Шоу жаңылыктары


Тынай Алыбаев Көркөм Кеңештин мүчөсү Жамийла Муратованын
ырын ырдайт
Акыркы учурда кино тармагында башкы ролду чеберчилик менен жаратууда көптөгөн ийгиликтерге жетишти көрүнөт. Бир кезде "Инсан" деген топту дүңгүрөткөн да ушул мырза болчу. Сөздүн төркүнү Тынай Алыбаевге таандык экендигин баамдап жатсаңыздар керек окурман. " Жамила Муратова эжекебиздин "Если веришь в любовь" аттуу ырын жаздырдым" деди эстрада ырчысы Тынай Алыбаев бизге маалымдаган жаңылыгында.


Тойгонбаева кызына арнап ыр чыгарды
Жаз келгенде кезигүүлөр көп болчу эле, андан четтебей КРнын эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева да "Кезигем сага" деген чыгармасын жаратты. Аталган ырдын обону Райхан Бейшеналиевага тишелүү экен. " Р.Кубатбекова мага "Кызыма" аттуу жаңы ыр жазып берди. Азыр ошол ырдын үстүнөн иштеп, элиме тартуулаганы турам"-дейт сүйүнүчтүү кабары менен тең бөлүшкөн ырчы эжекебиз Гүлнара.


Каныкей Түркиядагы
фестивалга барат
Кыргыз эстрадасынын көрүнүктүү ырчысы Каныкейдин талантына таазим кылгандар көп. Нооруз майрамына арналган мусулман өлкөлөрдүн башын бириктирген Түркиядагы "TURKSOI JAMAATI" уюму уюштурган фестивалга катышканы Кыргызстандан Каныкей барат. Фестиваль 17-31-март күндөрүнүн аралыгында болот. Кыргыз кызы Каныкейге ийгилик каалайбыз.


Азамат Россияга кино койгону
узап жатат
"Аят" деген тасмасы менен элдин оозуна илинип калган актёр жигитибиз Азамат Арыков эми буйруса "Аят- 2" кино тасмасын Россиянын бардык кинотеатрларында мекендештерибизге коюп келгени узаган атат. Иши ийгиликтүү аяктап, мекенине кайтып келген соң "Жашоо бир келет" деген жаңы кино тартканы жатам дейт актёр жигит.


Бегиш бир эмес эки клипти
тартып бүтүрдү
Ырчы Бегиш "Сенин досуң Бегишбек" жана "Жалгызым" деген ыр жазды деп гезитибиздин мындан мурунку санында жарыялаган элек. Бегиш эми ошол ырларына клип тартып бүттү. Азыр монтаждоо иштери болуп жатат. Биринчи ырынын клиби студияда тартылса, экинчи ырынын клиби шаарыбызда ар кайсы түйүндөрдөн сюжет болуп чагылдырылды. Баса белгилеп айтсак клипке режиссёрлук кылган Бегиштин продюсери Мирлан Саткынбаев өзү.


Назира Бердигулова абактагы айымдарга киносун көрсөтүп келди
Айымдардын майрамында жаш актриса жана теле алып баруучу кыз Назира Бердигулова Степное айылындагы аялдардын абагына барып өзү башкы ролду ойногон "Мен сүйгөн карагат" аттуу тасмасын көрсөтүп келди. Кино көрсөтүп эле тим болбостон, Чубак Ажы, Эрнест Абдыжапаров, Бек Борбиев жана Улукбек Кочкоровдор демөөрчүлүк кылып, абактагы айымдарга керектүү белектерди алышкан экен, алардын аманатын аткарып кыз-келиндерди белеги менен сүйүнтүп да келди.


Назик жакында эне болот
Чимириле бийлеген "Назик"бийчилер тобунун жетекчиси Назик жакында көз жарат. "УЗИге барып түшсөм кыз деп айтышты. Кызбы же уул болобу билбейм, ушул айдын аягында көз жарам. Болочоктогу ымыркайыбыздын ысымын чоң таенеси койсун деп жолдошум экөөбүз ойлонуп жатабыз"-дейт, бийчи жана жакында эне статусуна ээ болом деп турган Назик .


Лутфиллага келинчеги өзүнө куюп койгондой окшош уул төрөп берди
"10-март түнү саат ондон өткөндөн кийин келинчегимдин толгоосу катуулай баштаганда бейтапканага барганбыз. Бактыма сүйүктүү жубайым уул төрөп берди. Уулум 3кг, 20г салмак менен жарыкка келди. Балам өзүмө куюп койгондой окшош. Кашы, көзү, оозу жада калса ыйлаганы да кудум эле өзүмө окшош. Уулума Кутманали деген ысым ыйгардык "- дейт ата болгон эстрада ырчысы Лутфилла .


Жылдыз Абдыкерим кызы






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

13-март, 2012-жыл






??.??