралган тиш оорусу -кариес менен парадантоз. Ага каршы күрөшүүнүн эң натыйжалуу жолу, албетте бала кезден ооздун ичин, тишти күнүгө тамак ичкенден кийин жууп, тазалап туруу.


Бут тердегенде же сөөл
чыкканда...
Жаңгак дарагынын жалбырактары ар кандай курт-кумурскаларды жоготууга, тери ооруларына, сырткы жараттарга, бетке, тамакка, эринге, кулакка суук тийгенде пайдаланылат. Дагы бир өзгөчөлүгү кол-бут тердегенде анын кайнатылган суусуна жууп жүрсө, терчилдиги жоголот.
Дегинкиси жаңгактын сыры өтө көп, алсак; колго, бутка чыккан сөөлдү, тиш ооруну айыктырат, чачтын түшүшүнүн алдын алууда да пайдалуу таасирин тийгизет.

Бермет шөкөттөрүн сактаңыз
Бермет-табигый болобу, жасалма болобу, негизгиси аны чийилип калуудан сактоо үчүн аны жумшак чүпүрөккө ороп, өзүнчө кармоого туура келет. Ошондой эле аны кез-кез баркут менен сүртүп туруу талап кылынат. Ал эми табигый берметтин шурусун жыл сайын кайрадан тизип чыгуу керек.


Мунара Шопокова